Жеремия 13:1—27
13 Жахаба мага: «Бар да, зыгыр кур сатып алып, аны белиңе курча, бирок сууга салба»,— деди.
2 Мен Жахабанын сөзү боюнча кур сатып алып, белиме курчадым.
3 Жахаба мага экинчи ирет кайрылып:
4 «Белиңдеги сатып алган куруңду ал да, тур, Эфратка+ бар, аны асканын жаракасына катып кой»,— деди.
5 Мен Жахабанын буйругу боюнча барып, курду Эфраттын жээгине катып койдум.
6 Көп күндөн кийин Жахаба мага: «Тур, Эфратка бар да, ал жерден менин буйругум боюнча катып койгон куруңду ал»,— деди.
7 Мен Эфратка барып, курду катылган жерден казып алдым. Кур чирип, эчтекеге жарабай калыптыр.
8 Анан Жахаба мага мындай деди:
9 «„Жүйүттүн текебердиги+ менен Иерусалимдин ашынган текебердигин ушинтип чиритем,— дейт Жахаба.—
10 Менин сөздөрүмдү уккусу келбей+, жүрөктөрүнүн өжөрлүгү боюнча иш кылган+, башка кудайларга кызмат кылып, таазим этип+, алардын артынан жүргөн бул ыймансыз эл эчтекеге жарабай калган ушул курдай болот“.
11 „Киши курду белине тартып курчангандай эле, мен бүт Ысрайыл үйү менен бүт Жүйүт үйүн өзүмө тартып жакындаттым+,— дейт Жахаба.— Алар менин элим+, атагым, даңкым, көркүм болсун дедим+, бирок алар тил алган жок“+.
12 Аларга бул сөздү айт: „Ысрайылдын Кудайы Жахаба: ”Ар бир чоң кумурага шарап толтурулат”,— дейт“+. Алар сага: „Биз, эмне, ар бир чоң кумурага шарап толтуруларын билбейт бекенбиз?“ — дешет.
13 Сен болсо аларга мындай де: „Жахаба: “Мен бул жердин бардык тургундарын, Дөөтүнүн тактысында отурган падышаларды+, дин кызматчылар менен пайгамбарларды, Иерусалимдин бардык тургундарын мас болгуча шарапка тойгузам”,— дейт“+.
14 „Мен аларды кагыштырам, аталарын да, уулдарын да кагыштырам+,— дейт Жахаба.— Боор оорубайм, өкүнбөйм, аларды аёосуз кырам“+.
15 Уккула, кулак салгыла. Бой көтөрбөгүлө+, анткени Жахаба сүйлөп жатат+.
16 Караңгылык каптата электе+, күүгүмдө тоолордон бутуңар чалына электе+, Жахаба Кудайыңарды даңктагыла+. Болбосо, жарыкты күткөнүңөрдө+, ал коюу караңгылык каптатат+, жарыкты караңгы түнгө айлантат+.
17 Эгер укпай турган болсоңор+, текебердигиңердин айынан жаным жашыруун жерлерде ыйлайт, көз жашым төгүлөт. Көзүмдөн жаш куюлат+, анткени Жахабанын отору+ туткундалып кетет.
18 Падыша менен канышага+: „Төмөнүрөөк отургула+, анткени башыңардан кооз таажы алынат“,— деп айт+.
19 Түштүктөгү шаарлар жабылды, аларды ача турган эч ким жок. Жүйүт бүт бойдон туткундалып кетти, баары туткунга айдалды+.
20 Башыңды көтөрүп, түндүктөн келаткандарды кара+. Сага тапшырылган отор, сонун оторуң кайда?+
21 Өзүң башынан үйрөткөн жакын досторуң+ сага назар салганда, эмне дейсиң?+ Төрөп жаткан аялдай кыйналбай коёсуңбу?+
22 Ошондо ичиңен+: „Мунун баары менин башыма эмне үчүн түштү?“ — дегениңде+, этегиңдин ачылганы+, согончогуңдун жараланганы күнөөлөрүңдүн көптүгүнөн болгонун билип кой.
23 Куштук*+ киши терисин же кабылан темгилдерин өзгөртө алабы?+ Өзгөртө алса, жамандык кылууга көнгөн силер да жакшылык кыла алмаксыңар+.
24 Ошондуктан мен силерди чачыратып жиберем+, чөлдүн шамалы учурган самандай кылам+.
25 Бул — сенин энчиң, менден алган үлүшүң+,— дейт Жахаба,— анткени сен мени унутуп+, жалгандыкка таянып жүрөсүң+.
26 Мен этегиңди бетиңе жабам, ошондо маскара болосуң+,
27 ойноштук кылып+, кишенеп+, уятсыз* жүрүм-турумга берилип, сойкулук кылып жүргөнүң билинет. Мен сенин жийиркеничтүү иштериңди адырлардан, талаалардан көрдүм+. Оо, Иерусалим, башыңа каран түн түшөт! Качанга чейин тазаланбай+ жүрө бересиң?»+