Жеремия 22:1—30
22 Жахаба мындай деди: «Жүйүт падышасынын үйүнө барып, буларды айт:
2 „Дөөтүнүн тактысында отурган Жүйүт падышасы+, сен да, ушул дарбазадан кирген кулдарың да, элиң да, Жахабанын сөзүн уккула+.
3 Жахаба мындай дейт: “Акыйкаттык жана адилдик боюнча иш кылгыла, мүлкүн тарттырып жибергендерди митаамдардын колунан куткаргыла, келгинди да, жетимди да, жесирди да кысымга албагыла+. Аларга зордук-зомбулук кылбагыла+. Бул жерде жазыксыз кан төкпөгүлө+.
4 Ушул сөздөрдү толугу менен аткарсаңар, Дөөтүнүн тактысында отурган+, арабага түшүп жүргөн, ат минген падышалар өздөрүнүн кулдары, эли менен бул үйдүн дарбазаларынан кирет”“+.
5 „Эгерде бул сөздөргө кулак салбасаңар, мен өзүмдү оозанып ант берем+: бул үй урандыга айланат“+,— дейт Жахаба.
6 Жахаба Жүйүт падышасынын үйү тууралуу мындай дейт: „Сен мен үчүн Гилаттайсың, Лебанондун чокусундайсың+. Мен сени ээн талаага айлантам+, шаарларыңда бир да киши калбайт+.
7 Мен куралданган кыйратуучуларды+ тандап*, сага каршы жиберем+. Алар тандамал бал карагайларыңды кыйып+, отко ыргытышат+.
8 Бул шаардын жанынан көптөгөн элдер өтүп, бири-биринен: “Бул улуу шаарды Жахаба эмне үчүн кыйратып таштады?” — деп сурашат+.
9 Ошондо: “Анткени алар Жахаба Кудайынын келишимин бузуп+, башка кудайларга сыйынып, ошолорго кызмат кылып кетишкен”+,— дешет“.
10 Өлгөндү жоктоп ыйлабагыла+, күйүт тартпагыла. Туткунга кетип баратканды жоктоп ыйлагыла. Анткени ал кайра келбейт, ата-бабасынын жерин экинчи көрбөйт.
11 Атасы Жошиядан кийин такка келген+, бул жерден кеткен Жүйүт падышасы Шалум+ жөнүндө Жахаба мындай дейт: „Ал кайрылып келбейт.
12 Туткундалып кеткен жеринде өлөт, экинчи бул жерди көрбөйт“+.
13 Үйүн ыймансыздык менен, үстүнкү бөлмөлөрүн адилетсиздик менен куруп жаткандын+, жакынын бекер, акы төлөбөй+ ишке салып жаткандын башына каран түн түшөт.
14 „Өзүмө үстүнкү бөлмөлөрү кенен, терезелери чоң, заңгыраган үй курам+, аны бал карагай менен каптап+, ачык кызыл сыр менен сырдайм“+,— дегендин башына каран түн түшөт.
15 Бал карагайдан үй курганыңа чиренип, падышалык кыла берем дейсиңби? Сенин атаң жеп-ичкен эмес беле? Акыйкаттык, адилдик боюнча иш кылган эмес беле?+ Ошон үчүн жакшылык көргөн+.
16 Ал бей-бечаранын, жакырдын доосун териштирген+. Ошондуктан иши оңунан чыккан. „Мени билгени үчүн ошондой болгон эмеспи? — дейт Жахаба.—
17 Ал эми сенин көзүң менен жүрөгүң арам оокатка+, жазыксыздын канын төгүүгө+, башкаларды алдоого, опузалап мүлкүн тартып алууга гана бурулган“.
18 Ошон үчүн Жүйүт падышасы Жошия уулу Жаяким+ тууралуу Жахаба мындай дейт: „Эл: “Эсил кайран бир боорум! Оо, карындашым!” — деп ыйлагандай, аны жоктоп эч ким ыйлабайт. “Эсил кайран мырзам! Мырзамдын даңкы өчтү!” — деп эч ким өкүрбөйт+.
19 Аны эшекти көмгөндөй көмүп салышат+: сүйрөп барып, Иерусалимдин дарбазаларынын сыртына ыргытып жиберишет“+.
20 Лебанонго+ чыгып кыйкыр, Башандан+ бакыр. Абарымдан+ кыйкыр, анткени сени жанындай жакшы көргөндөрдүн баары ойрон болду+.
21 Мен сага санаасыз жүргөнүңдө кайрылгам+. Сен болсо: „Тилиңди албайм“,— деп койгонсуң+. Тилимди албай, жаштайыңан ошондой жолго түшкөнсүң+.
22 Койчуларыңдын баарын шамал кайтарат+, сени жанындай жакшы көргөндөр болсо туткундалып кетет+. Ошондо сен башыңа түшкөн бардык мүшкүлдөн улам уят болосуң, кемсинтилесиң+.
23 Бал карагайларга+ уя салган Лебанон+ тургуну, сен толгооң келгенде онтойсуң+, төрөп жаткан аялдай кыйналасың!»+
24 «„Мен тирүүмүн,— дейт Жахаба.— Жүйүт падышасы Жаякимдин+ уулу Кония*+, сен менин оң колумдагы мөөр шакегим болсоң да+, колуман чыгарып салмакмын+.
25 Мен сени жаныңды алгысы келгендердин колуна, өзүң корккондордун колуна, Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна, каздимдиктердин+ колуна салып берем+.
26 Мен сени да, сени төрөгөн энеңди да өзүңөр төрөлбөгөн бөтөн жерге ыргытам+, ошол жерде өлөсүңөр+.
27 Силер жаныңар көксөгөн жерге кайтып келбейсиңер+.
28 Кония+ жерилген, бычырап талкаланган идишпи+ же эч нерсеге жарабай калган идишпи?+ Анда эмне үчүн өзү да, тукуму да өзүлөрү билбеген жерге ыргытылат?“+
29 Оо, жер, жер, жер, Жахабанын сөзүн ук!+
30 Жахаба мындай дейт: „Бул кишини өмүрүндө эч кандай ийгиликке жетпеген, бала көрбөгөн киши+ деп жазып койгула. Анткени анын тукумунан эч ким ийгиликке жетпейт+, Дөөтүнүн тактысына отурбайт+, ошондон кийин Жүйүт жеринде бийлик кылбайт“».
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «ыйыктап».
^ Же: «Жекония». 2Пд 24:6—15-аяттарда: «Жаякин». Жошиянын небереси.