Жашыя 3:1—17
3 Жашыя менен Ысрайыл уулдарынын баары эртең менен эрте Шитимден+ чыгып, Иордан дарыясынын жанына келишти. Бирок андан өтпөй, ошол жерге түнөп калышты.
2 Үч күндөн кийин+ башчылар+ конушту кыдырып,
3 элге мындай буйрук беришти: «Дин кызматчы-лебилердин Жахаба Кудайыңардын келишиминин сандыгын көтөрүп+ жөнөгөнүн көргөнүңөрдө ордуңардан туруп, алардын артынан жөнөгүлө.
4 Бирок алар менен силердин ортоңордо эки миң чыканактай* аралык болсун+, келишим сандыгына жакындабагыла. Кайсы жол менен барыш керектигин билишиңер үчүн алардын артынан жүргүлө, анткени силер бул жол менен мурун баскан эмессиңер».
5 Жашыя элге: «Өзүңөрдү ыйыктагыла+, анткени Жахаба эртең силердин араңарда ажайып иштерди жасайт»,— деди+.
6 Анан дин кызматчыларга: «Келишим сандыгын алып+, элдин алдына түшкүлө»,— деди. Алар келишим сандыгын алып, алдыга түшүштү.
7 Жахаба Жашыяга: «Муса менен болгонумдай эле+, сени менен да болорумду+ бүт Ысрайыл билиши үчүн, бүгүндөн баштап алардын көз алдында зоболоңду көтөрөм+.
8 Келишим сандыгын көтөрүп бараткан дин кызматчыларга: „Иордандын жээгине жетип, бутуңар сууга тиери менен токтогула“+,— деп айт»+,— деди.
9 Жашыя Ысрайыл уулдарына: «Жакын келип, Жахаба Кудайыңардын эмне дегенин уккула»,— деди.
10 Анан аларга мындай деди: «Араңарда тирүү Кудай бар экенин+ жана анын силердин алдыңардан канаандыктарды, Хеттин тукумдарын, хибиликтерди, периздерди, гиргаштарды, аморлуктарды, жебустуктарды+ кууп чыгарын мындан билесиңер:
11 бүт жер жүзүнүн Теңиринин келишиминин сандыгы силердин алдыңарда Иорданга кирет.
12 Ысрайыл урууларынан он эки киши, ар бир уруудан бирден киши, тандагыла+.
13 Бүт жер жүзүнүн Теңири Жахабанын келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылардын буту Иордандын суусуна тиери менен, агып келаткан суу токтоп, тосмодой болуп туруп калат»+.
14 Эл чатырларын жыйып, Иордандан өтүш үчүн жөнөгөндө, келишим сандыгын+ көтөргөн дин кызматчылар алардын алдына түшүштү.
15 Оруп-жыюу маалында Иордандын суусу жээгинен ашып-ташып турса да+, келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылардын буту Иордандын суусуна тиери менен,
16 агып келаткан суу токтоп, тээ Саретандын+ жанындагы Адам деген шаарга чейин тосмодой болуп туруп калды+, ал эми Арабадагы Туздуу деңизди+ көздөй аккан суу соолуп калды. Ошондо эл Жерихонун тушунан аркы өйүзгө өтүштү.
17 Бүт ысрайыл эли Иордан дарыясынын кургак жери менен аркы өйүзгө өтүп бүткүчө+, Жахабанын келишиминин сандыгын көтөргөн дин кызматчылар дарыянын ортосундагы кургак жерде жылбай турушту+.
Шилтемелер
^ Болж. м-н 890 м.