Жашыя 22:1—34

22  Ошондо Жашыя Рубейин уруусун, Гат уруусун жана Менаше уруусунун жарымын+ чакырып,  мындай деди: «Силер Жахабанын кызматчысы Муса айткандардын баарын аткардыңар+. Ошондой эле мен берген буйруктардын бардыгын аткарып, мага дайыма тил алып келдиңер+.  Бир туугандарыңарды ушунча убакыт бою+, ушу күнгө чейин таштаган жоксуңар жана Жахаба Кудайыңардын буйруктарын аткарып келдиңер+.  Эми Жахаба Кудайыңар, өзү убада кылгандай, бир туугандарыңарга тынчтык берди+. Ошондуктан Жахабанын кызматчысы Муса Иордандын чыгыш тарабынан берген жериңерге+, өз чатырларыңарга кайтып баргыла.  Болгону, Жахабанын кызматчысы Муса буйруган осуяттар менен мыйзамдарды так аткаргыла+: Жахаба Кудайыңарды сүйгүлө+, анын жолу менен жүргүлө+, осуяттарын аткаргыла+, ага берилген бойдон калгыла+ жана ага бүт жүрөгүңөр+, бүт жаныңар+ менен кызмат кылгыла»+.  Анан Жашыя аларга батасын берип+, аларды коё берди. Алар өз чатырларына кетишти.  Менаше уруусунун жарымына Муса Башан жеринен үлүш берген болчу+. Ал эми экинчи жарымына Жашыя Иордандын батыш тарабынан+ бир туугандары менен бирге үлүш берди. Жашыя аларга батасын берип, чатырларына коё берди.  Ал аларга: «Эми чатырларыңарга баргыла, көп байлык, жер жайнаган мал, күмүш, алтын, жез, темир жана көп кийим-кече ала кеткиле+. Душмандардан түшкөн олжодон өз үлүшүңөрдү алып+, бир туугандарыңар менен бөлүшкүлө»,— деди.  Ошондон кийин Рубейин уулдары, Гат уулдары, Менаше уруусунун жарымы берки Ысрайыл уулдарынын жанынан кетип, Канаан жериндеги Шилодон Гилат+ жерине жөнөштү. Алар, Жахабанын Муса аркылуу берген буйругу боюнча, ошол жерди ээлеп, отурукташышы керек болчу+. 10  Канаан жериндеги Иордан аймагына жеткенде алар Иордандын жанына чоң курмандык жайын+ курушту. 11  Көп өтпөй берки Ысрайыл уулдарына: «Рубейин уулдары, Гат уулдары жана Менаше уруусунун жарымы Канаан жеринин чек арасына, Иордандын Ысрайыл уулдарына таандык батыш тарабына курмандык жайын курушуптур»,— деген кабар жетти+. 12  Ошондо Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты+ алар менен согушуш үчүн+ Шилого+ чогулушту. 13  Анан Ысрайыл уулдары Гилат жериндеги Рубейин уулдарына, Гат уулдарына, Менаше уруусунун жарымына дин кызматчы Элазардын уулу Пинехасты+ жана 14  ага кошуп он башчыны, ар бир уруудан бирден башчы, жиберишти+. Алардын ар бири Ысрайылдагы миң сандаган кишилердин башчылары+, тукум башчылары эле. 15  Алар Гилат жериндеги Рубейин уулдарына, Гат уулдарына, Менаше уруусунун жарымына келип, мындай дешти+: 16  «Жахабанын бүт жамааты+ мындай дейт: „Кантип ушундай иш кылып, Ысрайылдын Кудайына ишенимсиздик көрсөттүңөр?+ Эмнеге Жахабага баш ийбей+, курмандык жайын куруп+, Жахабага каршы чыктыңар? 17  Эмне, бизге Пеордо кылган күнөөбүз+ аздык кылабы? Ошондо Жахабанын жамааты балээге кабылбады беле?+ Ошого карабай андан азыркыга чейин арыла албай келатабыз. 18  Эми минтип силер да Жахабага баш ийбей жатасыңарбы? Эгер бүгүн Жахабага каршы чыксаңар, эртең ал бүт Ысрайыл жамаатына каарын төгөт+. 19  Эгер силерге берилген жер таза эмес болсо+, анда Жахаба ээлик кылган жерге+, Жахабанын ыйык чатыры турган жерге келип+, биздин арабызда жашагыла. Болгону, Жахабага каршы чыкпагыла, Жахаба Кудайыбыздын курмандык жайынан башка дагы курмандык жайын куруп+, бизди козголоңчу кылбагыла. 20  Зерактын уулу Ахан+ жок кылына турган нерселерди алып, ишенимсиздик көрсөткөн жок беле? Ошондо Кудайдын каары бүт Ысрайыл жамаатына төгүлгөн эмес беле?+ Кылган күнөөсү үчүн ал жалгыз өзү эле өлгөн эмес“»+. 21  Рубейин уулдары, Гат уулдары жана Менаше уруусунун жарымы Ысрайылдагы миң сандаган кишилердин башчыларына+ мындай дешти+: 22  «Кудуреттүү+ Кудай+ Жахаба билет, Кудуреттүү Кудай Жахаба+ билет+, Ысрайыл да билсин+. Жахаба, эгер биз козголоң чыгарып+, сага ишенимсиздик көрсөтүп жатсак+, анда бизди аяба. 23  Эгер бул курмандык жайын Жахабага баш ийбеш үчүн, анын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, нан курмандыктарын+, тынчтык курмандыктарын чалыш үчүн курган болсок, анда муну Жахаба өзү териштирет+. 24  Биз бул курмандык жайын корккондуктан, кийин балдарыңар биздин балдарыбызга: „Ысрайылдын Кудайы Жахабага силердин кандай тиешеңер бар? 25  Рубейин уулдары менен Гат уулдары, силер менен биздин ортобузга Жахаба Иорданды чек ара кылып койгон. Силердин Жахабага эч кандай тиешеңер жок“+,— деп айтышпасын деп ойлогондуктан курдук. Ошентип, балдарыбыз силердин балдарыңардын айынан Жахабадан коркпой калбасын дедик+. 26  Ошол себептен биз: „Келгиле, курмандык жайын куралы. Бирок аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды же башка курмандыктарды чалыш үчүн эмес, 27  келечекте ал силер менен биздин ортобузда күбө болушу үчүн+, биз да Жахабага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын жана башка курмандыктарды чалып+, ага кызмат кылышыбыз үчүн, ошондой эле силердин балдарыңар биздин балдарыбызга: “Жахабага силердин эч кандай тиешеңер жок”,— деп айтпашы үчүн куралы“,— деп сүйлөштүк. 28  Анан: „Эгер алар бир күнү бизге же келечектеги муундарыбызга ошентип айтыша турган болсо, анда биз: “Аталарыбыз курган бул курмандык жайын карагылачы, ал Жахабанын курмандык жайына окшош. Аны аталарыбыз бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды же башка курмандыктарды чалыш үчүн эмес, силер менен биздин ортобузда күбө болушу үчүн курган”,— деп айтабыз“,— дедик. 29  Жахабага каршы чыгуу, Жахаба Кудайыбыздын ыйык чатырынын алдында турган курмандык жайынан башка курмандык жайын куруп+, Жахабага баш ийбей коюу+ оюбузда да жок болчу!» 30  Рубейин уулдары, Гат уулдары жана Менаше уулдары айткан бул сөздөр дин кызматчы Пинехас+ менен жамаат башчыларына+, Ысрайылдагы миң сандаган кишилердин башчыларына, жакты. 31  Дин кызматчы Элазардын уулу Пинехас Рубейин уулдарына, Гат уулдары менен Менаше уулдарына: «Бүгүн Жахаба биздин арабызда+ экенин билдик, анткени силер Жахабага каршы чыкпаптырсыңар. Эми Жахаба бизди жазалабайт»,— деди+. 32  Дин кызматчы Элазардын уулу Пинехас менен башчылар Рубейин уулдары менен Гат уулдарынын жанынан, Гилат жеринен кетип, Канаан жериндеги Ысрайыл уулдарына барышты да+, баарын айтып беришти+. 33  Ал сөздөр Ысрайыл уулдарына да жаккандыктан, алар Кудайды даңкташты+. Ошондон кийин алар Рубейин жана Гат уулдары менен согушканы барабыз, алардын жерин талкалайбыз дебей калышты. 34  Рубейин уулдары менен Гат уулдары: «Бул баарыбыз үчүн Жахабанын чыныгы Кудай+ экенине күбө» — деп, курмандык жайына ат* коюшту.

Шилтемелер

Кыязы, аны «Күбө» деп аташкан.