Жашыя 23:1—16

23  Жахаба Ысрайылды тегерегиндеги бардык душмандарынан куткарып, аларга тынчтык бергенден+ көп убакыт өттү. Жашыя абдан карыды+.  Ал бүт Ысрайылды жана анын аксакалдарын+: башчыларын, сотторун, жетекчилерин+ чакырып, аларга мындай деди: «Мен абдан карыдым.  Силер Жахаба Кудайыңардын силер үчүн бул элдердин баарын эмне кылганын өз көзүңөр менен көрдүңөр+. Жахаба Кудайыңар силер үчүн өзү салгылашты+.  Мен силерге араңарда жашап жаткан элдердин да, мен кырып жок кылган элдердин+ да жерин, Иордандан тартып батыштагы Улуу деңизге чейинки+ жерлердин баарын, өкчөмө таш ыргытып+ бөлүп бердим.  Жахаба Кудайыңар аларды алдыңардан кууп чыгып+, силерге бериш үчүн алардын жерин тартып алды. Силер, Жахаба Кудайыңар убада кылгандай, алардын жерин ээлеп алдыңар+.  Мусанын мыйзам китебинде жазылгандардын баарын аткарышыңар үчүн+ кайраттуу, бекем болушуңар керек+. Андан оңго да, солго да бурулбагыла+,  араңарда жашап жаткан элдер менен аралашпагыла+. Алардын кудайларынын ысмын оозго албагыла+, аларды оозанып ант бербегиле+, аларга кызмат кылбагыла, таазим этпегиле+.  Ушу күнгө чейин ишенимдүү болгонуңардай, мындан ары да Жахаба Кудайыңарга ишенимдүү болгула+.  Жахаба араңардан улуу, күчтүү элдерди кууп чыгат+. (Ушу күнгө чейин бир да киши силерге туруштук бере алган жок.)+ 10  Бирөөңөр миңди кубалайсыңар+, анткени Жахаба Кудайыңар, өзү убада кылгандай+, силер үчүн салгылашат+. 11  Жахаба Кудайыңарды сүйгүлө+, ошондо жаныңарды сактайсыңар+. 12  Эгерде артка кетип+, бул элдердин+ калгандары менен, араңарда жашап жаткандар менен, бириге турган болсоңор, алар менен кыз алышып, кыз беришип аралаша турган болсоңор+, 13  анда билип койгула, Жахаба Кудайыңар бул элдерди силердин араңардан кууп чыкпайт+. Силер Жахаба Кудайыңар берген жакшы жерден жок болуп кетмейинче+, алар силер үчүн салынган кылтак, тартылган тузак болот, жонуңарга камчы, көзүңөргө тикен болот+. 14  Мына, менин өлөрүмө аз калды+. Силер Жахаба Кудайыңардын силерге берген убадаларынын бири да аткарылбай калбаганын жакшы билесиңер. Алардын баары аткарылды, бири да аткарылбай калган жок+. 15  Жахаба Кудайыңардын силерге айткан жакшы сөздөрүнүн баары аткарылгандай эле+, Жахабанын силерге каршы айткан сөздөрү да аткарылып, акыр-аягы Жахаба Кудайыңар берген жакшы жерден жок болосуңар+. 16  Эгер Жахаба Кудайыңар сактагыла деп айткан келишимди бузсаңар, башка кудайларга кызмат кылып, аларга таазим кыла турган болсоңор+, силерге каршы айтылган ошол сөздөрдүн баары аткарылат. Силерге Жахабанын каары кайнап+, ал берген жакшы жерден бат эле жок болосуңар»+.

Шилтемелер