Жашыя 14:1—15
14 Дин кызматчы Элазар, Нундун уулу Жашыя жана Ысрайыл урууларынын башчылары Канаан жеринде+ Ысрайыл уулдарына үлүшкө берген жерлер — ушулар+.
2 Жахаба Муса аркылуу буйрук кылгандай, ал жерлерди тогуз жарым урууга бөлүп бериш үчүн+ өкчөмө таш ыргытылды+.
3 Эки жарым урууга болсо Муса Иордандын аркы өйүзүнөн жер берген болчу+. Ал эми лебилерге алардын арасынан эч кандай үлүш берген эмес+.
4 Жусуптун уулдарынан эки уруу+: Менаше+ менен Эпрайым+ уруусу тараган. Лебилерге алардын жеринен үлүш берилген эмес, аларга жашаганга шаарларды+, ошондой эле бодо малы менен майда малы үчүн ал шаарлардын тегерегиндеги жерлерди гана беришкен+.
5 Жахаба Мусага кандай буйрук берсе, Ысрайыл уулдары так ошондой кылышты, алар жерди бөлүштүрүштү.
6 Жүйүттүн уулдары Гилгалга+, Жашыяга келишти да, Кенездин тукумдарынан+ болгон Жепундун уулу Калеп+ ага мындай деди: «Жахаба Кудайдын Кадеш-Барниде+ өзүнүн кызматчысы Мусага+ сен экөөбүз жөнүндө эмне деп айтканын+ жакшы билесиң.
7 Жахабанын кызматчысы Муса мени Кадеш-Барниден жер чалып келгенге жибергенде+, кырк жашта болчумун. Кайтып келгенимде ага көргөндөрүмдүн баарын, жүрөгүмдө эмне болсо, ошонун баарын айтып бергем+.
8 Мени менен барган бир туугандарым болсо элдин жүрөгүн түшүрүшкөн+. Мен болсо Жахаба Кудайыма толугу менен баш ийгем+.
9 Ошондуктан Муса мага ошол күнү: „Жахаба Кудайыма толук баш ийгениң үчүн+, сенин бутуң баскан ал жер түбөлүккө сага жана сенин уулдарыңа таандык болот“,— деп ант берген+.
10 Мына, Жахаба мени, өзү убада кылгандай+, ушул күнгө чейин аман сактап келди+. Ысрайыл эли чөлдө жүргөн кезде Жахаба Мусага ал убаданы бергенден бери кырк беш жыл өттү+, азыр мен сексен бештемин.
11 Бирок Муса мени жер чалып келгенге жибергенде кандай күчтүү болсом, азыр деле ошондой күчтүүмүн+. Ошол убакта канча күчүм бар болсо, азыр да согушканга, кирип-чыкканга+ ошончо күчүм бар.
12 Андыктан мага Жахаба ошол күнү убада кылган тоолуу аймакты бер+. Сен ошондо ал жерде чоң, чептүү шаарлары+ бар Анактын тукумдары+ жашаарын уккансың. Жахаба мени менен болуп+, Жахаба өзү убада кылгандай, алардын жерин басып алармын»+.
13 Ошондо Жашыя Жепундун уулу Калепке батасын берип, ага Хебронду үлүшкө берди+.
14 Ысрайылдын Кудайы Жахабага толук баш ийгени үчүн, Хеброн ушул күнгө чейин Кенездин тукумдарынан болгон Жепундун уулу Калепке таандык+.
15 Хеброн мурун Кириат-Арба+ деп аталчу (Арба+ Анактын тукумдарынын ичинен алп киши болгон). Ошентип, ал жерде согуш токтоду+.