Жезекиел 35:1—15
35 Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди:
2 «Адам уулу, Сеир тоолуу аймагына+ жүзүңдү буруп+, ага каршы пайгамбарлык кылып+,
3 мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Сеир тоолуу аймагы, мен сага каршы чыгам+, колумду сага каршы сунам+, сени ээн талаа, эрме чөлгө айлантам+.
4 Шаарларыңды кыйратам; сен ээн каласың+, ошондо менин Жахаба экенимди билесиң+.
5 Анткени Ысрайыл уулдарына эзелтен бери кас болгонсуң+, алардын башына мүшкүл түшкөн убакта+, күнөө кылганын токтоткон кезде+ аларды кылыч мизине алгансың”“+.
6 „Мен тирүүмүн,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Мен сенин каныңды төгүүнү чечтим, ошон үчүн артыңан кан кууйт+. Сен өзүң төгүп жүргөн канды жек көрчүсүң, ошон үчүн артыңан кан кууйт+.
7 Сеир тоолуу аймагын ээн талаа, эрме чөлгө айлантып+, ал жактан ары-бери өткөндөрдү кырам+.
8 Тоолорун өлүккө толтурам; адырларыңда, өрөөндөрүңдө, бүт сайларыңда кылычтан өлгөндөр кулайт+.
9 Сени түбөлүккө ээн калтырам; шаарларыңа эл отурукташпайт+. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер“+.
10 Жахаба ошол жакта болсо да+, сен: „Ошол эки эл, эки жер меники болот. Экөөнү тең ээлеп алабыз“,— дечүсүң+.
11 „Мен тирүүмүн,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— сенин каарыңа, аларды жек көргөндүктөн көрө албастык кылганыңа+ жараша чара көрөм. Сага өкүм чыгарганымда+ аларга өзүмдүн ким экенимди ачып берем.
12 Ошондо мен, Жахаба, сенин Ысрайыл тоолорун табалап: “Ээн калды, бизге жем болду”+,— деп айткан сөздөрүңдүн баарын укканымды билесиң+.
13 Силер кесир сүйлөп+, өзүңөрдү менден жогору койгонсуңар, мага көп жолу акарат кылгансыңар+. Мен ошонун баарын уккам“+.
14 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Жер жүзү сүйүнүп жаткан кезде сени ээн калтырам.
15 Ысрайыл үйүнүн мурасы ээн калганда сүйүнгөнүң үчүн, сени да ошондой кылам+. Сеир тоолуу аймагы, сен ээн каласың; бүт Эдом жери да ээн калат+. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет“»+.