Жашыя 2:1—24

2  Нундун уулу Жашыя эки чалгынчыны Шитимден+ жашыруун жөнөтүп жатып аларга: «Барып, ал жерди, Жерихону көрүп келгиле»,— деди. Алар жолго чыгышты да, Рахап деген сойку аялдын+ үйүнө барып, ошол жерге түнөгөнү калышты.  Көп өтпөй Жерихонун падышасына: «Ушул түнү Ысрайыл уулдарынан жер чалганы кишилер келишиптир»,— деген кабар жетти.  Ошондо Жерихонун падышасы Рахапка: «Үйүңө келген кишилерди чыгарып бер, алар жер чалганы келишиптир»+,— деп айттырып жиберди.  Ал ортодо Рахап тиги экөөнү жашырып койгон эле. Келгендерге болсо: «Меникине кишилердин келгени чын, бирок алардын кайдан келгенин билген эмесмин.  Алар күүгүм кирип, дарбаза жабыларда+, кетип калышкан. Каякка кетишкенин да билбейм, тезирээк артынан жөнөгүлө, кууп жетесиңер»,— деп койду.  (Рахап тиги экөөнү үйүнүн чатырына+ алып чыгып, жайылып жаткан зыгыр сабактарынын астына жашырып койгон эле.)  Падыша жиберген кишилер ал экөөнү кууп жетиш үчүн Иорданды көздөй, кечүүнү+ көздөй жөнөштү. Алар чыгып кетери менен, шаардын дарбазасы жабылып калды.  Тиги эки киши жата электе, Рахап үйүнүн чатырына чыгып,  аларга мындай деди: «Жахабанын бул жерди силерге берерин билем+. Биз силерден абдан коркуп калдык+, бул жердин тургундарынын баарынын ындыны өчүп калды+. 10  Анткени биз, Мисирден келатканыңарда, Жахабанын силердин көз алдыңарда Кызыл деңизди кантип кургатканын+, ошондой эле силердин Иордандын аркы өйүзүндө жашаган аморлуктардын эки падышасы Сихон+ менен Окту+ жок кылганыңарды+ укканбыз. 11  Муну укканда жүрөгүбүз түшүп+, коркконубуздан кайратыбыз качты+, анткени Жахаба Кудайыңардын асман менен жердеги жалгыз Кудай экенин түшүндүк+. 12  Эми, мен силерге мээримдүүлүк көрсөткөнүмдөй эле, силер да атамдын үйүндөгүлөрүнө+ мээримдүүлүк көрсөтөбүз деп Жахабанын ысмын оозанып ант бергиле+, мага ишенимдүү белги бергиле+. 13  Ата-энемди+, ага-инилерим менен эже-сиңдилеримди жана алардын бүт үйүндөгүлөрүн аман алып калгыла, жаныбызды сактап калгыла»+. 14  Ошондо тиги кишилер ага: «Ишенип кой, эгер биз жөнүндө эч кимге айтпасаң, Жахаба бул жерди бизге бергенде, сага сөзсүз мээримдүүлүк көрсөтөбүз+. Эгер көрсөтпөсөк, анда силердин өмүрүңөрдүн ордуна биздин өмүрүбүз* кыйылсын»,— дешти+. 15  Рахаптын үйү шаарды курчап турган дубалдын жогору жагында жайгашкандыктан, ал тиги экөөнү терезеден аркан менен түшүрүп+, 16  аларга: «Куугунчулар силерди кармап албашы үчүн тоолуу аймакка барып, ошол жерде үч күн жашына тургула. Анан алар кеткенден кийин, өз жолуңарга түшсөңөр болот»,— деди. 17  Тиги экөө ага мындай дешти: «Сага берген антыбыз үчүн күнөөлүү болбойбуз+. 18  Биз бул жерге жакын арада келебиз, ошондуктан бизди түшүргөн терезеңе бул кызыл жипти байлап кой да, ата-энеңди, ага-инилериңди жана атаңдын бүт урук-тууганын үйүңө чогулт+. 19  Эгер кимдир бирөө үйүңдөн сыртка чыга турган болсо+, анда анын каны өз мойнунда болот, биз күнөөлүү болбойбуз. Ал эми үйүңдүн ичинде сени менен бирге отургандардын арасынан кимдир бирөөнө кол көтөрүлсө, анда анын каны биздин мойнубузда болот. 20  Ошондой эле биз жөнүндө бирөөгө айтып коё турган болсоң+, анда да берген антыбыз үчүн күнөөлүү болбойбуз». 21  Аял: «Силер айткандай болсун»,— деди. Ошондон кийин ал аларды коё берди, алар кетишти. Аял терезесине кызыл жип байлап койду. 22  Тиги экөө тоолуу аймакка барып, куугунчулар кайрылып келгенче, үч күн ошол жакта болушту. Куугунчулар аларды издеп, бардык жолдорду карап чыгышты, бирок таппай коюшту. 23  Эки чалгынчы тоолуу аймактан кетип, дарыядан өтүштү да, Нундун уулу Жашыяга барып, бүт баарын айтып беришти. 24  Алар Жашыяга: «Жахаба ал жердин баарын бизге берди+. Ошондуктан ал жердин бүт тургундары бизден коркуп, ындыны өчүп калыптыр»,— дешти+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жаныбыз».