Жашыя 20:1—9
20 Анан Жахаба Жашыяга мындай деди:
2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Мен силерге Муса аркылуу айткан баш калкалоочу шаарларды бөлүп койгула+.
3 Ал жакка кимдир бирөөнү* кокусунан өлтүрүп алган киши качып барат+. Ал шаарлар силерди өлгөн кишинин кунун кууган адамдан калкалай турган шаарлар болот+.
4 Киши өлтүрүп алган адам ал шаарлардын бирине качып барсын да+, анын дарбазасынын алдына туруп+, ал шаардын аксакалдарына эмне болгонун айтып берсин+. Ошондон кийин алар аны шаарына кабыл алып, баш калкалай турган жер беришсин. Ошентип, ал алар менен жашап калат.
5 Эгер өлгөн адамдын кунун кууган киши анын артынан кууп келсе, алар аны кун кууган кишинин колуна салып беришпесин+, анткени ал жакынын жек көргөндүктөн эмес, кокусунан өлтүрүп алган+.
6 Ал ошол шаарда жамааттын алдында сот жүргүзүлгөнгө чейин жашашы керек+. Күнөөсүз экени далилденгенден кийин, ошол учурдагы башкы дин кызматчы өлгөнгө чейин ошол шаарда жашап+, андан кийин өз шаарына, өз үйүнө, кайсы шаардан качып келсе, ошол шаарга кайтып барса болот“»+.
7 Ошондо алар Напталынын тоолуу аймагындагы Галилеядагы Кедешти+, Эпрайымдын тоолуу аймагындагы Шекемди+, Жүйүттүн тоолуу аймагындагы Кириат-Арбаны+, башкача айтканда, Хебронду ошол максатта ыйыкташты.
8 Андан сырткары, Жерихого жакын жерден, Иордандын чыгыш тарабынан, Рубейин уруусуна+ караштуу бөксө тоодогу чөлдө жайгашкан Безерди+, Гат уруусунун жеринен Гилаттагы Рамотту+ жана Менаше уруусуна караштуу Башандагы Голанды+ беришти.
9 Бул шаарлар Ысрайыл уулдары менен алардын арасында жашаган келгиндер үчүн баш калкалоочу шаарлар болот. Кимдир бирөөнү* кокусунан өлтүрүп алган адам+ жамааттын алдында сот жүргүзүлгөнгө чейин+ өлгөн адамдын кунун кууган кишинин колунан өлүп калбашы үчүн ошол шаарларга качып барат.