Жашыя 10:1—43

10  Жашыянын Айды+ басып алып, аны талкалап таштаганын+, Жерихону жана анын падышасын+ эмне кылса+, Айды да, анын падышасын да ошондой кылганын+, ошондой эле Гибондун тургундарынын ысрайылдыктар менен тынчтык келишимин түзүп+, алардын арасында жашап жатканын укканда Иерусалимдин падышасы Адониседек  абдан коркту+, анткени Гибон шаары падыша башкарган шаарларга окшогон чоң шаар болчу. Ал Айдан чоң эле+, тургундары да күчтүү кишилер болчу.  Ошондуктан Иерусалимдин падышасы+ Адониседек Хеброндун+ падышасы Огамга, Жармуттун падышасы+ Пирамга, Лакиштин падышасы+ Жапиага жана Эглондун падышасы+ Дебирге киши жөнөтүп:  «Гибондун тургундары Жашыя менен жана Ысрайыл уулдары менен тынчтык келишимин түзүптүр+. Келип, мага Гибонду басып алганга жардам бергиле»,— деп айттырып жиберди.  Ошентип, аморлуктардын+ беш падышасы: Иерусалимдин, Хеброндун, Жармуттун, Лакиштин жана Эглондун падышалары чогулуп, Гибонго каршы согушуу үчүн кошуундары менен бирге анын тушуна келип жайгашышты.  Ошондо Гибондун тургундары Гилгалдагы кошуунга+, Жашыяга киши жөнөтүп: «Кулдарыңды калтыра көрбө+. Тезинен келип, бизди куткара көр, бизге жардам бере көр, анткени тоолуу аймактарда жашаган аморлуктардын бардык падышалары биригип, биз менен согушканы жатышат»,— деп айттырып жиберишти.  Жашыя күчтүү, эр жүрөк кишилеринин+ баарын чогултуп+, Гилгалдан чыкты.  Жахаба Жашыяга: «Алардан коркпо+, мен аларды сенин колуңа салып берем+. Сага эч кимиси туруштук бере албайт»,— деди+.  Жашыя Гилгалдан түнү бою жол жүрүп келип, аларга күтүлбөгөн жерден кол салды. 10  Жахаба душмандарды дүрбөлөңгө түшүрдү+. Ошондо ысрайылдыктар Гибондо аларга катуу сокку ура башташты+. Аларды Бет-Оронду көздөй кеткен өр тарткан жол менен кууп, Азек+ менен Македага+ чейин талкалашты. 11  Душмандар ысрайылдыктардан качып, Бет-Орондон ылдый түшүп баратышканда, Жахаба Азекке чейин асмандан чоң-чоң мөндүрлөрдү жаадырды+. Ысрайыл уулдары кылыч менен өлтүргөндөргө караганда мөндүрдөн өлгөндөрдүн саны көп болду. 12  Жахаба аморлуктарды Ысрайыл уулдарынын колуна салып берген күнү Жашыя ысрайылдыктардын көзүнчө Жахабага кайрылып: «Күн+, Гибондун+ үстүнө токто, Ай, сен да Айлон өрөөнүнүн+ үстүнө токто»,— деди. 13  Эл душмандарынан өч алып бүткүчө+, күн токтоп турду, ай да ордунан жылган жок. Бул тууралуу Иашар китебинде жазылган+. Ошол күнү күн асмандын ортосунда жылбай турду. Ал дээрлик бир күн бою ордунан жылган жок+. 14  Жахаба адамдын үнүн ушинтип уккан+ күн мурун да, кийин да болгон эмес. Ошол күнү Ысрайыл үчүн Жахаба өзү салгылашты+. 15  Андан кийин Жашыя менен бүт Ысрайыл Гилгалдагы кошуунга кайтып келишти+. 16  Тиги беш падыша болсо качып барып+, Македадагы+ үңкүргө жашынып калышты. 17  Жашыяга: «Беш падыша табылды, алар Македадагы үңкүргө жашынып алышыптыр»+,— деген кабар жеткенде, 18  ал: «Чоң-чоң таштарды тоголотуп келип, үңкүрдүн оозун бүтөгүлө да, кайтарганга кишилерди койгула. 19  Өзүңөр болсо токтобой, душмандарыңарды кууп, арт жагынан кыргыла+. Өз шаарларына качып барып жашынып калышына жол бербегиле, анткени Жахаба Кудайыңар аларды колуңарга салып берди»,— деди+. 20  Жашыя менен Ысрайыл уулдары душмандарына катуу сокку уруп, алардын бүт аскерин талкалашты+. Ал эми аман калгандары чептүү шаарларына качып барып, жашынып калышты+. 21  Ошондон кийин баары Жашыяга, Македадагы кошуунга тынчтык менен кайтып келишти. Ысрайыл уулдарына каршы сөз айтканга эч ким батына албай калды+. 22  Жашыя кишилерине: «Үңкүрдүн оозун ачып, беш падышаны мага алып келгиле»,— деди. 23  Алар беш падышаны: Иерусалимдин+, Хеброндун+, Жармуттун, Лакиштин+ жана Эглондун падышасын+ ага алып келишти. 24  Падышаларды алып келишери менен, Жашыя ысрайылдыктардын баарын чакырып, өзү менен жүргөн аскер башчыларына: «Бери келип, бул падышаларды желкесинен бутуңар менен басып тургула»,— деди+. Алар жакын келип, аларды желкесинен басып турушту+. 25  Жашыя аларга: «Коркпогула, үрөйүңөр учпасын+. Кайраттуу, бекем болгула, анткени Жахаба душмандарыңардын баарын ушундай кылат»,— деди+. 26  Анан Жашыя падышаларды өлтүрүп, бешөөнү беш устунга асып койду. Алар устунда кечке чейин асылып турушту+. 27  Күн батарда Жашыя буйрук бергендиктен, алардын сөөгүн жерге түшүрүп+, өздөрү жашынган үңкүргө ыргытышты. Анан үңкүрдүн оозун чоң таштар менен бүтөп коюшту. Алар бүгүнкү күнгө чейин турат. 28  Жашыя ошол күнү Македаны+ басып алып, тургундарын кылыч менен кырып таштады. Анын падышасы менен шаардагы тирүү жандын баарын өлтүрүп салды+, эч кимди тирүү калтырган жок. Ал Жерихонун падышасын кандай кылса, Македанын падышасын+ да ошондой кылды. 29  Андан кийин Жашыя менен бүт Ысрайыл Македадан чыгып, Либнага+ барышты да, ага каршы согушушту. 30  Жахаба Либнаны да, анын падышасын да ысрайылдыктардын колуна салып берди. Алар шаардагы тирүү жандын баарын кылыч менен кырып ташташты, эч кимисин тирүү калтырышкан жок. Жерихонун падышасын кандай кылышса, Либнанын падышасын да ошондой кылышты+. 31  Андан соң Жашыя менен бүт Ысрайыл Либнадан чыгып, Лакиштин+ тушуна барып жайгашышты да, ага каршы согуша башташты. 32  Жахаба Лакишти да ысрайылдыктардын колуна салып берди. Алар шаарды экинчи күнү басып алып, андагы тирүү жандын баарын кылыч менен кырып ташташты+. Алар Либнаны кандай кылышса, аны да ошондой кылышты. 33  Гезердин падышасы+ Орам Лакишке жардамга келди. Бирок Жашыя аны да, анын элин да кырып таштады, эч кимисин тирүү калтырган жок+. 34  Андан соң Жашыя менен бүт Ысрайыл Лакиштен чыгып, Эглондун+ тушуна барып жайгашышты да, ага каршы согуша башташты. 35  Алар шаарды ошол эле күнү басып алып, андагы тирүү жандын баарын кылычтап өлтүрүштү. Алар Лакишти кандай кылышса, аны да ошондой кылышты+. 36  Андан соң Жашыя менен бүт Ысрайыл Эглондон чыгып, Хебронго+ барышты да, ага каршы согуша башташты. 37  Алар Хебронду басып алып, аны жана ага караштуу шаарлардын баарын талкалап, ал жактагы тирүү жандын баарын падышасы менен кошо кылычтап өлтүрүштү. Эглонду кандай кылса, аны да ошондой кылып, эч кимисин тирүү калтырган жок. Ал шаарды кыйратып, андагы тирүү жандын баарын кырып таштады+. 38  Акырында Жашыя менен бүт Ысрайыл Дебирди+ көздөй бурулуп, ага барышты да, ага каршы согуша башташты. 39  Ал аны, анын падышасын жана ага караштуу шаарлардын баарын басып алып, ал жактагы тирүү жандын баарын кылычтап өлтүрдү+, эч кимисин тирүү калтырган жок+. Хебронду кандай кылса, Либнаны жана анын падышасын кандай кылса, Дебирди да, анын падышасын да ошондой кылды+. 40  Жашыя ошол жердин баарын: тоолуу аймакты+, эңкейиш жерлерди+, Негепти+, Шепеланы+ басып алып, бүт падышаларын өлтүрдү. Ал, Ысрайылдын Кудайы Жахаба буйрук кылгандай+, ал жакта жашагандардын бардыгын кырып жок кылды+, эч кимисин тирүү калтырган жок+. 41  Жашыя Кадеш-Барниден+ Азага+ чейинки жерлерде, бүт Гошен жеринде+, ошондой эле Гибонго+ чейинки жерлерде жашагандардын баарын кырып таштады. 42  Ысрайылдын Кудайы Жахаба Ысрайыл үчүн согушкандыктан+, Жашыя бир барганында эле ал жактагы бүт падышаларды жана алардын жерлерин басып алды+. 43  Ошондон кийин Жашыя менен бүт Ысрайыл Гилгалдагы кошуунга+ кайтып келишти.

Шилтемелер