Жашыя 15:1—63
15 Өкчөмө таш ыргытылганда+ Жүйүт уруусундагы үй-бүлөлөргө Эдомдун+ чек арасына чейинки жерлер, Зин чөлү+ жана Негептин+ түштүк чети тийди.
2 Алардын түштүк чек арасы Туздуу деңиздин+ түштүк жээгиндеги булуңдан башталып,
3 түштүккө, Акрабимге+ чейин жетет, андан ары Зин+ чөлүнөн өтүп, түштүктөн Кадеш-Барниге+, андан Хесронго, андан ары Адарга чейин жетип, Каркага бурулат.
4 Анан Асмондон+ өтүп, Мисир өзөнүнө+ жетет да, аягы деңизге барып такалат. Бул — алардын түштүк чек арасы.
5 Чыгыш чек арасы Туздуу деңиз жана Иордандын ага куйган жери болгон. Түндүк чек арасы болсо ошол деңиздин булуңунан, Иордандын+ ага куйган жеринен, башталып,
6 Бет-Хоглага+ жетет да, андан ары Бет-Арабанын+ түндүк жагынан өтүп, Рубейиндин уулу Боандын+ ташына чейин созулат.
7 Анан Акор өрөөнүндөгү+ Дебирге жетип, түндүккө, өзөндүн түштүгүндөгү Адумимдин тушундагы Гилгалга+ бурулат. Андан ары Эн-Шемеш+ сууларынан өтүп, Эн-Рогелге+ барып такалат.
8 Анан Ином өрөөнүнө+ чейин, жебустуктардын+ шаары Иерусалимдин+ түштүк жагына чейин, жетет да, андан ары Репаим өрөөнүнүн+ түндүгүндөгү, Ином өрөөнүнүн батышындагы тоонун чокусуна чейин созулат.
9 Ал тоонун чокусунан Нептоах булагына+, анан Эпрон тоосундагы шаарларга чейин жетет да, андан ары Баалга+, башкача айтканда, Кириат-Жеаримге+ чейин созулат.
10 Баалдан батышка, Сеир тоосуна бурулуп, Жеарим тоосунун түндүк жагына, башкача айтканда, Кесалонго жетет. Анан Бет-Шемешке+, андан ары Тимнага+ чейин созулат.
11 Ал жерден Экрондун+ түндүгүнө, анан Шикеронго жетет, анан Баал тоосунан өтүп, Жапнеилге чейин созулат да, аягы деңизге барып такалат.
12 Батыш чек арасы — Улуу деңиздин+ жээги. Бул — Жүйүт уруусундагы үй-бүлөлөргө берилген жердин чек арасы.
13 Жашыя, Жахаба ага буйрук кылгандай, Жепундун уулу Калепке+ Жүйүт уулдарынын арасынан үлүш берди, ал ага Кириат-Арбаны (Арба Анактын атасы болгон), башкача айтканда, Хебронду+ берди.
14 Калеп ал жерден Анактын үч уулун+: Шешайды+, Акиманды жана Талмайды+ кууп чыкты.
15 Анан ал жерден чыгып, Дебирдин+ тургундары менен согушту. (Дебир мурун Кириат-Сепер деп аталчу.)+
16 Калеп: «Ким Кириат-Сеперди басып алса, ага кызым Аксаны аялдыкка берем»,— деди+.
17 Аны Калептин бир тууганы Кеназдын уулу+ Отниел+ басып алды. Ошондо Калеп ага кызы Аксаны+ аялдыкка берди.
18 Күйөөсүнүн үйүнө кетерде Акса атасынан жер сураганга күйөөсүн көндүрө баштады. Анан Акса эшектин үстүндө отуруп алаканын чапканда, Калеп андан: «Эмне каалайсың, кызым?» — деп сурады+.
19 Ал: «Мага батаңызды бериңиз. Сиз мага түштүктөн жер бердиңиз, эми Гулот-Маимди да бериңиз»,— деди. Ошондо атасы ага Жогорку Гулотту да, Төмөнкү Гулотту да берди+.
20 Жүйүт уруусундагы+ үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилген үлүш+ — ушул.
21 Жүйүт уруусуна берилген жердин түштүк четиндеги, Эдомдун+ чек арасына жакын жайгашкан шаарлар булар: Капсеил+, Эдер, Жагур,
22 Кина, Димона, Адада,
23 Кедеш, Хазор, Итнан,
24 Зип, Телем+, Беалот,
25 Хазор-Хадата, Кериот-Хесрон, башкача айтканда, Хазор,
26 Аймам, Шема, Молада+,
27 Хазар-Гата, Хешмон, Бет-Пелет+,
28 Хазар-Шуал+, Беир-Шеба+, Бизиотия,
29 Баал+, Ийим, Эсем+,
30 Элтолат, Кесил, Хорма+,
31 Сыклак+, Мадмана, Сансана,
32 Лебот, Шилхим, Айын+, Римон+. Баары биригип айыл-кыштактары менен жыйырма тогуз шаар.
33 Шепеладагы+ шаарлар булар: Эштаол+, Сора+, Ашна,
34 Заноах+, Эн-Ганим, Тапуах, Энам,
35 Жармут+, Адулам+, Соко+, Азек+,
36 Шаарайым+, Адытайым, Гедера, Гедератайым; айыл-кыштактары менен он төрт шаар.
37 Сенан, Хадаша, Мигдал-Гат,
38 Дилан, Миспе, Жоктеил,
39 Лакиш+, Боскат+, Эглон+,
40 Хабон, Лахмам, Китлиш,
41 Гедерот, Бет-Дагон, Наама, Македа+; айыл-кыштактары менен он алты шаар.
42 Либна+, Этер+, Ашан,
43 Ипта, Ашна, Несип,
44 Кеила+, Акзип+, Мареша+; айыл-кыштактары менен тогуз шаар.
45 Экрон+ жана ага караштуу шаарлар менен айыл-кыштактар.
46 Экрондон батышка карай Азоттун жанындагы бардык шаарлар менен айыл-кыштактар.
47 Азот+ жана ага караштуу шаарлар менен айыл-кыштактар, Аза+ жана ага караштуу шаарлар менен айыл-кыштактар, башкача айтканда, Мисир өзөнүнө чейинки шаарлар менен айыл-кыштактар, ошондой эле Улуу деңиздин жээгиндеги бүт жерлер+.
48 Тоолуу аймактагы шаарлар булар: Шамир, Жатир+, Соко,
49 Дана, Кириат-Сана, башкача айтканда, Дебир,
50 Анап, Эштемох+, Аним,
51 Гошен+, Холон, Гило+; айыл-кыштактары менен он бир шаар.
52 Араб, Дума, Эшан,
53 Жаним, Бет-Тапуах, Апека,
54 Хумта, Кириат-Арба, башкача айтканда, Хеброн+, Сиор; айыл-кыштактары менен тогуз шаар.
55 Маон+, Кармел, Зип+, Жутах,
56 Изреил, Жоктеям, Заноах,
57 Кабыл, Гиба, Тимна+; айыл-кыштактары менен он шаар.
58 Халхул, Бет-Сур, Гедор,
59 Маарат, Бет-Анот, Элтекон; айыл-кыштактары менен алты шаар.
60 Кириат-Баал+, башкача айтканда, Кириат-Жеарим+ жана Рабба; айыл-кыштактары менен эки шаар.
61 Чөлдөгү шаарлар булар: Бет-Араба+, Мидин, Секак,
62 Нипшан, Туз шаары, Эн-Геди+; айыл-кыштактары менен алты шаар.
63 Жүйүт уулдары Иерусалимде+ жашаган жебустуктарды+ кууп чыга алышкан жок+. Алар бүгүнкү күнгө чейин Жүйүт уулдары менен бирге Иерусалимде жашашат.