Жашыя 11:1—23
11 Бул тууралуу укканда Хазордун падышасы Жабин Мадондун падышасы+ Жобапка, Шимрондун падышасына, Акшаптын падышасына+,
2 ошондой эле түндүк тараптагы тоолуу аймакта, Кинерет деңизинин+ түштүк жагындагы чөлдүү талааларда, Шепелада+ жана батыштагы Дор+ бөксө тоолорунда жашаган падышаларга,
3 чыгышта, батышта жашаган канаандыктарга+, тоолуу аймакта жашаган аморлуктарга+, Хеттин тукумдарына+, периздер+ менен жебустуктарга+ жана Миспа+ жериндеги Хермондун+ этегинде жашаган хибиликтерге+ киши жиберди.
4 Ошондо алар бүт кошуундары, көп сандаган аттары+ жана майдан арабалары менен жолго чыгышты. Элдин саны деңиз жээгиндеги кумдай көп эле+.
5 Ал падышалардын баары макулдашканы боюнча чогулуп, Ысрайыл менен согушуу үчүн+ Мером сууларынын жанына барып жайгашышты.
6 Ошондо Жахаба Жашыяга: «Алардан коркпо+, анткени эртең ушул убактарда мен алардын баарын колуңарга салып берем. Силер аларды кырып жок кыласыңар. Аттарынын буттарынын тарамыштарын кесип+, майдан арабаларын өрттөйсүңөр»,— деди+.
7 Жашыя бүт жоокерлери менен Мером сууларынын жанына барып, аларга күтүлбөгөн жерден кол салды.
8 Жахаба аларды Ысрайылдын колуна салып берди+. Ысрайылдыктар аларды кыра башташты. Алар душмандарын көп эл отурукташкан Сидонго+ чейин, Мисрепот-Майымга+ жана чыгыштагы Миспе+ өрөөнүнө чейин кууп барышты, бирин да тирүү калтырышкан жок+.
9 Жашыя, Жахаба айткандай кылып, алардын аттарынын буттарынын тарамыштарын кесип+, майдан арабаларын өрттөп таштады+.
10 Анан ал артка кайрылып+, Хазорду+ басып алып, анын падышасын кылыч менен өлтүрдү+, анткени Хазор ошол падышалыктардагы шаарлардын негизгиси болчу.
11 Алар анда жашаган тирүү жандын баарын кылычтап өлтүрүштү+, бирин да тирүү калтырышкан жок+. Анан ал Хазорду өрттөдү.
12 Жашыя ал падышаларды жана алардын бүт шаарларын басып алып, баарын кылычтап өлтүрдү+. Жахабанын кызматчысы Муса буйрук кылгандай+, аларды кыйратып жок кылды+.
13 Бирок, Жашыя өрттөгөн Хазорду кошпогондо, ысрайылдыктар адырларда жайгашкан шаарлардын бирин да өрттөшкөн жок.
14 Ысрайыл уулдары ал шаарлардан түшкөн олжо менен малдын баарын алып калып+, тургундарын кылычтап салышты+, эч кимисин тирүү калтырышкан жок+.
15 Жахаба өзүнүн кызматчысы Мусага, ал эми Муса Жашыяга кандай буйруса+, Жашыя так ошондой кылды. Ал Жахаба Мусага буйрук кылгандардын бирин да калтырбай аткарды+.
16 Жашыя ошол жердин баарын: тоолуу аймакты, бүт Негеп+ менен Гошен жерин+, Шепеланы+, Арабаны+ жана Ысрайылдын тоолуу аймагын өрөөнү менен кошо+, башкача айтканда,
17 Сеирге+ чейин созулган Халак тоосунан+ Хермон тоосунун+ этегинде жайгашкан Лебанон өрөөнүндөгү Баал-Гатка+ чейинки жерлердин баарын басып алды. Ошондой эле алардын падышаларын колго түшүрүп, өлтүрүп салды+.
18 Жашыя ал падышалар менен көпкө чейин салгылашты.
19 Гибондо жашаган хибиликтерден+ башка эч бир шаардын тургундары Ысрайыл уулдары менен тынчтык келишимин түзүшкөн жок+. Ал шаарлардын баарын алар күч менен басып алышты+.
20 Анткени Жахаба алардын жүрөктөрүнүн катууланып, Ысрайылга каршы согуш жарыялашына жол берип койду+. Жахаба муну, аларга ырайым көрсөтүлбөшү үчүн+, ал өзү Мусага айткандай, аларды кырып жок кылыш үчүн кылды+.
21 Андан тышкары, Жашыя тоолуу аймакта, Хеброндо, Дебирде, Анапта+ жана Жүйүт менен Ысрайылдын бүт тоолуу аймактарында+ жашаган Анактын тукумдарын+ кырып таштады. Жашыя аларды шаарлары менен кошо кыйратып жок кылды+.
22 Ысрайыл уулдарынын жеринде Анактын тукумдарынан бир да киши калган жок, Азада+, Гатта+ жана Азотто+ гана калды+.
23 Жахаба Мусага убада кылгандай+, Жашыя ошол жердин баарын басып алып, Ысрайыл урууларына үлүшкө бөлүп берди+. Ошентип, ал жерде согуш токтоду+.