Даниел 4:1—37

4  «Небухаданасар падыша жер жүзүндөгү бардык элдерге, улуттарга, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөргө+: тынчтыгыңар арта берсин+.  Мен Эң Жогорку Кудайдын өзүмө көрсөткөн жышаандары менен кереметтерин жарыя кылууну туура көрдүм+.  Анын жышаандары улуу, кереметтери эбегейсиз зор!+ Падышалыгы — түбөлүк падышалык+; ал муундан муунга бийлик жүргүзөт+.  Мен, Небухаданасар, үйүмдө тынч жашап+, ак сарайымда жашоонун жыргалына батып жүргөм+.  Ошондо түш көрүп, үрөйүм учту+. Төшөгүмдө жатканда көрүнгөн элестер, аяндар мени коркунучка салды+.  Түшүмдү жоруп берсин деп, мен Бабылдын бардык акылмандарын алып келүүнү буйрук кылдым+.  Ошондо сыйкырчылык кылган дин кызматчылар, көзү ачыктар, каздимдиктер+, астрологдор+ келишти. Мен аларга түшүмдү айтып бердим, бирок алар аны жоруй алышкан жок+.  Акырында мага кудайымдын+ урматына Белтешатсар деп аталган+, ичинде ыйык кудайлардын руху бар+ Даниел келди. Мен ага түшүмдү айтып бердим:  „Оо, Белтешатсар, сыйкырчылык кылган дин кызматчылардын башчысы!+ Сенде ыйык кудайлардын руху бар экенин+, сен ача албай турган бир да сыр жок экенин жакшы билем+. Мага түшүмдө көргөн аяндарды айтып, жоруп бер+. 10  Төшөгүмдө жатканда аян аркылуу+ жердин ортосунда турган абдан бийик+ даракты+ көрдүм. 11  Ал өсүп отуруп, кубаттуу болуп, бийиктиги асманга жетти, ошондуктан жердин учу-кыйырынан көрүнүп турду+. 12  Анын жалбырактары кооз, жемиши мол болуп, баарына азык берет экен. Түбүнө талаа жаныбарлары+ көлөкөлөп+, бутактарына асман канаттуулары корголоп+, андан бардык тирүү жандар азыктанат экен. 13  Төшөгүмдө жатканда аян аркылуу дагы буларды көрдүм: асмандан сакчы*+, ыйык бирөө+, түшүп келатыптыр. 14  Ал катуу үн менен мындай деди: “Даракты кыйып+, бутактарын бутап салгыла. Жалбырактарын күбүп, жемишин чачып жибергиле. Түбүндөгү жаныбарлар качып, бутактарындагы канаттуулар учуп кетсин+. 15  Бирок дүмүрүн жерде, талаа чөптөрүнүн арасында калтыргыла, ага темир жана жез алкак кийгизгиле. Ал асман шүүдүрүмү менен сугарылсын, талаа өсүмдүктөрүнүн арасында жаныбарларга үлүштөш болсун+. 16  Андан адамдын жүрөгү алынып, жаныбардын жүрөгү берилсин+. Анан жети мезгил+ өтсүн. 17  Тирүүлөр Эң Жогорку Кудайдын адамзат падышалыгынын Башкаруучусу экенин+, аны кимге бергиси келсе, ошого берерин+ жана тактыга адамдардын арасынан эң төмөн турганын отургузарын+ түшүнүшү үчүн, сакчылар+ ушундай буйрук, ыйыктар ушундай чечим чыгарышты”. 18  Мен, Небухаданасар падыша, ушундай түш көрдүм. Эми сен, Белтешатсар, түшүмдү жоруп бер, анткени аны падышалыгымдагы акылмандардын бири да жоруп бере алган жок+. Сен болсо жоруй аласың, анткени сенде ыйык кудайлардын руху бар“+. 19  Ошондо Белтешатсар+ деген да аты бар Даниел бир азга нес болуп туруп калды, ойлорунан улам үрөйү учту+. Падыша: „Оо, Белтешатсар, түш менен анын мааниси үрөйүңдү учурбасын“,— деди+. Белтешатсар мындай деп жооп берди: „Оо, мырзам, бул түштү сизди жек көргөндөр көрүп, аткарылышы душмандарыңыздын башына түшсө кана+. 20  Сиз көргөн дарак, өсүп отуруп, кубаттуу болгон, бийиктиги асманга жетип, бүт жер жүзүнө көрүнгөн+, 21  жалбырактары кооз, жемиши мол болуп, баарына азык берген, түбүндө талаа жаныбарлары жашап, бутактарына асман канаттуулары коргологон дарак+ 22  сизсиз, оо, падыша+. Анткени сиз өсүп, кубаттуу болдуңуз, даражаңыз көтөрүлүп отуруп, асманга+, бийлигиңиз жердин учу-кыйырына жетти+. 23  Падыша асмандан түшүп келаткан сакчыны, ыйык бирөөнү+, көрдү. Ал: “Даракты кыйып, жок кылгыла. Бирок дүмүрүн жерде, талаа чөптөрүнүн арасында калтыргыла, ага темир жана жез алкак кийгизгиле. Ага асман шүүдүрүмү суу болсун, жети мезгил өткөнчө+, талаа өсүмдүктөрүнүн арасында жаныбарларга үлүштөш болсун”,— деди. 24  Оо, падыша, түштүн мааниси+, Эң Жогорку Кудайдын+ мырзама, падышама, каршы чыгарган буйругу мындай+: 25  сизди адамдардын арасынан кууп жиберишет, сиз талаа жаныбарлары менен жашайсыз+, букаларга окшоп, чөп жейсиз+, асман шүүдүрүмү сизге суу болот, сиз Эң Жогорку Кудайдын адамзат падышалыгынын Башкаруучусу экенин+, аны кимге бергиси келсе, ошого берерин түшүнгөнчө+, жети мезгил өтөт+. 26  Дарактын дүмүрүн калтырыш керектиги айтылгандыктан+, асманда Кудай бийлик жүргүзөрүн түшүнгөнүңүздө+, падышалыгыңыз өзүңүзгө кайтарылып берилет. 27  Ошондуктан, оо, падыша, кеңешимди эп көрүңүз+, адил иштер аркылуу күнөөлөрүңүздөн арылыңыз+, жакырларга кайрымдуулук кылып+, адилетсиздиктен баш тартыңыз. Ошондо жашоонун жыргалын дагы көпкө көрөрсүз“»+. 28  Ушунун баары Небухаданасар падышанын башына түштү+. 29  Он эки айдан кийин ал Бабылдагы ак сарайынын үстүндө ары-бери басып жүргөн. 30  Ошондо падыша+: «Падышанын үйү болсун, улуулугум даңазалансын деп+, кудурет-күчүм менен өзүм курган Улуу Бабыл ушул эмеспи!» — деди+. 31  Падыша сөзүн айтып бүтө электе, асмандан үн угулду: «Оо, Небухаданасар падыша, сага мындай деп айтылат: „Сенден падышалык алынды+, 32  сени адамдардын арасынан кууп жиберишет, сен талаа жаныбарлары менен жашайсың+, букаларга окшоп, чөп жейсиң. Эң Жогорку Кудайдын адамзат падышалыгынын Башкаруучусу экенин, аны кимге бергиси келсе, ошого берерин түшүнгөнүңчө+, жети мезгил өтөт“». 33  Небухаданасарга айтылган сөздөр ошол замат+ аткарылды. Аны адамдардын арасынан кууп жиберишти, ал, букаларга окшоп, чөп жей баштады, денеси асман шүүдүрүмү менен сугарылып турду, чачы бүркүттүн канат жүнүндөй, тырмактары куштун тырмактарындай болуп өсүп чыкты+. 34  «Ошол күндөр өткөндөн кийин+, мен, Небухаданасар, асманды караганымда+, акыл-эсим өзүмө кайтып келди. Ошондо Эң Жогорку Кудайды алкадым+, Түбөлүк Жашаганды даңктап-мактадым+, анткени анын бийлиги — түбөлүк бийлик; ал муундан муунга падышалык кылат+. 35  Жерде жашагандардын баары эч нерсеге арзыбайт+. Ал асман аскерлерине да, жерде жашагандарга да өз эркине ылайык мамиле кылат+. Анын колуна тоскоолдук кыла ала турган же ага: „Эмне кылып жатасың?“+ — дей ала турган эч ким жок+. 36  Ошол учурда акыл-эсим өзүмө кайтып келди, падышалыгымдын даңкына кайрадан ээ болушум үчүн, улуулугум менен көркүм да кайтып келди+. Жогорку даражалуу ак сарай кызматчыларым менен төрөлөрүм мени издей башташты, мен кайрадан падышалык тактыма отурдум, улуулугума улуулук кошулду+. 37  Эми мен, Небухаданасар, асман Падышасын+ даңктап-мактайм, даңазалайм, анткени анын бардык иштери — чындык, жолдору — адилеттик+. Ал бой көтөргөндөрдү басынтат»+.

Шилтемелер

Же: «периште».