Жашыя 16:1—10
16 Өкчөмө таш ыргытылганда+, Жусуптун+ уулдарына Жерихонун жанындагы Иордандан+ Жерихо сууларынын чыгышына чейинки жерлер жана Жериходон Бейтелдеги+ тоолуу аймакка чейин созулган чөл тийди.
2 Алардын чек арасы Луздун+ жанындагы Бейтелден архиттиктердин+ чек арасы болгон Атаротко чейин,
3 андан батыштагы жаплеттиктердин чек арасына чейин жетип, Төмөнкү Бет-Оронго+, андан ары Гезерге+ чейин созулат да, аягы деңизге барып такалат+.
4 Жусуптун тукумдары+ Менаше уруусу менен Эпрайым уруусу+ ал жерди ээлеп алышты+.
5 Эпрайым уруусундагы үй-бүлөлөргө үлүшкө берилген жердин чыгыш тараптагы чек арасы Атарот-Адардан+ башталып, Жогорку Бет-Оронго+,
6 андан ары деңизге чейин уланат. Ал эми түндүктөгү чек арасы — Михметат+. Ал жерден ал чыгышка, Таанат-Шилого бурулуп, андан ары чыгыштагы Жаноахка чейин созулат.
7 Жаноахтан Атарот менен Наарага, андан ары Жерихого+, анан андан ары Иорданга чейин уланат.
8 Чек ара Тапуахтан+ батышка, Кана өзөнүнө+ чейин созулуп, аягы деңизге барып такалат+. Эпрайым уруусундагы үй-бүлөлөргө берилген жердин чек арасы — ушул.
9 Менаше уулдарына берилген жерде Эпрайым уулдарынын дагы башка шаарлары+ жана ал шаарларга караштуу айыл-кыштактары болгон.
10 Алар Гезерде+ жашаган канаандыктарды кууп чыгышкан жок+. Канаандыктар бүгүнкү күнгө чейин Эпрайым уулдарынын арасында жашап+, аларга кул катары кызмат кылып келатышат+.