Жашыя 18:1—28
18 Ысрайыл уулдары ал жерди басып алгандан кийин+, алардын бүт жамааты Шилого+ чогулуп, ошол жерге жыйын чатырын тигишти+.
2 Бирок Ысрайыл уулдарынын арасынан жети уруу үлүшүн ала элек болчу.
3 Ошондуктан Жашыя Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Эмнеге создуктуруп жатасыңар?+ Баргыла да, ата-бабаларыңардын Кудайы Жахаба берген жерди ээлегиле+.
4 Ар бир уруудан үчтөн киши тандагыла. Мен аларды жиберейин, алар барышсын да, ал жерди кыдырып, аны бөлүштүрүү үчүн чиймесин чийип, мага алып келишсин+.
5 Ал жерди жетиге бөлүшсүн+. Жүйүт өз жеринде, түштүктө+, ал эми Жусуптун уулдары өздөрүнүн жеринде, түндүктө калышат+.
6 Силер ал жерди кыдырып, чиймесин түшүргүлө. Анан ал жерди жетиге бөлүп, чиймесин мага алып келгиле. Мен болсо ушул жерде силер үчүн Жахаба Кудайыңардын алдында өкчөмө таш ыргытам+.
7 Лебилер силер менен бирге үлүш албайт+, анткени алардын үлүшү — Жахабанын чатырында* кызмат кылуу+. Ал эми Гат менен Рубейин урууларына+ жана Менаше уруусунун жарымына+ Жахабанын кызматчысы Муса Иордандын чыгышынан үлүш берген»+.
8 Жердин чиймесин түшүрүп келгени бараткандарга Жашыя: «Барып, ал жерди кыдырып, чиймесин түшүрүп, мага алып келгиле. Мен бул жерде, Шилодо+, Жахабанын алдында силер үчүн өкчөмө таш ыргытам»+,— деди+.
9 Алар барышты да, ошол жердин баарын кыдырып, шаарлары менен кошо түрмөккө чиймесин түшүрүп+, ал жерди жетиге бөлүштү. Анан Шилодогу кошуунга, Жашыяга кайтып келишти.
10 Жашыя Шилодо Жахабанын алдында Ысрайыл уулдары үчүн өкчөмө таш ыргытып+, аларга үлүшүн бөлүп берди+.
11 Биринчи өкчөмө таш+ Бенжемин уруусундагы+ үй-бүлөлөргө түштү. Аларга Жүйүттүн уулдары+ менен Жусуптун уулдарынын+ ортосундагы жер тийди.
12 Алардын түндүктөгү чек арасы Иордандан башталып, андан Жерихонун+ түндүгүнө, андан ары батыштагы тоого чейин уланат да, Бет-Абен+ чөлүнө барып такалат.
13 Ал жерден Луздун+, башкача айтканда, Бейтелдин+ түштүгүнө чейин, андан ары Төмөнкү Бет-Орондун+ түштүгүндөгү тоодо жайгашкан Атарот-Адарга+ чейин уланат.
14 Анан Бет-Оронду караган тоодон түштүккө чейин, андан ары Жүйүт уулдарынын шаары Кириат-Баалга, башкача айтканда, Кириат-Жеаримге+ чейин созулат да, ошол жерден бүтөт. Бул — алардын батыш чек арасы.
15 Түштүк чек арасы Кириат-Жеаримден башталат да, батышты көздөй созулуп, Нептоах булагына+ чейин жетет.
16 Анан репаимдердин өрөөнүнүн+ түндүк жагында жайгашкан, Ином өрөөнүн+ караган тоонун этегине, андан ары Ином өрөөнүнө, жебустуктардын+ шаарынын түштүк жагына, андан ары карай Эн-Рогелге+ чейин созулат.
17 Ал жерден түндүккө, анан Эн-Шемешке, андан ары Адумимдин+ тушундагы Гелилотко чейин жетет. Анан ал жерден Рубейиндин уулу Боандын+ ташына+ чейин созулат.
18 Анан Арабанын тушундагы, түндүк жактагы эңкейиш жерге жетип, ал жерден Арабага чейин созулат.
19 Ал жактан Бет-Хогланын+ түндүк жагын көздөй уланып, аягы Туздуу деңиздин+ түндүк булуңунан, Иордан дарыясы куйган жерден, бүтөт. Бул — алардын түштүк чек арасы.
20 Ал эми чыгыш чек арасы Иордан болгон. Бул — Бенжемин уруусундагы үй-бүлөлөргө тийген жердин чек арасы.
21 Бенжемин уруусуна тийген шаарлар булар: Жерихо+, Бет-Хогла, Эмек-Кезис,
22 Бет-Араба+, Семарайым, Бейтел+,
23 Абым, Пара, Опра+,
24 Кепар-Амонай, Опни, Геба+; айыл-кыштактары менен он эки шаар.
25 Гибон+, Рама, Бейрот,
26 Миспе+, Кепира+, Моса,
27 Рекем, Ирпеил, Тарала,
28 Зела+, Ха-Элеп, жебустуктардын шаары, башкача айтканда, Иерусалим+, Гиба+, Кириат; айыл-кыштактары менен он төрт шаар.
Бул — Бенжемин уруусундагы үй-бүлөлөргө тийген үлүш+.
Шилтемелер
^ Же: «Жахабанын дин кызматчылары катары».