Жашыя 17:1—18
17 Жусуптун тун уулу+ Менашеден+ тараган уруу үчүн, тактап айтканда, Менашенин тун уулу, Гилаттын+ атасы Махир+ үчүн өкчөмө таш ыргытылды+, анткени ал эр жүрөк жоокер болчу+. Ага Гилат+ менен Башан жери тийди.
2 Менашенин тукумдарынан болгон Абиезердин+, Хелектин+, Асриелдин, Шекемдин+, Хепердин, Шемитанын+ уулдары үчүн да үй-бүлөлөрүнө жараша өкчөмө таш ыргытылды. Булар — Жусуптун уулу Менашенин уулдары жана алардын үй-бүлөлөрү.
3 Хепердин уулу Салапаттын+ уулдары болгон эмес, кыздары гана болгон. Хепер Гилаттын, Гилат Махирдин, Махир Менашенин уулу болгон. Салапаттын кыздарынын аттары: Махла, Нух, Хогла, Милка, Тирса+.
4 Алар дин кызматчы Элазар+ менен Нундун уулу Жашыяга жана башчыларга барып: «Жахаба Мусага атабыздын бир туугандарынын арасынан бизге үлүш берүүнү буйрук кылган»,— дешти+. Ошондо ал, Жахаба айткандай, аларга атасынын бир туугандарынын арасынан жер бөлүп берди+.
5 Менашеге Иордандын аркы өйүзүндөгү Гилат менен Башандан тышкары дагы он аймак бөлүнүп берилди+,
6 анткени Менашенин кыздары анын уулдары менен кошо үлүшкө жер алышты. Гилат жери болсо Менашенин калган уулдарына тийди.
7 Менашенин чек арасы Ашырдан Шекемдин+ тушундагы Михметатка+ чейин созулуп, андан ары оңго, Эн-Тапуахтын эли жашаган жерди көздөй бурулат.
8 Тапуахтын+ жанындагы жер Менашеге тийди, ал эми Менашенин чек арасындагы Тапуахтын өзү Эпрайым уулдарына тийди.
9 Ал жерден чек ара түштүккө, Кана өзөнүнө чейин созулат. Ал өзөндө Менашенин шаарларынын арасындагы Эпрайым шаарлары+ жайгашкан. Анан Менашенин чек арасы өзөндүн түндүк жагынан өтүп, деңизге барып такалат+.
10 Түштүк тараптагы жер Эпрайымга, ал эми түндүк тараптагы жер Менашеге берилди. Анын чек арасы деңиз болчу+. Менаше түндүгүнөн Ашыр менен, чыгышынан Исахар менен чектешет.
11 Исахар менен Ашырдын аймагындагы Бет-Шеан+, Иблием+, Дор+, ошондой эле Эн-Дор+, Таанах+, Мегидо+ — бийик жерде жайгашкан үч шаар — өзүнө караштуу шаарлары жана тургундары менен кошо Менашеге таандык болду+.
12 Бирок Менашенин уулдары ал шаарларды ээлеп алышкан жок+. Ошентип, канаандыктар ал жерден кетпей жашай беришти+.
13 Ысрайыл уулдары күчтөнгөндөн кийин+ канаандыктарды кул кылып алышты+, бирок алардын жерин толугу менен ээлеп алышкан жок+.
14 Жусуптун уулдары Жашыяга: «Эмнеге биз үчүн бир эле жолу өкчөмө таш ыргытып, бизге жердин бир эле бөлүгүн берип койдуң?+ Биз абдан көппүз, анткени Жахаба бизге ушу күнгө чейин батасын берип келатат»,— дешти+.
15 Жашыя аларга: «Эгер элиңер көп болуп, Эпрайымдын тоолуу аймагы+ тардык кылып жатса, баргыла да, периздер+ менен репаимдердин+ жериндеги токойду кыйып, өзүңөргө жер кылып алгыла»,— деди.
16 Ошондо Жусуптун уулдары: «Тоолуу аймак бизге тардык кылып жатат, бирок өрөөндө жашаган канаандыктарды: Бет-Шеанда+ жана ага караштуу шаарларда жашагандарды, Изреил өрөөнүндө+ жашагандарды кууп чыгалы десек, алардын баарынын темир чалгылары бар майдан арабалары+ бар»,— дешти.
17 Жашыя Жусуптун уулдарына, Эпрайым менен Менаше уруусундагыларга: «Силер күчтүү элсиңер, көпсүңөр+. Силерге өкчөмө таш ыргытылганда тийген жер аздык кылат+.
18 Тоолуу аймактын баары силердики болот+. Ал жактагы токойду кыйып салгыла, ал силердин чек араңар болот. Канаандыктар күчтүү эл болсо да, алардын темир чалгылары бар майдан арабалары көп болсо да, силер аларды кууп чыгасыңар»,— деди+.