Жашыя 21:1—45
21 Леби тукумдарынын башчылары дин кызматчы Элазарга+, Нундун уулу Жашыяга+, Ысрайыл уулдарынын тукум башчыларына,
2 Канаан жериндеги Шилого+ барып: «Жахаба Муса аркылуу бизге жашаганга шаарларды, ошондой эле малыбыз үчүн алардын тегерегиндеги жерлерди берүүнү буйрук кылган болчу»,— дешти+.
3 Ошондо Ысрайыл уулдары, Жахабанын буйругу боюнча, өздөрүнүн жеринен лебилерге+ шаарларды жана алардын тегерегиндеги жерлерди беришти+.
4 Өкчөмө таш ыргытканда Кааттын тукумдарына+ түштү. Алардын, лебилердин, арасынан дин кызматчы Арундун уулдарына Жүйүт+, Шымон+, Бенжемин урууларынын+ жеринен он үч шаар тийди.
5 Ал эми Кааттын калган уулдарына+ Эпрайым уруусундагы үй-бүлөлөргө+, Дан уруусуна+, Менаше уруусунун+ жарымына таандык жерлерден он шаар тийди.
6 Гершон уулдарына+ Исахар уруусундагы үй-бүлөлөргө+, Ашыр уруусуна+, Напталы уруусуна+, Менаше уруусунун жарымына, тактап айтканда, Башандагы Менаше уруусуна+ таандык жерлерден он үч шаар тийди.
7 Мерари уулдарынын+ үй-бүлөлөрүнө болсо Рубейин+, Гат+, Забулун урууларына+ таандык жерлерден он эки шаар тийди.
8 Жахаба Мусага буйругандай+, Ысрайыл уулдары өкчөмө таш ыргытып+, лебилерге шаарларды жана алардын тегерегиндеги жерлерди беришти+.
9 Аларга Жүйүт, Шымон урууларынын жеринен төмөндө аттары аталган шаарлар берилди+.
10 Биринчи өкчөмө таш Кааттын тукумдарына түшкөндүктөн, ал шаарлар Леби уулдарынын ичинен Кааттын тукумдарынан болгон Арундун уулдарына берилди+.
11 Аларга Кириат-Арбаны+ (Арба Анактын атасы болгон)+, башкача айтканда, Жүйүттүн тоолуу аймагындагы+ Хебронду+ жана анын тегерегиндеги жерлерди беришти.
12 Ал эми шаардын жанындагы талааны, ал шаарга караштуу айыл-кыштактарды Жепундун уулу Калепке беришти+.
13 Дин кызматчы Арундун уулдарына кимдир бирөөнү өлтүрүп алган киши+ баш калкалай турган шаарды+, атап айтканда, Хебронду+ жана анын тегерегиндеги жерлерди, Либнаны+ жана анын тегерегиндеги жерлерди,
14 Жатирди+, Эштемону+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди,
15 Холонду+, Дебирди+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди,
16 Айынды+, Жутахты+, Бет-Шемешти+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди — эки уруунун тогуз шаарын беришти.
17 Ал эми Бенжемин уруусунун жеринен Гибонду+, Гебаны+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди,
18 Анатотту+, Алмонду+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди — төрт шаар беришти.
19 Дин кызматчыларга, Арундун уулдарына+, баары биригип он үч шаар жана алардын тегерегиндеги жерлер берилди+.
20 Ал эми Каат уулдарынын үй-бүлөлөрүнө, Кааттын тукумдарынан болгон калган лебилерге, Эпрайым уруусуна таандык жердеги шаарлар тийди+.
21 Аларга кимдир бирөөнү өлтүрүп алган киши+ баш калкалай турган шаарды+, атап айтканда, Эпрайымдын тоолуу аймагындагы Шекемди+ жана анын тегерегиндеги жерлерди+, Гезерди+ жана анын тегерегиндеги жерлерди,
22 Кипсаимди+, Бет-Оронду+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди — төрт шаар беришти.
23 Дан уруусунун жеринен Элтекени, Гиптонду+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди,
24 Айлонду+, Гат-Римонду+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди — төрт шаар беришти.
25 Менаше уруусунун жарымына таандык жерден Таанахты+, Гат-Римонду жана алардын тегерегиндеги жерлерди — эки шаар беришти.
26 Кааттын уулдарынын калган үй-бүлөлөрүнө баары биригип он шаар жана алардын тегерегиндеги жерлер берилди.
27 Лебинин тукумдарынан болгон Гершондун уулдарына+ Менаше уруусунун жарымына+ таандык жерден эки шаарды: кимдир бирөөнү өлтүрүп алган киши баш калкалай турган шаарды, атап айтканда, Башандагы Голанды+ жана анын тегерегиндеги жерлерди, Беиштераны+ жана анын тегерегиндеги жерлерди беришти.
28 Исахар уруусунун+ жеринен Кишионду+, Дабератты+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди,
29 Жармутту+, Эн-Ганимди+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди — төрт шаар беришти.
30 Ашыр уруусунун+ жеринен Мишалды+, Абдонду+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди,
31 Хелкатты+, Рекопту+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди — төрт шаар беришти.
32 Напталы уруусунун+ жеринен үч шаарды: кимдир бирөөнү өлтүрүп алган киши+ баш калкалай турган шаарды+, атап айтканда, Галилеядагы Кедешти+ жана анын тегерегиндеги жерлерди, Хамот-Дорду+, Картанды жана алардын тегерегиндеги жерлерди беришти.
33 Гершондун тукумдарынын үй-бүлөлөрүнө баары биригип он үч шаар жана алардын тегерегиндеги жерлер берилди.
34 Калган лебилерге, Мераринин уулдарына+, Забулун уруусунун+ жеринен Жокнеямды+, Картаны жана алардын тегерегиндеги жерлерди,
35 Димнаны+, Нахалалды+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди — төрт шаар беришти.
36 Рубейин уруусунун+ жеринен Безерди+, Жаасты+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди,
37 Кедемотту+, Мепатты+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди — төрт шаар беришти.
38 Гат уруусунун+ жеринен кимдир бирөөнү өлтүрүп алган киши баш калкалай турган шаарды, атап айтканда, Гилаттагы Рамотту+ жана анын тегерегиндеги жерлерди, Маханаимди+ жана анын тегерегиндеги жерлерди,
39 Хешпонду+, Жазерди+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди — баары биригип төрт шаар беришти.
40 Калган лебилерге, Мерари уулдарынын+ үй-бүлөлөрүнө, баары биригип он эки шаар тийди.
41 Лебилерге Ысрайыл уулдарынын жеринен бардыгы биригип кырк сегиз шаар+ жана алардын тегерегиндеги жерлер+ берилди.
42 Ал шаарлардын ар биринин тегерегинде өзүнө таандык жерлер бар болчу+.
43 Ошентип, Жахаба Ысрайыл уулдарына алардын ата-бабаларына берем+ деп ант берген жердин баарын берди. Алар ал жерди ээлеп+, ошол жерде жашап калышты.
44 Андан сырткары, Жахаба аларды, ата-бабаларына ант бергендей эле+, айланасындагы душмандарынан коргоп, тынчтык берди+. Душмандарынын бири да аларга туруштук бере алган жок+. Жахаба алардын колуна бардык душмандарын салып берди+.
45 Жахаба Ысрайыл уулдарына убада кылган жакшы нерселердин бири да аткарылбай калган жок, баары аткарылды+.