Жеремия 20:1—18
20 Жахабанын үйүндөгү башкы көзөмөлчү+, дин кызматчы Имер+ уулу Пашкур, Жеремиянын пайгамбарлык кылып айткан ушул сөздөрүн угуп турган эле.
2 Ошондо Пашкур Жеремия пайгамбарды сабап+, Жахабанын үйүндөгү Бенжеминдин жогорку дарбазасынын алдында кишендеп койду+.
3 Эртеси күнү Пашкур Жеремияны кишенден бошотту+. Ошондо Жеремия ага мындай деди:
«Жахаба сенин атыңды Пашкур* дебей, Магор-Мисабип*+ деп өзгөрттү+.
4 Жахаба мындай дейт: „Мен сага да, сени жакшы көргөндөргө да коркунуч жиберем. Алар душмандарынын кылычынан сулайт+, аны сен өз көзүң менен көрөсүң+. Бүт Жүйүттү Бабыл падышасынын колуна салып берем. Ал аларды Бабылга туткундап кетип, кылычтап өлтүрөт+.
5 Бул шаардын бүт мүлкүн, кирешесин, баалуу нерселерин, Жүйүт падышаларынын бүт казынасын душмандарына берем+. Алар баарын талап-тоноп, Бабылга алып кетишет+.
6 Сен болсо, Пашкур, үйүңдөгүлөр менен бирге туткунга кетесиң+. Бабылга барып, ошол жерде өлөсүң, өзүңдү жакшы көргөндөр+ менен бирге ошол жакта көмүлөсүң, анткени сен аларга жалган пайгамбарлык кылгансың“»+.
7 Сен мени алдадың, оо, Жахаба, мен алдандым. Күчүңдү мага каршы колдонуп, мени жеңдиң+. Мен эртеден кечке күлкү болдум, баарына шылдың болдум+.
8 Сүйлөп баштаарым менен эле кыйкырам. Зордук-зомбулук, талап-тоноочулук жөнүндө кыйкырам+. Жахабанын сөзү үчүн эртеден кечке маскара, шылдың болом+.
9 Ошондо: «Мындан ары аны сөз кылбайм, анын атынан сүйлөбөйм»,— дедим+. Бирок анын сөзү жүрөгүмдө алоолонуп күйгөн, сөөктөрүмдө камалган оттой болду. Мен аны ичимде кармап жатып чарчадым, чыдабай кеттим+.
10 Көптөрдүн жалаасын уктум+. Айлананы коркунуч басты. «Ага каршы айта турганыңарды айткыла+, ошондо биз да айтабыз». Мени менен тынчтыкта болумуш болгондордун баары аксап калышымды күтүп жүрүшөт+. «Балким, алданар+. Ошондо биз аны жеңебиз, өчүбүздү алабыз»,— деп жатышат.
11 Бирок Жахаба сүрдүү, күчтүү жоокер сыяктуу+ жанымда+. Ошондуктан мени куугунтуктагандар чалынып жыгылышат, жеңе алышпайт+. Алар катуу уят болушат, анткени ийгиликке жетишпейт. Түбөлүккө басынтылышат, анысы эч качан унутулбайт+.
12 Бирок сен, оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, адил адамды байкап турасың+, анын жан дүйнөсүн*, жүрөгүн көрүп турасың+. Мен сенин алардан өч алганыңды көрсөм экен+, анткени доомду сага ачып бердим+.
13 Жахабаны даңктап ырдагыла! Жахабаны даңазалагыла! Анткени ал жакырдын жанын кыянатчылдардын колунан куткарды+.
14 Мен төрөлгөн күнгө наалат! Мени энем төрөгөн күн батасыз калсын!+
15 «Уулдуу болдуң!» — деп сүйүнчүлөп, атамды кубанткан адам+ каргышка калсын.
16 Ал киши Жахаба эч өкүнбөй кыйраткан шаарлардай болуп калсын+. Эртең менен боздогон үндү, чак түштө согуш ураанын уксун+.
17 Эмне үчүн ал мени энемдин ичинде жатканымда эле өлтүрүп салбады экен? Энем менин мүрзөм болуп, ал түбөлүккө кош бойлуу болуп жүрсө кана!+
18 Ичинен эмнеге чыктым экен?+ Түйшүк, кайгы тартыш үчүнбү+, өмүрүмдүн акырына чейин уят болуш үчүнбү?+
Шилтемелер
^ Мааниси: «айланада калган».
^ Мааниси: «айланада коркунуч».
^ Сөзмө-сөз: «бөйрөктөрүн».