Жеремиянын ыйы 4:1—22

א [Алеф] 4  Атаганат, жаркыраган алтындын, тандамал алтындын өңү өчтү!+Атаганат, ыйык таштар+ көчөлөрдүн бурчтарында чачылып жатат!+ ב [Бет]  Сиондун таза алтындай бааланган уулдары+Чоң карапага — карапачынын колунан жаралган идишке — барабар болуп калышты+. ג [Гимел]  Чөөлөр да эмчек берип, күчүктөрүн тойгузат.Ал эми менин элимдин кызы, чөлдөгү төө куштай болуп+, таш боор болуп калды+. ד [Далет]  Эмчектеги бала суусап, тили таңдайына жабышып калды+,Балдар нан сурап жатышат+, бирок аларга нан берген эч ким жок+. ה [Хе]  Даамдуу тамак жеп жүргөндөрдү көчөлөрдө коркунуч басты+.Ачык кызыл кийим кийип өскөндөр+ үйүлгөн күлдү кучактап калышты+. ו [Вав]  Элимдин кызынын кылмышы үчүн алган жазасы Содомдун күнөөсү үчүн алган жазасынан ашып түштү.Содом бир заматта кулаган+, жардам бериш үчүн ага эч ким кол сунган эмес+. ז [Зайин]  Сиондун назирлери+ кардан таза+, сүттөн ак,Маржандан кызыл болчу+, сапфирдей+ жаркырап турчу. ח [Хет]  Эми өңдөрү көөдөн да кара болуп, көчөдөн таанылбай калышты+.Кургаган терилери сөөгүнө жабышып+, куураган бактай болуп калды. ט [Тет]  Кылычтан өлгөндөргө ачарчылыктан өлгөндөргө караганда+ жакшы болду+,Анткени алар соолушту, тамак-аш жетпей алдан тайышты. י [Йод] 10  Боорукер аялдар балдарын өз колу менен бышырышты+.Элимдин кызы өлүп жатканда, алар кубат берерлик нанга айланышты+. כ [Каф] 11  Жахаба каарын+, жалындаган жаалын төктү+,Сионго пайдубалын жалмай турган от койду+. ל [Ламед] 12  Иерусалимдин дарбазасына жоо, душман кирерине+Жер жүзүнүн падышалары, калкынын баары ишенишкен эмес+. מ [Мем] 13  Пайгамбарларынын күнөөлөрү, дин кызматчыларынын кылмышы үчүн+Ал жакта адил кишилердин каны төгүлгөн+. נ [Нун] 14  Алар көчөлөрдө сокурлардай болуп каңгып калышты+. Канга булганышты+,Ошон үчүн кийимдери кол тийгис болуп калды+. ס [Самех] 15  Аларга: «Жолдон качкыла! Таза эместер!+ Ары тургула! Ары тургула! Бизге колуңарды тийгизбегиле!»+ — деп кыйкырышат.Алар үй-жайынан ажырап+, тентип калышат+. Элдер алар жөнүндө мындай дешет: «Алар эми бул жерде жашабайт+. פ [Пе] 16  Анткени аларды Жахаба өзү чачыратып жиберди+. Аларды экинчи карабайт+.Эл атүгүл дин кызматчыларды да сыйлабай калат+, карыяларга да ызаат көрсөтпөй калат»+. ע [Айин] 17  Биз тирүү жүрсөк да, жардам күтүп жатып көзүбүз талыды+.Жан-жагыбызды карап, бизди куткара албай турган элге үмүт арттык+. צ [Цаде] 18  Алар ар бир кадамыбызды аңдышкандыктан+, аянттарыбызда эч ким баспай калды.Ичер суубуз түгөндү, көрөр күнүбүз бүттү. Өлөрүбүзгө аз калды+. ק [Коф] 19  Артыбыздан куугандар асмандагы бүркүттөрдөн учкул болушту+,Тоолорду ашып, артыбыздан сая түшүштү+. Ээн талааларда бизди аңдып жатышты+. ר [Реш] 20  Өмүрүбүздүн деми+ — Жахабанын майланганы+ — кармалып, алардын чоң оруна салынды+.Биз болсо: «Элдердин арасында анын көлөкөсүнүн+ астында жашайбыз»+,— деген элек. ש [Шин] 21  Ус жеринде+ жашаган Эдом кызы+, шаттан, кубан+.Бул чөйчөк сага да барат+. Сен мас болуп, жылаңач этиңди көрсөтөсүң+. ת [Тав] 22  Оо, Сион кызы, кылмышың үчүн алган жазаң аяктады+. Эми эч ким сени туткундап кетпейт+.Оо, Эдом кызы, Кудай сенин кылмыштарыңа көңүл бурду, күнөөлөрүңдү ачыкка чыгарды+.

Шилтемелер