Еврейлер 13:1—25
13 Мындан ары да ортоңордо бир туугандык сүйүү болсун+.
2 Меймандостук көрсөтүүнү унутпагыла+, анткени меймандостугунан улам кээ бирөөлөр өздөрү билбей периштелерди коноктошкон+.
3 Түрмөдө отургандарды+, өзүңөр да алар менен түрмөдө отургандай+, эсиңерден чыгарбагыла. Ошондой эле өзүңөр да денеде жашап жүргөндүктөн кордук көрүп жаткандарды унутпагыла+.
4 Баары никени баалашсын, нике төшөгү булганбасын+, анткени бузуктук же ойноштук кылып жүргөндөрдү Кудай соттойт+.
5 Колуңарда болгонуна+ ыраазы болуп+, акчаны сүйүүдөн алыс болгула+. Анткени Кудай: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деп айткан+.
6 Ошондуктан биз: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?»+ — деп кайраттуулук менен айта алабыз+.
7 Араңарда жетекчиликти колго алгандарды, силерге Кудай сөзүн айткандарды, унутпагыла+. Алардын жүрүм-туруму кандай жемиш берип жатканын байкап, алардыкындай+ ишенимге ээ болгула+.
8 Иса Машаяк кечээ кандай болсо, бүгүн да ошондой, түбөлүккө ошол бойдон калат+.
9 Ар кандай жат окуулардын айынан адашып калбагыла+. Жүрөктүн тамак менен эмес+, ырайым+ менен бекемделгени жакшы, анткени тамакка өзгөчө маани бергендер андан пайда табышпайт.
10 Чатырда ыйык кызмат кылгандардын курмандык жайыбыздан бир нерсе жегенге укугу жок+.
11 Башкы дин кызматчы жаныбарлардын канын күнөө курмандыгы катары ыйык жайга алып кирет, эти болсо конуштун сыртында өрттөлөт+.
12 Ошол себептен Иса да каны менен+ элди ыйыкташ үчүн+ шаар дарбазасынын сыртында азап чеккен+.
13 Андыктан ал көргөн кордукту көрүп, ага, конуштун сыртына баралы+.
14 Себеби биздин бул жерде туруктуу шаарыбыз жок+, биз чыдамсыздык менен келечектеги шаарды күтүп жатабыз+.
15 Иса аркылуу дайыма Кудайга мактоо курмандыгын+, башкача айтканда, анын ысмын жарыялаган+ оозубуздун жемишин+ алып келели.
16 Ошондой эле жакшылык кылууну+ жана өзүңөрдөгүнү башкалар менен бөлүшүүнү унутпагыла, анткени ушундай курмандыктар Кудайга жагат+.
17 Араңарда жетекчиликти колго алгандарга тил алып+, баш ийгиле+. Себеби алар силер үчүн жооп бере тургандар катары жаныңарга күндүр-түндүр кам көрүшөт+. Алар үшкүрүнбөй, кубаныч менен кам көрүшү үчүн, баш ийгиле, болбосо өзүңөр эле зыян тартасыңар+.
18 Биз үчүн тиленгиле+, анткени бардык жагынан чынчыл болууну каалагандыктан биз абийирибиздин таза* экенине бекем ишенебиз+.
19 Өзгөчө, силерге тезирээк барышым үчүн тиленип турушуңарды өтүнөм+.
20 Койлордун+ улуу койчусун+, Мырзабыз Исаны, түбөлүк келишимдин+ каны менен тирилткен+ тынчтыктын Кудайы+,
21 өзүнүн эрки аткарылышы үчүн, Иса Машаяк аркылуу биздин арабызда Өзүнө жакканды аткарып, силерди жакшы нерселердин баары менен камсыз кылсын+. Ал түбөлүктөн түбөлүккө даңктала берсин+. Оомийн.
22 Бир туугандар, бул катымда силерге көп жазган жокмун, андыктан ушул бекемдээрлик сөздөрүмдү сабырдуулук менен кабыл алышыңарды өтүнөм+.
23 Ошондой эле бир тууганыбыз Тиметейдин+ түрмөдөн бошотулганын билишиңерди каалайм. Эгер ал жакында келсе, силерди көргөнү барабыз.
24 Араңарда жетекчиликти колго алгандардын+ жана ыйыктардын баарына менден салам айткыла. Италиядагылар+ силерге салам айтып жатышат.
25 Кудай баарыңарга ырайымын төгө берсин+.
Шилтемелер
^ Же: «чынчыл».