Жеремиянын ыйы 5:1—22

5  Оо, Жахаба, биздин башыбызга эмне түшкөнүн эсте+, кордолгонубузга көңүл бур+.  Мурасыбызды чоочундар, үйлөрүбүздү бөтөн жерликтер ээлеп алышты+.  Атабыздан ажырап, жетим калдык+. Энелерибиз жесирлердей болуп калышты+.  Өзүбүздүн суубузду өзүбүз акчага сатып алып ичип жатабыз+, отунубузду да сатып алып жатабыз.  Куугунчулар бизди кууп жетип келди+. Алдан-күчтөн тайсак да, тыным бербей жатышат+.  Нанга тоюш үчүн Мисир+ менен Ашурга+ колубузду сундук+.  Күнөө кылган ата-бабаларыбыздын көзү өтүп кетти+. Алардын кылмыштарынын азабын эми биз тартып жатабыз+.  Бизге кулдар үстөмдүк кылып жатышат+. Алардын колунан куткарып алар эч ким жок+.  Чөлдө кылыч көтөрүп жүргөндөрдүн айынан нанды жаныбызды тобокелге салып таап жатабыз+. 10  Ачарчылыктын азабынан терибиз мештей кызып чыкты+. 11  Алар Сиондо аялдарды, Жүйүттүн шаарларында кыздарды маскара кылышты+. 12  Төрөлөрдү колунан асып коюшту+, атүгүл карыяларды урматташкан жок+. 13  Жигиттер жаргылчак көтөрүп жатышат+, балдар отундун оордугунан чалынып жатышат+. 14  Карыялар дарбазанын алдында отурбай калышты+, жигиттер аспаптарда күү ойнобой калышты+. 15  Жүрөгүбүздөн кубаныч кетти, бийлерибиз ый-муңга айланды+. 16  Башыбыздан таажы түштү+. Күнөөгө батканыбыз үчүн башыбызга каран күн түштү!+ 17  Ошондуктан жүрөгүбүз ооруду+. Ушулардан улам көзүбүз тунарды+. 18  Сион тоосу ээн калгандыктан+, түлкүлөр жойлоп жүрөт+. 19  Оо, Жахаба, сен муундан муунга турган тактыңда+ түбөлүккө отурасың+. 20  Эмне үчүн бизди биротоло унуттуң?+ Эмне үчүн узакка таштап койдуң?+ 21  Оо, Жахаба, бизди өзүңө кайтар+, ошондо сага кайтып келебиз, баары баштагыдай болсун+. 22  Бирок сен бизди четке кактың+, кайнаган каарың кайтпай жатат+.

Шилтемелер