Жеремия 23:1—40
23 «Менин жайытымдагы койлорду кырган, туш-тушка чачыраткан койчулардын башына каран түн түшөт!»+ — дейт Жахаба.
2 Ошондуктан Ысрайылдын Кудайы Жахаба элин кайтарган койчуларга: «Силер менин койлорумду чачыратып, туш-тушка айдап жибердиңер, карабай койдуңар»,— дейт+.
«Мен силерди кыянат иштериңер үчүн жазалайм»+,— дейт Жахаба.
3 «Койлорумдун калдыгын, аларды кайсы жерлерге чачыратып жиберсем, ошол жерлерден чогултуп+, өздөрүнүн жайытына алып келем+. Алар төлдөп, көбөйүшөт+.
4 Алардын үстүнөн аларды кайтара турган койчуларды коём+. Ошондон кийин алар коркушпайт, үрөйлөрү учпайт+, бири да жоголбойт»,— дейт Жахаба.
5 «Мына, мен Дөөтүнүн тукумунан адил мураскор* чыгара турган күндөр келатат+,— дейт Жахаба.— Падыша бийлик жүргүзүп+, жер үстүндө эстүүлүк, акыйкаттык, адилдик менен иш кылат+.
6 Анын күндөрүндө Жүйүт куткарылат+, Ысрайыл коопсуз жашайт+. Ага „Жахаба — адилдигибиз“ деген ат коюшат»+.
7 «Мына, „Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыккан Жахаба тирүү!“ дешпей турган күндөр келатат,— дейт Жахаба+.—
8 Ошондо „Ысрайыл үйүнүн тукумун түндүк жеринен, аларды чачыратып жиберген бардык жерлеринен алып чыгып, өздөрүнүн жерине алып келген Жахаба тирүү!“ деп айтышат. Алар өз жеринде жашашат»+.
9 Пайгамбарлардын айынан жүрөгүм жараланып, сөөктөрүмдүн баары титиреп жатат. Жахаба менен анын ыйык сөздөрүнөн улам мен шарапка жеңдирген мас кишидей болуп турам+.
10 Жер ойноштук кылгандарга+ толуп+, каргыштан улам күйүт тартып жатат+. Ээн талаадагы жайыттар куурап калды+. Алар — кыянаттык кылгандар, күчүн туура эмес колдонгондор.
11 «Пайгамбар да, дин кызматчы да арамдалды+. Атүгүл өз үйүмдөн кыянаттык таптым+,— дейт Жахаба.—
12 Ошондуктан алардын жолу караңгы, тайгак жердей болот+. Аларды түртүп жиберишкенде, ошол жакка жыгылышат»+.
«Мен алардын башына алаамат түшүрөм, ошол жылы аларды жазалайм+,— дейт Жахаба.—
13 Мен Самариянын+ пайгамбарларынын жосунсуз жүрүм-турумун көрүп келатам. Алар Баалдын атынан пайгамбарлык кылып+, менин элимди — Ысрайылды — адаштырып жатышат+.
14 Иерусалимдин пайгамбарларынын да үрөй учурган иштерин көрүп келатам+: алар ойноштук кылып+, жалгандыкка жетеленип жүрүшөт+, кыянаттык кылгандарды кыянаттыгынан кайра тартпашы үчүн+ колдоп жатышат. Алардын баары менин көз алдымда Содомдой+, анын тургундары Амордой болуп калды»+.
15 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба пайгамбарлар жөнүндө: «Мен аларга эрмен жедирем, уу кошулган суу ичирем+. Анткени Иерусалимдин пайгамбарлары бүт жерди Кудайдан четтетип жатышат»,— дейт+.
16 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: «Өзүңөргө пайгамбарлык кылып жаткан пайгамбарлардын сөздөрүн укпагыла+. Алар силерге пайдасыз иштерди үйрөтүп жатышат+. Өз жүрөгүнүн аяндарын+, Жахабанын оозунан чыккан сөздөрдү эмес, өз сөздөрүн айтып жүрүшөт+.
17 Мени барк албагандарга кайра-кайра: „Жахаба: “Силер тынчтыкта жашайсыңар”+,— дейт“,— деп жатышат. Жүрөгүнүн өжөрлүгү боюнча жүргөндөрдүн ар бирине+: „Башыңарга алаамат түшпөйт“,— деп жатышат+.
18 Жахабанын сөзүн түшүнүп, угуш үчүн+ аны менен ким ынак болду эле?+ Сөзүн угуш үчүн ага ким көңүл бурду эле?+
19 Мына! Жахабанын удургуган шамалы, каары, куюну+ ыймансыздарды каптаганы келатат+.
20 Жахаба жүрөгүндөгү ойлорун ишке ашырмайын+, аларды аткармайын+, каары кайт болбойт. Силер муну акыркы күндөрү айкын түшүнөсүңөр+.
21 Мен пайгамбарларды жибербесем да, өзүлөрү чуркап кетишти. Алар менен сүйлөшпөсөм да, өзүлөрү пайгамбарлык кылышты+.
22 Алар мени менен ынак болушса+, элиме сөздөрүмдү айтышмак, ошондо элим жаман жолунан кайтып, кыянат иштерин таштамак»+.
23 «Мен жакындан Кудаймын да, алыстан Кудай эмес бекем?»+ — дейт Жахаба.
24 «Мага көрүнбөй жашынып кала алган адам барбы?»+ — дейт Жахаба.
«Асман менен жерди толтуруп турган мен эмесминби?+ — дейт Жахаба.—
25 Мен пайгамбарлардын менин атыман+: „Түш көрдүм! Түш көрдүм!“+ — деп жалган пайгамбарлык кылып жүргөнүн уктум.
26 Бул жалган пайгамбарлык кылган, жүрөгүнүн куулугу боюнча сүйлөгөн пайгамбарлардын жүрөгүн качанга чейин ээлейт?+
27 Алар бири-бирине айтып жүргөн түштөрү аркылуу элиме ысмымды унуттурууну+, аларды Баалдын айынан ысмымды унутуп койгон ата-бабаларындай кылууну ойлошот+.
28 Түш көргөн пайгамбар түшүн айтсын, сөзүмдү уккан пайгамбар сөзүмдү бурмалабай айтсын»+.
«Саман менен дан бирдейби?»+ — дейт Жахаба.
29 «Менин сөзүм оттой+, аска ташты жарган барскандай эмеспи?»+ — дейт Жахаба.
30 «Ошон үчүн сөздөрүмдү бири-биринен уурдаган+ пайгамбарларга каршы чыгам»+,— дейт Жахаба.
31 «Тилин: „Ал мындай дейт!“ — деш үчүн колдонгон пайгамбарларга каршы чыгам»+,— дейт Жахаба.
32 «Мен жалган түштөрүн айтып жүргөн пайгамбарларга каршы чыгам,— дейт Жахаба.— Алар калп айтып+, мактанып+, элимди адаштырып жатышат».
«Бирок аларды мен жиберген эмесмин, аларга буйрук да берген эмесмин,— дейт Жахаба.— Ошон үчүн бул элге алардын пайдасы тийбейт»+.
33 «Бул эл, пайгамбар же дин кызматчы сенден: „Жахабанын арткан жүгү кайсы?“+ — деп сураса, мындай деп жооп бер: „”Силер өзүңөр жүксүңөр, оор жүксүңөр!+ Мен силерди таштап кетем”+,— дейт Жахаба“.
34 „Жахабанын арткан жүгү!“ деген пайгамбарды, дин кызматчыны же элди, ар бирин үйүндөгүлөрү менен кошо жазалайм+.
35 Силер бири-бириңерге, бир туугандарыңарга: „Жахаба эмне деп жооп берди? Жахаба эмне деди?“ — деп сурап жатасыңар+.
36 Жахабанын жүгүн+ экинчи кеп кылбагыла+. Анткени ар бириңерге өзүңөрдүн сөзүңөр жүк болуп жатат+, силер тирүү Кудайдын, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын, биздин Кудайыбыздын, сөзүн бурмалап жатасыңар+.
37 Сен пайгамбарга мындай де: „Жахаба сага эмне деп жооп берди? Жахаба эмне деди?+
38 “Жахабанын арткан жүгү!” дегениңер үчүн, Жахаба мындай дейт: “Мен силерге “Жахабанын арткан жүгү!” дебегиле”,— деп айттырып жиберсем да, силер “бул сөз — Жахабанын арткан жүгү!” дей бердиңер.
39 Ошон үчүн силерди биротоло таштап кетем+, силерге жана ата-бабаларыңарга берилген бул шаарды да, өзүңөрдү да четке кагам+.
40 Силер түбөлүккө уят болосуңар, түбөлүккө басынтыласыңар. Мунуңар эч качан унутулбайт“»+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «чырпык».