Жашыя 9:1—27

9  Бул тууралуу Иордандын батыш тарабында: тоолуу аймакта, Шепелада, Улуу деңиздин боюнда+ жана Лебанондун+ тушунда жашаган элдердин — Хеттин тукумдарынын+, аморлуктардын, канаандыктардын+, периздердин+, хибиликтердин жана жебустуктардын+ — падышаларынын+ баары укту.  Алар ошол замат Жашыяга жана Ысрайылга каршы согушуш үчүн чогула башташты+.  Жашыянын Жерихо+ менен Айды+ эмне кылганын Гибондун+ тургундары да угушту.  Ошондо алар акылдуулук кылышты+: жолго тамак-аш алып, эшектерине эски каптарын, шарап куюлган эски, жамаачыланган чаначтарын артып+,  буттарына көөнөргөн, жамаачыланган сандалдарды, үстүлөрүнө эскилиги жеткен кийимдерди кийип алышты. Алган нандары болсо катып, үбөлөнүп калган эле.  Алар Гилгалдагы кошуунга барып+, Жашыя менен ысрайылдыктарга: «Биз алыс жактан келдик. Биз менен келишим түзгүлө»,— дешти+.  Ошондо ысрайылдыктар хибиликтерге+: «Силер бизге жакын жерде жашаган эл болуп жүрбөгүлө, андай болсо силер менен кантип келишим түзөбүз?» — дешти+.  Алар Жашыяга: «Биз сенин кулдарыңбыз»,— дешти+. Жашыя алардан: «Силер кимсиңер? Кайдан келдиңер?» — деп сурады.  Алар мындай деп жооп беришти: «Сенин кулдарың Жахаба Кудайыңдын ысмын урматтагандыктан+ алыс жактан келишти+. Анткени биз анын даңкы жөнүндө, Мисирде кылган бардык иштери жөнүндө уктук+, 10  ошондой эле анын Иордандын аркы өйүзүндө жашаган аморлуктардын эки падышасын, Хешпондун падышасы Сихон+ менен Аштаротто+ жашаган Башандын падышасы Окту+, эмне кылганын бүт уктук. 11  Ошондуктан аксакалдарыбыз менен жерибиздин бүт тургундары бизге+: „Жолго тамак-аш алып, аларга баргыла да: “Биз силердин кулдарыңарбыз+. Биз менен келишим түзгүлө”,— деп айткыла“,— дешти+. 12  Жолго чыгып жатканда бул нандарыбыз ысык болчу, азыр болсо, карагылачы, катып, үбөлөнүп калды+. 13  Шарап куйган бул чаначтарыбыз да жапжаңы эле, азыр болсо айрылып калды+. Узак жол жүргөндүктөн, кийимдерибиз менен сандалдарыбыз да жыртылып калды». 14  Ошондо ысрайылдыктар алардын тамак-ашын карап көрүш үчүн андан бир аз алышты. Алар бул тууралуу Жахабадан сурашкан жок+. 15  Жашыя алардын өмүрүн сактап калыш үчүн алар менен тынчтык келишимин түздү+, жамаат башчылары+ аларга ант беришти+. 16  Алар менен келишим түзгөндөн үч күн өткөндөн кийин, ысрайылдыктар алардын кошуна эл экенин, жакын эле жерде турушарын билишти. 17  Ысрайыл уулдары жолго чыгып, үчүнчү күнү алардын шаарларына жетишти. Алардын шаарлары Гибон+, Кепира+, Бейрот+ жана Кириат-Жеарим+ эле. 18  Бирок жамаат башчылары аларга Ысрайылдын Кудайы Жахабаны оозанып+ ант берип коюшкандыктан+, Ысрайыл уулдары аларга тийген жок. Ошондуктан бүт жамаат башчыларга каршы чыгып, наалый баштады+. 19  Ошондо башчылардын баары жамаатка: «Биз аларга тие албайбыз, анткени Ысрайылдын Кудайы Жахабаны оозанып ант берип койгонбуз+. 20  Аларга берген антыбыздан улам Кудайдын каарына калбашыбыз үчүн, берген убадабыз боюнча аларды аман калтыралы»,— дешти+. 21  Алар дагы мындай дешти: «Биз, башчылар, аларга убада бергенибиздей эле+, алар жашай беришсин, бүт жамаат үчүн отун алып, суу ташышсын»+. 22  Жашыя аларды чакырып: «Эмнеге бизди алдадыңар? Бизге жакын жерде жашайт турбайсыңарбы+, анда эмне үчүн: „Биз алыс жактан келдик“,— дедиңер?+ 23  Эми силер каргышка каласыңар+. Түбөлүккө кул болуп+, менин Кудайымдын үйү үчүн отун алып, суу ташыйсыңар»,— деди+. 24  Алар Жашыяга: «Жахаба Кудайыңдын өзүнүн кызматчысы Мусага бул жерди силерге берүүнү, бул жердин бүт тургундарын кырып жок кылууну буйрук кылганын+ кулдарыңа айтышкандыктан, жаныбыздан айрылып калабыз деп корктук+. Ошондуктан ушундай кылдык+. 25  Мына, эми биз сенин колуңдабыз. Кандай кылганда жакшы, туура болот деп ойлосоң, бизге ошондой кыл»,— дешти+. 26  Жашыя ошондой кылды: аларды Ысрайыл уулдарынын колунан куткарып калды, ысрайылдыктар аларды өлтүрүшкөн жок+. 27  Ошол күнү Жашыя аларды Жахаба тандаган жерде+ анын курмандык жайы үчүн жана жамаат үчүн отун алып, суу ташыганга+ дайындады+. Алар ушу күнгө чейин ошол ишти аткарып келатышат.

Шилтемелер