Жашыя 13:1—33
13 Жашыянын карылыгы жетип калганда+, Жахаба ага мындай деди: «Сен карып калдың, бирок силер ээлей турган жерлер али көп+.
2 Ал жерлер булар+: пелиштиликтер+ менен гешурлуктардын+ бүт жери
3 (Нилдин Мисирдин чыгыш жагындагы салаасынан түндүктөгү Экрондун+ жанындагы чек арага чейинки жер канаандыктарга таандык болчу)+, Азаны+, Азотту+, Ашкелонду+, Гатты+, Экронду+ жана Абымды+ башкарган пелиштилик беш башкаруучунун+ жери,
4 Канаан жеринин бүт түштүк тарабы, сидондуктарга+ таандык Меара жана аморлуктардын чек арасындагы Апекке чейинки жерлер,
5 гебалдыктардын+ жери, бүт Лебанон жеринин күн чыгыш тарабы, Хермон тоосунун этегиндеги Баал-Гаттан+ Хаматтын+ кире беришине чейинки жерлер,
6 тоолуу аймакта, Лебанондон+ тартып Мисрепот-Майымга+ чейинки жерлерде, жашаган бүт сидондуктардын+ жери. Мен аларды Ысрайыл уулдарынын алдынан өзүм кууп чыгам+. Болгону, мен сага буйругандай, ал жерди Ысрайылга энчиге бер+.
7 Ал жерди тогуз урууга жана Менаше уруусунун жарымына энчи катары бөлүп бер»+.
8 Менаше уруусунун экинчи жарымы менен Рубейин жана Гат уруулары Иордандын чыгыш тарабындагы Муса берген жерди энчиге алышкан болчу. Жахабанын кызматчысы Муса аларга берген жерлер булар+:
9 Арнон өзөнүнүн+ жанындагы Ароерден+ өзөндүн ортосундагы шаарга чейинки, Медеба бөксө тоосунан+ Дибонго+ чейинки жерлер,
10 аморлуктардын Хешпондо башкарган падышасы Сихондун Амон уулдарынын чек арасына чейинки бардык шаарлары+,
11 Гилат жери, гешурлуктар+ менен маахаттыктардын жери, Хермон тоосу+, Салхага+ чейинки бүт Башан жери+,
12 Аштарот менен Эдрейде+ башкарган жана репаимдердин акыркысы болгон+ Башан падышасы Ок+ ээлик кылган жерлердин баары. Муса аларды өлтүрүп, жерлерин басып алган болчу+.
13 Бирок Ысрайыл уулдары гешурлуктар+ менен маахаттыктарды жеринен толугу менен кууп чыгышкан жок+. Алар азыркыга чейин ысрайылдыктардын арасында жашашат.
14 Ал Леби уруусундагыларга гана үлүш берген жок+. Ысрайылдын Кудайы Жахаба аларга убада кылгандай+, алардын үлүшү+ — Кудайга арналган өрттөлүүчү тартуулар+.
15 Муса Рубейин уруусундагы ар бир үй-бүлөгө үлүш бөлүп берген.
16 Аларга берилген жерлер булар: Арнон өзөнүнүн жанындагы Ароерден+ өзөндүн ортосундагы шаарга чейинки жерлер, Медебанын жанындагы бөксө тоолордун+ баары,
17 Хешпон+ жана бөксө тоолордогу ага караштуу шаарлардын бардыгы+, Дибон+, Бамот-Баал+, Бет-Баал-Меон+,
18 Жаас+, Кедемот+, Мепат+,
19 Кириатайым+, Сибма+, өрөөндөгү тоодо жайгашкан Серет-Шахар,
20 Бет-Пеор, Пазги тоосунун+ эңкейиш жерлери, Бет-Жешимот+,
21 бөксө тоодогу шаарлардын баары+ жана аморлуктардын Хешпондо+ бийлик кылган падышасы Сихонго караштуу жерлердин баары. Муса Сихонду жана ал жерде жашаган Мидиан башчыларын, Сихондун төрөлөрүн: Эбини, Рекемди, Зурду, Хурду, Ребаны+ өлтүргөн болчу+.
22 Ысрайыл уулдары кылыч менен өлтүргөндөрдүн арасында Беордун уулу төлгөчү+ Билам+ да бар болчу.
23 Рубейин уулдарынын чек арасы Иордан болгон. Ал жердин баары шаарлары, айыл-кыштактары менен кошо Рубейин уруусундагы үй-бүлөлөргө берилген+.
24 Андан кийин Муса Гат уруусундагы үй-бүлөлөргө үлүш бөлүп берген+.
25 Аларга берилген жерлер булар: Жазер+, Гилаттын+ бүт шаарлары, Амон уулдарынын+ жеринин жарымы, башкача айтканда, Раббанын+ тушундагы Ароерге+ чейинки жерлер,
26 Хешпондон+ Рамат-Миспе менен Бетонимге чейинки, Маханаимден+ Дебирдин+ чек арасына чейинки жерлер,
27 өрөөндөгү Бет-Арам+, Бет-Нимра+, Сукот+, Сапон, ошондой эле Хешпондун+ падышасы Сихон ээлик кылган калган жерлердин баары. Алардын чек арасы Иордан менен Иордандын чыгышындагы Кинерет деңизинин+ түштүк жээги болгон.
28 Ал жер шаарлары, айыл-кыштактары менен кошо Гат уруусундагы үй-бүлөлөргө берилген+.
29 Андан кийин Муса Менаше уруусунун жарымына үлүш бөлүп берген. Ал жер аларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө таандык болуп калган+.
30 Аларга берилген жерлер булар: Маханаимден+ тартып бүт Башан жери, Башандын падышасы Ок+ ээлик кылган бүт жерлер, Жайырдын+ Башандагы бардык айыл-кыштактары (алардын тургундары чатырларда жашачу), алтымыш шаар.
31 Гилаттын жарымы жана Башандагы Ок падышалык кылган шаарлар Аштарот+ менен Эдрей+ Менашенин уулу Махирдин уулдарына+, башкача айтканда, Махирдин уулдарынын жарымына берилген.
32 Ал жерди Муса аларга Жерихонун тушунда, Иордандын чыгышындагы Мааптын чөлдүү түздүктөрүндө, жүрүшкөндө берген+.
33 Ал эми Леби уруусундагыларга Муса үлүш берген жок+. Ысрайылдын Кудайы Жахаба аларга убада кылгандай, алардын үлүшү — Кудай+.