Жашыя 5:1—15

5  Ысрайыл уулдары өтүшү үчүн, Жахабанын Иордан суусун кургатканын укканда Иордандын батыш тарабында жашаган аморлуктардын+ жана деңиздин жанында жашаган канаандыктардын+ бардык падышаларынын жүрөктөрү түштү+. Ысрайыл уулдарынан корккондуктан алардын кайраты качты+.  Ошол учурда Жахаба Жашыяга: «Оттук таштан бычак жасап, Ысрайыл уулдарын кайрадан, экинчи жолу сүннөткө отургуз»,— деди+.  Жашыя оттук таштан бычак жасап, Ысрайыл уулдарын Гибат-Харалотто+ сүннөткө отургузду.  Жашыянын аларды сүннөткө отургузганынын себеби мындай эле: Мисирден чыккан элдин баары, согушка жарактуу эркектердин баары, Мисирден келатканда чөлдө өлүшкөн+.  Ал жактан чыккан элдин баары сүннөткө отургузулган болчу, ал эми Мисирден келатканда чөлдө төрөлгөндөрдүн бири да сүннөткө отургузулган эмес эле.  Мисирден чыккан бүт эл, согушка жарактуу эркектердин баары, Жахабанын тилин албаганы үчүн өлүп жок болгонго чейин, Ысрайыл уулдары чөлдө кырк жыл жүрүштү+. Жахаба аларга сүт менен бал аккан жерди+, алардын ата-бабаларына бизге берем деп ант берген+ жерди, көрүшпөй турганын айткан+. Жахаба муну аларга ант берип айткан.  Ошондуктан ал жерге алардын ордуна уулдары барды+. Жашыя аларды сүннөткө отургузду, анткени алар жолдон сүннөткө отургузулган эмес болчу.  Баары сүннөткө отургузулуп, айыккыча конуштан чыгышкан жок+.  Ошондо Жахаба Жашыяга: «Бүгүн мен силерди Мисирдин шылдыңынан арылттым»,— деди+. Ошондуктан ал жер азыркы күнгө чейин Гилгал деп аталат+. 10  Ысрайыл уулдарынын кошууну Гилгалда бир канча убак турду. Ошол убакта алар айдын он төртүнчү күнү кечинде Жерихонун чөлдүү түздүктөрүндө пасах майрамын белгилешти+. 11  Пасах майрамын белгилеген күндүн эртеси, ошол эле күнү, алар ошол жердин түшүмүн: калама+ менен куурулган дан жей башташты. 12  Алар ошол жердин түшүмүнөн жей баштаган күндөн тартып манна пайда болбой калды. Ысрайыл уулдарына манна берилбей калды+. Алар ошол жылы Канаан жеринин түшүмүнөн жей башташты+. 13  Жерихого жакын жерде турганда Жашыя башын көтөрүп караса, маңдайында колунда кылычы бар+ бир киши туруптур+. Жашыя жанына барып: «Сен биз тараптасыңбы же душмандар тараптасыңбы?» — деп сурады. 14  Ал: «Жок, мен бул жакка Жахабанын аскерлеринин төрөсү катары келдим»+,— деп жооп берди. Ошондо Жашыя жерге чейин ийиле таазим кылып+: «Мырзам, кулуңа айтар кандай сөзүң бар?» — деди. 15  Жахабанын аскерлеринин төрөсү ага: «Бутуңдагы сандалыңды чеч, анткени сен турган жер ыйык»,— деди. Жашыя дароо сандалын чечти+.

Шилтемелер