Жеремия 24:1—10
24 Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт падышасы Жаякимдин+ уулу Жеконияны*+, Жүйүт төрөлөрүн, усталарды+, чеп куруучуларды Иерусалимден Бабылга алып кеткенден кийин+, Жахаба мага Жахабанын ибадатканасынын алдына коюлган эки себет анжирди көрсөттү.
2 Бир себеттеги анжирлер эрте бышкан анжирлердей+ абдан жакшы экен, ал эми экинчи себеттеги анжирлер абдан начар экен: бузулуп, жегенге жарабай калыптыр.
3 Жахаба менден: «Жеремия, эмнени көрүп турасың?» — деп сурады. Мен: «Анжирлерди. Жакшылары абдан жакшы экен, начарлары абдан начар экен: бузулуп, жегенге жарабай калыптыр»,— дедим+.
4 Ошондо Жахаба мага мындай деди:
5 «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен бул жерден каздимдиктердин жерине жиберилген Жүйүт туткундарын+ жакшы анжирлердей кылам, аларга жакшылык кылам+.
6 Аларга көз салып, жакшылык кылам+, аларды бул жерге кайра алып келем+. Мен аларды бекемдейм, бүлүндүрбөйм, отургузам, тамыры менен жулбайм+.
7 Аларга менин Жахаба экенимди билгидей жүрөк берем+. Мага бүт жүрөгү менен кайрылышкандыктан+ алар менин элим болот+, мен алардын Кудайы болом.
8 Жахаба мындай дейт: “Жүйүт падышасы Ситкияны+, анын төрөлөрүн, Иерусалимдин бул жерде калган калдыгын+ жана Мисир жеринде жашагандарды+ жегенге жарабай калган анжирлердей кылам+.
9 Мен алардын башына алаамат түшүрөм, ошондо жер жүзүндөгү бардык падышалыктар титирейт+. Аларды өзүм чачыратып жиберген бардык жерлерде+ уятка калтырам, ылакапка айлантам+, маскара кылам, каргышка калтырам+.
10 Өздөрүнө жана ата-бабаларына берилген жерден жок болушмайынча+, мен аларга каршы кылыч+, ачарчылык+, жугуштуу оору+ жиберем”“».