Жеремия 27:1—22
27 Жүйүт падышасы Жошиянын+ уулу Жаяким* падышалык кыла баштаганда Жахабанын Жеремияга айткан сөзү.
2 «Жахаба мага мындай деди: „Боолорду, моюнтуруктарды жасап+, мойнуңа сал+.
3 Аларды Иерусалимге, Жүйүт падышасы Ситкияга келаткан кабарчылар аркылуу Эдом+ падышасына, Маап падышасына+, Амон уулдарынын+ падышасына, Тир+ падышасына, Сидон+ падышасына берип жибер.
4 Анан кожоюндарына мындай деп айтып барууну буйрук кыл:
“Ысрайылдын Кудайы+, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын айткандарын кожоюндарыңарга минтип айтып баргыла:
5 “Мен зор күчүм+, сунулган колум+ менен жерди+, жер бетиндеги адамзатты+, жаныбарларды жаратып+, аны өзүм туура көргөн бирөөгө бердим+.
6 Ушул жерлердин баарын мен Бабыл падышасы Небухаданасардын, кызматчымдын+, колуна салып бердим+. Ага талаадагы жапайы жаныбарларды да баш ийдирдим+.
7 Анын өлкөсүнүн кезеги келмейинче+, өзү көптөгөн элдерге, улуу падышаларга кул болмоюнча+, ага, анын уулуна жана небересине бардык элдер кызмат кылышат“+.
8 “Бабыл падышасы Небухаданасарга кызмат кылбаган, Бабыл падышасынын моюнтуругуна мойнун сунбаган элди, падышалыкты жазалайм: ага кылыч+, ачарчылык+, жугуштуу оору жиберем+,— дейт Жахаба.— Ал элди анын колу менен кырам”+.
9 ““Бабыл падышасына кул болбойсуңар”+,— деп жаткан пайгамбарларыңарды+, төлгөчүлөрүңөрдү, түш көрүүчүлөрүңөрдү+, сыйкырчыларыңарды+, көз байлоочуларыңарды укпагыла.
10 Анткени алар, өз жериңерден алыска айдалып кетишиңер үчүн, силерге жалган пайгамбарлык кылып жатышат; мен силерди чачыратып жиберем, ошондо кырылып жок болосуңар+.
11 Ал эми Бабыл падышасынын моюнтуругуна мойнун сунуп берип, ага кызмат кылган элди мен өз жеринде калтырам,— дейт Жахаба.— Ал эл өз жерин иштетип, өз жеринде жашайт””“»+.
12 Жүйүт падышасы Ситкияга+ да ушул сөздөрдүн баарын айтып+, мындай дедим: «Бабыл падышасынын моюнтуругуна мойнуңарды сунгула, ага да, анын элине да кызмат кылгыла, ошондо аман каласыңар+.
13 Жахаба Бабыл падышасына кызмат кылгысы келбеген эл тууралуу айткандай, өзүңө да, элиңе да кылычтан+, ачарчылыктан+, жугуштуу оорудан+ өлүүнүн кереги эмне?
14 „Бабыл падышасына кул болбойсуңар“,— деген пайгамбарлардын+ айткандарын укпагыла, себеби алар силерге жалган пайгамбарлык кылып жатышат+.
15 „Аларды мен жиберген эмесмин,— дейт Жахаба.— Силерди чачыратып жиберишим үчүн+, өзүңөргө пайгамбарлык кылган пайгамбарлар менен кошо кырылып жок болушуңар үчүн+, алар силерге менин атымдан жалган пайгамбарлык кылып жүрүшөт“»+.
16 Дин кызматчыларга жана бул элдин баарына мындай дедим: «„Мына! Жахабанын үйүнө таандык буюмдар жакында Бабылдан алынып келинет!“+ — деп жаткан пайгамбарларыңарды укпагыла,— дейт Жахаба.— Анткени алар силерге жалган пайгамбарлык кылып жатышат+.
17 Аларды укпагыла. Бабыл падышасына кызмат кылып, жашай бергиле+. Бул шаарды урандыга айлантуунун кереги барбы?+
18 Алар пайгамбар болсо, аларда Жахабанын сөзү бар болсо, Жахабанын үйүндө, Жүйүт падышасынын үйүндө жана Иерусалимде калган буюмдар Бабылга ташылып кетпеши үчүн, асман аскерлеринин Кудайы Жахабага жалынып-жалбарышсын»+.
19 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мамылар+, чоң казан+, арабалар+ жана бул шаарда калган башка буюмдар жөнүндө+,
20 Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт падышасы Жаякимдин уулу Жеконияны+ жана Жүйүт менен Иерусалимдин көрүнүктүү кишилерин Иерусалимден Бабылга туткундап кеткенде+ өзү менен кошо ала кетпеген буюмдар жөнүндө мындай дейт.
21 Жахабанын үйүндө, Жүйүт падышасынын үйүндө жана Иерусалимде калган буюмдар тууралуу+ Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт:
22 «Алар Бабылга ташылып кетет+,— дейт Жахаба.— Мен аларды эстей турган күнгө чейин+ ошол жакта болот. Мен аларды бул жакка кайра алып келем»+.
Шилтемелер
^ Сирияча, арабча котормолорго жана еврей тилиндеги үч кол жазмага ылайык, «Ситкия».