Жашыя 19:1—51

19  Экинчи өкчөмө таш+ Шымонго, Шымон уруусундагы+ үй-бүлөлөргө, түштү. Аларга Жүйүт уулдарынын жеринен үлүш тийди+.  Алардын үлүшүнө кирген шаарлар булар: Шеба менен бирге Беир-Шеба+, Молада+,  Хазар-Шуал+, Бала, Эсем+,  Элтолат+, Бетул, Хорма,  Сыклак+, Бет-Маркабот, Хазар-Суса+,  Бет-Лебот+, Шарухен; айыл-кыштактары менен он үч шаар.  Айын+, Римон+, Этер, Ашан+; айыл-кыштактары менен төрт шаар.  Андан тышкары, ал шаарлардын тегерегинен тартып Баалат-Беирге+, түштүк Рамага+, чейин жайгашкан бардык айыл-кыштактар. Шымон уруусундагы үй-бүлөлөргө тийген үлүш — ушул.  Шымон уулдарына үлүш Жүйүт уулдарынын жеринен берилди, анткени Жүйүт уулдарынын үлүшү өтө чоң болчу+. Ошондуктан Шымон уулдарына алардын жеринен үлүш берилди+. 10  Үчүнчү өкчөмө таш+ Забулун+ уруусундагы үй-бүлөлөргө түштү. Алардын чек арасы Саритке чейин жетип, 11  андан кийин батышка, Маралга чейин, андан Дабешетке, андан ары Жокнеямдын+ тушундагы өзөнгө чейин созулат. 12  Сариттен артты, чыгышты көздөй уланып, Кислот-Табордун чек арасына чейин жетип, андан Дабератка+, анан Жапиага чейин жетет. 13  Ал жерден чыгышка, Гат-Хеперге+, Эт-Касинге чейин уланып, андан ары Римондон өтөт да, Неага чейин жетет. 14  Анан ал жерди айланып өтүп, түндүк жагы Ханатонго чейин барып, Иптах-Эл өрөөнүнөн бүтөт. 15  Аларга Катат, Нахалал, Шимрон+, Идала, Бетлехем+ да таандык. Баары биригип айыл-кыштактары менен он эки шаар. 16  Ушул шаарлар айыл-кыштактары менен кошо Забулун уруусундагы үй-бүлөлөргө+ тийди+. 17  Төртүнчү өкчөмө таш Исахарга+, Исахар уруусундагы үй-бүлөлөргө, түштү. 18  Алардын чек арасындагы шаарлар булар: Изреил+, Кесулот, Шунем+, 19  Хапарайым, Шион, Анахарат, 20  Раббит, Кишион, Эбез, 21  Ремет, Эн-Ганим+, Эн-Хада, Бет-Пасес. 22  Алардын чек арасы Таборго+, Шахатсимага, Бет-Шемешке чейин жетип, Иордандан бүтөт. Баары биригип айыл-кыштактары менен он алты шаар. 23  Ушул шаарлар айыл-кыштактары менен кошо Исахар уруусундагы үй-бүлөлөргө+ тийди. 24  Бешинчи өкчөмө таш+ Ашыр уруусундагы+ үй-бүлөлөргө түштү. 25  Алардын чек арасындагы шаарлар булар: Хелкат+, Хали, Бетен, Акшап+, 26  Аламелек, Амат, Мишал+. Батыш жактан алардын чек арасы Кармелге+, Шихор-Либнатка чейин жетип, 27  кайра чыгышты көздөй бурулуп, Бет-Дагонго, Забулунга+, Иптах-Эл өрөөнүнүн түндүк жагына чейин жетип, андан Бет-Эмекке, Неилге чейин уланып, андан ары Кавулдун сол тарабы менен өтөт да, 28  Эбронго, Рекопко, Хамонго, Канага, көп эл отурукташкан Сидонго+ чейин жетет. 29  Ал жерден Рамага бурулуп, чептүү Тир+ шаарына чейин уланат. Анан кайра артка, Хосага бурулуп, аягы деңиздин боюндагы Акзип+ аймагынан бүтөт. 30  Аларга Ума, Апек+, Рекоп+ да таандык. Баары биригип айыл-кыштактары менен жыйырма эки шаар. 31  Ушул шаарлар айыл-кыштактары менен кошо Ашыр уруусундагы үй-бүлөлөргө+ тийди. 32  Алтынчы өкчөмө таш+ Напталыга+, Напталы уруусундагы үй-бүлөлөргө, түштү. 33  Алардын чек арасы Хелептен жана Заананимдеги+ чоң дарактан башталып, Адамы-Некепке, Жапнеилге, Лакумга чейин жетип, Иорданга барып такалат. 34  Ал жерден артка, батыштагы Азнот-Таборго бурулуп, ал жактан Хукокко чейин, ал эми түштүк тарабы Забулунга+, батыш тарабы Ашырга+, Иордан тарабы болсо Жүйүткө*+ чейин созулат. 35  Чептүү шаарлары булар: Сидим, Сер, Хамат+, Раккат, Кинерет+, 36  Адама, Рама, Хазор+, 37  Кедеш+, Эдрей, Эн-Хатсор, 38  Ирон, Мигдал-Эл, Хорем, Бет-Анат, Бет-Шемеш+; айыл-кыштактары менен он тогуз шаар. 39  Ушул шаарлар айыл-кыштактары менен кошо Напталы уруусундагы үй-бүлөлөргө+ тийди+. 40  Жетинчи өкчөмө таш+ Дан+ уруусундагы үй-бүлөлөргө түштү. 41  Алардын чек арасы Сора+, Эштаол, Ир-Шемеш, 42  Шаалабин+, Айлон+, Итла, 43  Элон, Тимна+, Экрон+, 44  Элтеке, Гиптон+, Баалат+, 45  Жехут, Бене-Берак, Гат-Римон+, 46  Ме-Жаркон, Ракон шаарларынан, ошондой эле Жапанын+ алдынан өтөт. 47  Дан уулдарынын жери абдан тар болгондуктан+, алар Лешемге кол салып+, аны басып алышты да, тургундарын кылычтап өлтүрүштү. Алар ал шаарды ээлеп, ошол жерде жашап калышты жана аны ата-бабасы Дандын атынан Дан деп аташты+. 48  Ушул шаарлар айыл-кыштактары менен кошо Дан уруусундагы үй-бүлөлөргө тийди. 49  Ошентип, алар жер бөлүштүрүп бүтүштү. Андан кийин Ысрайыл уулдары өздөрүнүн жеринен Нундун уулу Жашыяга үлүш беришти. 50  Жахабанын буйругу боюнча, ага өзү сураган шаарды, Эпрайымдын тоолуу аймагындагы Тимнат-Серахты+, беришти+. Ал ошол шаарды куруп, ал жерде жашап калды. 51  Дин кызматчы Элазар, Нундун уулу Жашыя жана Ысрайыл урууларынын башчылары Шилодо+ Жахабанын алдында, жыйын чатырынын кире беришинде өкчөмө таш ыргытып+ бөлүштүрүп берген+ жерлер — ушулар. Ошентип, алар жер бөлүштүрүп бүтүштү.

Шилтемелер

Кыязы, Жүйүт уруусуна эмес, Жүйүт уруусундагы бир кишинин үй-бүлөсүнө таандык жер.