Даниел 1:1—21

1  Жүйүт падышасы Жаякимдин+ башкаруусунун үчүнчү жылында Бабыл падышасы Небухаданасар Иерусалимге келип, аны курчоого алды+.  Жахаба Жүйүт падышасы Жаякимди анын колуна салып берди+. Небухаданасар чыныгы Кудайдын үйүнө таандык буюмдардын айрымдарын+ Шынар жериндеги+ кудайынын үйүнө, кудайынын казынасына алып барды+.  Анан падыша ак сарай кызматчыларынын+ башчысы Ашпеназга Ысрайыл уулдарынын кээ бирлерин, падыша тукумунан жана тектүүлөрдүн тукумунан чыккандарды+,  эч кандай кемтиги жок+, келбеттүү, акылдуу+, билимдүү, зээндүү+, падышанын ак сарайында кызмат кылууга жарай турган уландарды алып келүүнү+, аларга каздимдиктердин жазуусу менен тилин үйрөтүүнү буйрук кылды.  Падыша аларга күн сайын өзү жеген тамактан+, өзү ичкен шараптан берип турууну, аларды үч жыл окутуп, падышага кызмат кылууга үйрөтүүнү буйрук кылды.  Алардын арасында Жүйүт уулдарынан Даниел+, Ханания, Мишаел, Азария+ да бар эле.  Ак сарай кызматчыларынын башчысы аларга башка ат койду+. Даниелди Белтешатсар+, Хананияны Шадрах, Мишаелди Мешах, Азарияны Абетнего+ деп атады.  Бирок Даниел жүрөгүндө падышанын тамагы, шарабы менен арамдалбоону чечти+. Арамдалбаш үчүн+ ак сарай кызматчыларынын башчысына кайра-кайра кайрылып жатты.  Ошондо чыныгы Кудай ак сарай кызматчыларынын башчысына Даниелге мээримдүүлүк, кайрымдуулук көрсөтүүгө түрткү берди+. 10  Ак сарай кызматчыларынын башчысы Даниелге: «Мен силерге тамак-аш берүүнү буйрук кылган мырзаман, падышаман, корком+. Өзүңөр курактуу балдардан айырмаланып, өңүңөрдүн азып кеткенин көрсө, эмне дейт? Мен падышамдын алдында айыптуу болбоймбу?!» — деди. 11  Ошондо Даниел ак сарай кызматчыларынын башчысы+ тарабынан өзүнүн, Хананиянын, Мишаелдин жана Азариянын үстүнөн дайындалган кишиге кайрылып, мындай деди: 12  «Суранам, кулдарыңызды он күн сынап көрүңүз. Бизге жегенге жашылча+, ичкенге суу беришсин. 13  Ошондон кийин биздин өңүбүз менен падышанын тамагынан жеп жүргөн балдардын өңүн салыштырып көрүңүз. Анан кулдарыңызга өзүңүз билгендей мамиле кылыңыз». 14  Акыры ал киши алардын айтканына көнүп, он күн сынап көрдү. 15  Он күндөн кийин алар падышанын тамагынан жеген уландардын баарына караганда өңдүү, келишимдүү болуп калышты+. 16  Ошондо тиги киши падышанын тамагы менен шарабын алып калып, аларга жашылча берип жатты+. 17  Чыныгы Кудай төрт уланга ар кандай китептерди түшүнүүгө жөндөмдүүлүк, акылмандык, билим берди+. Даниел болсо ар кандай аяндарды түшүнүп, түштөрдү жоруй алчу+. 18  Берилген күндөр аяктап, падышанын буйругу боюнча+ уландарды анын алдына алып барар убак келгенде, ак сарай кызматчыларынын башчысы аларды Небухаданасарга алып барды. 19  Падыша алар менен сүйлөшкөндө, уландардын арасынан Даниел, Ханания, Мишаел, Азарияларга+ тең келген эч ким болгон жок. Ошондон тартып алар падышага кызмат кылып калышты+. 20  Падыша акылмандык менен түшүнүктү+ талап кылган иштер боюнча эмнени сурабасын, ал төртөөнүн анын бүт падышалыгындагы сыйкырчылык кылган дин кызматчылар менен+ көзү ачыктардын+ баарынан он эсе жогору экенин көрдү. 21  Даниел Кореш* падышанын биринчи жылына чейин ошол жерде калды+.

Шилтемелер

Кир II (Улуу Кир).