Жашыя 12:1—24
12 Ысрайыл уулдары басып алган жерлердин — Иордандын күн чыгыш тарабындагы жерлердин+, Арнон өзөнүнөн+ Хермон тоосуна+ чейинки жерлердин жана чыгыштагы бүт Араба+ жеринин — падышалары булар:
2 Хешпондо+ жашаган аморлуктардын падышасы Сихон+. Ал Арнон өзөнүнүн+ жанындагы Ароер+ шаарын башкарган. Арнон өзөнүнүн ортосунан тартып Амон уулдарынын чек арасы болгон Жабок+ өзөнүнө чейинки аймактын баары ага таандык болчу. Ал Гилаттын жарымын да башкарчу.
3 Чыгыштагы Арабадан+ Кинерет деңизине+ чейинки, ошондой эле чыгыштагы Бет-Жешимоттон+ Арабадагы Туздуу деңизге+ чейинки жана түштүктөгү Пазги тоосунун+ этегине чейинки жерлердин баары ага караштуу болчу.
4 Ысрайыл уулдары Аштаротто+ жана Эдрейде+ жашаган Башан падышасы Октун+ да жерлерин тартып алышкан. Ал репаимдердин акыркысы болчу+.
5 Анын аймагына Хермон тоосу+, Салха жана бүт Башан+ кирген. Ал ошондой эле гешурлуктар+ менен маахаттыктардын+ чек арасына чейинки жерлерди жана Гилаттын жарымын, Хешпон+ падышасы Сихондун+ аймагына чейинки бөлүгүн, башкарган.
6 Жахабанын кызматчысы Муса менен Ысрайыл уулдары аларды жок кылышкандан кийин+, Жахабанын кызматчысы Муса алардын жерин Рубейин уруусуна+, Гат уруусуна+ жана Менаше уруусунун жарымына берген+.
7 Жашыя менен Ысрайыл уулдары Иордандын батыш тарабындагы падышалардын жерлерин: Лебанон өрөөнүндөгү+ Баал-Гаттан+ Халак тоосуна+ чейинки, Сеирге+ чейин созулган тоого чейинки, жерлерди басып алгандан кийин, Жашыя алардын жерлерин Ысрайыл урууларына бөлүштүрүп берген+.
8 Аларга Хеттин тукумдарынын, аморлуктардын+, канаандыктардын, периздердин, хибиликтердин жана жебустуктардын+ жерин: тоолуу аймакты, эңкейиш жерлерди, Шепеланы, Арабаны, чөлдүү талаалар менен Негепти+ бөлүштүрүп берген. Ал жерлерди башкарган падышалар булар:
9 Жерихонун падышасы+, Бейтелдин жанындагы Айдын падышасы+,
10 Иерусалимдин падышасы+, Хеброндун падышасы+,
11 Жармуттун падышасы+, Лакиштин падышасы+,
12 Эглондун падышасы+, Гезердин падышасы+,
13 Дебирдин падышасы+, Гедердин падышасы,
14 Хорманын падышасы, Араттын падышасы,
15 Либнанын падышасы+, Адуламдын падышасы,
16 Македанын падышасы+, Бейтелдин падышасы+,
17 Тапуахтын падышасы, Хепердин падышасы+,
18 Апектин падышасы, Лашарондун падышасы,
19 Мадондун падышасы+, Хазордун падышасы+,
20 Шимрон-Мерондун падышасы, Акшаптын падышасы+,
21 Таанахтын падышасы, Мегидонун падышасы+,
22 Кедештин падышасы, Кармелдеги Жокнеямдын падышасы+,
23 Дор бөксө тоолорундагы Дордун падышасы+, Гилгалдагы Гоимдин падышасы,
24 Тирсанын падышасы.
Баары биригип отуз бир падыша+.