Жашыя 4:1—24
4 Элдин баары Иордандан өтүп бүткөндөн кийин+, Жахаба Жашыяга мындай деди:
2 «Элдин арасынан он эки киши, ар бир уруудан бирден киши, танда+.
3 Анан аларга: „Иордандын ортосунан, дин кызматчылар кыймылдабай турган жерден+, он эки таш алып+, бүгүн түнөй турган жерге+ алып баргыла“,— деп айт».
4 Жашыя Ысрайыл уулдарынын арасынан өзү дайындаган он эки кишини чакырды+, ар бир уруудан бирден киши чакырды.
5 Анан аларга мындай деди: «Жахаба Кудайыңардын келишим сандыгынын алды жагына, Иордандын ортосуна, баргыла да, Ысрайыл уулдарынын санына жараша ар бириңер бирден таш алып, ийниңерге коюп көтөрүп келгиле.
6 Ал таштар силерге Кудайдын эмне кылганын эстетип турат+. Эгер кийин балдарыңар: „Бул таштарды бул жерге эмнеге коюп койдуңар?“ — деп сураса+,
7 силер: „Бул таштар Ысрайыл уулдары үчүн түбөлүккө эскертүү катары кызмат кылат+, анткени Жахабанын келишиминин сандыгын дарыядан алып өтүп баратканда, Иордандын суусу токтоп калган“,— деп айткыла»+.
8 Ысрайыл уулдары баарын Жашыя айткандай кылышты. Алар, Жахаба Жашыяга буйругандай, Иордандын ортосунан Ысрайыл уулдарынын урууларынын санына жараша он эки таш алып+, өздөрү түнөй турган жерге алып барып коюшту+.
9 Жашыя дагы башка он эки ташты Иордандын ортосуна+, келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар турган жерге койду. Алар ошол жерде ушул күнгө чейин турат.
10 Жахаба элге Жашыя аркылуу буйругандардын баары, Муса Жашыяга буйругандардын баары, аткарылып бүткүчө+, келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар Иордандын ортосунда турушту+. Эл болсо шашылыш түрдө+ дарыядан өтүп жатты.
11 Бүт эл дарыядан өтүп бүткөндөн кийин, Жахабанын келишим сандыгын+ көтөргөн дин кызматчылар да өтүштү. Эл аларды карап турду.
12 Рубейин уруусу, Гат уруусу жана Менаше уруусунун жарымы+, Муса аларга буйрук кылгандай+, Ысрайыл уулдарынын көз алдында дарыядан куралчан өтүштү+.
13 Кырк миңге жакын куралчан киши согушуу үчүн Жахабанын алдында дарыядан өтүп, Жерихонун чөлдүү түздүктөрүнө барышты.
14 Жахаба ошол күнү бүт Ысрайылдын алдында Жашыянын зоболосун көтөрдү+. Ошондон тартып алар, Мусадан корккондой эле, Жашыядан да анын өмүрү өткөнчө коркушту+.
15 Андан кийин Жахаба Жашыяга:
16 «Келишим сандыгын+ көтөргөн дин кызматчыларга Иордандан чыгууну буйрук кыл»,— деди.
17 Жашыя дин кызматчыларга: «Иордандан чыккыла»,— деди.
18 Жахабанын келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар+ Иордандын жээгине чыгары менен+, Иордандын суусу кайра ордуна келип, мурункудай эле жээгинен ашып-ташып ага баштады+.
19 Биринчи айдын онунчу күнү эл Иордандын аркы өйүзүнө өтүп, Жерихонун чыгыш чек арасындагы Гилгалга+ чатырларын тигишти.
20 Иордандан алынган он эки ташты Жашыя Гилгалга койду+.
21 Анан Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Кийин балдарыңар: „Бул таштар эмнени билдирет?“ — деп сураганда+,
22 аларга: „Ысрайыл Иордан дарыясынан кургак жер менен өткөн+.
23 Анткени Жахаба Кудайыңар эл өтсүн деп, Кызыл деңиздин суусун кургаткандай эле, Жахаба Кудайыңар бизди өтсүн деп, Иордандын суусун да кургатып койгон+.
24 Муну ал жер бетиндеги бардык элдер Жахабанын колу+ күчтүү+ экенин билиши үчүн жана силер дайыма Жахаба Кудайыңардан коркушуңар үчүн кылган“,— деп жооп бергиле»+.