Жеремия 3:1—25
3 «Эгер күйөөсү аялын кетирсе, аялы андан кеткенден кийин башка бирөөгө тийсе, биринчи күйөөсү ага кайра бармак беле?»+ — деген ылакап бар.
Бул жер арамдалып калган жокпу?+
«Сен көптөр менен сойкулук кылдың+, эми мага кайтып келе аласыңбы?+ — дейт Жахаба.—
2 Башыңды көтөрүп, тапталган жолдорду кара+. Сени кайсы жерде гана зордукташкан жок?+ Чөлдөгү арабиялыктай болуп, сен аларды жол боюнда күтүп отурчусуң+. Сойкулугуң, жаман иштериң менен жерди азыр да арамдап жатасың+.
3 Ошондуктан нөшөр төкпөй+, жазгы жамгыр жаабай калды+. Маңдайың сойкулук кылган аялдыкындай. Сен уялып да койгон жоксуң+.
4 Эми мени: „Ата+, сен жаш кезимден бери жакын досумсуң!+
5 Түбөлүккө каарданып, күнөөлөрүбүздү түбөлүккө карап тура бересиңби?“+ — деп чакыра баштадыңбы? Ушундай дегениң менен, жаман иштериңди токтоткон жоксуң, тескерисинче, күчөтүп жатасың»+.
6 Жошия падышанын+ күндөрүндө Жахаба мага мындай деди: «„Ишенимсиз Ысрайылдын эмне кылып жатканын көрдүңбү?+ Ал ар бир бийик тоого чыгып+, ар бир шактуу дарактын түбүнө барып+, сойкулук кылып жатат+.
7 Ал ушулардын баарын кылгандан кийин да мен ага: “Мага кайтып кел”,— деп жаттым. Бирок ал кайтып келген жок+. Жүйүт болсо ишенимсиз эжесинин иштерин карап турду+.
8 Муну көргөнүмдө ишенимсиз Ысрайылга ойноштук кылганы үчүн талак кат бердим да+, кетирдим+. Ал эми анын ишенимсиз сиңдиси Жүйүт коркуп калган жок. Ал да барып, сойкулук кыла баштады+.
9 Жеңил ойлуулугунан улам сойкулук кылып, жерди арамдай берди+, таштар менен, дарактар менен ойноштук кылды+.
10 Ушунун баарына карабай анын ишенимсиз сиңдиси Жүйүт мага чын жүрөктөн эмес+, анткорлук менен кайрылды”+,— дейт Жахаба».
11 Анан Жахаба мага мындай деди: «Бузулган Ысрайыл ишенимсиз Жүйүткө караганда адил экенин көрсөттү+.
12 Бар да, бул сөздөрдү түндүккө жарыялап+, мындай де:
„”Оо, ишенимсиз Ысрайыл, кайрылып кел”,— дейт Жахаба“+. „”Мен силерди ачуулана карабайм+, анткени мен ишенимдүүмүн”+,— дейт Жахаба“. „”Мен түбөлүккө каарданбайм+.
13 Болгону, күнөөңө көңүл бур, анткени сен Жахаба Кудайыңа каршы күнөө кылып келдиң+. Ар бир шактуу дарактын түбүнө барып+, ар кайсы жолдордо чоочундардын артынан жүрдүң+. Силер менин үнүмдү укпай койдуңар”,— дейт Жахаба“».
14 «Кайрылып келгиле, ишенимсиз уулдар»+,— дейт Жахаба. «Анткени мен силердин күйөөңөрмүн, кожоюнуңармын+. Силерди алам, ар бир шаардан бирден, ар бир уруудан экиден алам, анан Сионго алып келем+.
15 Силерге жүрөгүмө жаккан койчуларды берем+, алар силерди билим менен, түшүнүк менен азыктандырышат+.
16 Ошол күндөрү ушул жерде силер укумдап-тукумдап көбөйөсүңөр»,— дейт Жахаба+. «Алар: „Жахабанын келишиминин сандыгы!“+ — дебей калышат. Ал ойлоруна да келбейт, аны эстешпейт+, сагынышпайт, башкасын жасашпайт.
17 Ошол кезде Иерусалимди Жахабанын тактысы деп аташат+. Жахабанын ысмын даңкташ үчүн+ бардык элдер Иерусалимге чогулушат+. Алар өздөрүнүн бузулган жүрөгүнүн өжөрлүгү боюнча жүрбөй калышат»+.
18 «Ошол күндөрү Жүйүттүн үйү Ысрайылдын үйү менен+ жанаша басат+. Экөө түндүк жеринен чыгып, мен ата-бабаларыңарга мураска берген жерге барышат+.
19 Мен мындай дегем: „Сени уулдарымдын катарына кошконума, сага сонун жерди+, элдерди суктанткан мурасты бергениме кандай гана кубанычтамын!“ Анан: „Силер мени “Ата!” деп чакырасыңар+, артыман калбайсыңар“,— дегем.
20 „Бирок силер, Ысрайыл үйү, жолдошун таштап кеткен ишенимсиз аялдай болуп+, мага ишенимсиздик кылдыңар“+,— дейт Жахаба».
21 Тапталган жолдордо Ысрайыл уулдарынын ыйлаган, жалбарган үнү угулуп жатат. Анткени алар өздөрүнүн жолун бузуп+, Жахаба Кудайын унутуп коюшту+.
22 «Кайрылып келгиле, ишенимсиз уулдар+. Мен силердин ишенимсиздигиңерди айыктырам»+.
«Биз мындабыз! Биз сага келдик, анткени сен, оо, Жахаба, биздин Кудайыбызсың+.
23 Чын эле, адырлар да, тоолордогу чуру-чуу+ да — жалгандык+. Чын эле, Ысрайылдын куткарылуусу Кудайыбыз Жахабадан+.
24 Бирок уятка калтыруучу буркан+ жаш кезибизден бери ата-бабаларыбыздын мээнетин, бодо жана майда малын, уул-кыздарын жеп келатат.
25 Биз уят болуп жерде жатабыз+, басынтылып келатабыз+, анткени жаш чагыбыздан ушул күнгө чейин биз да, аталарыбыз да+ Жахаба Кудайыбызга каршы күнөө кылып келдик+. Жахаба Кудайыбыздын үнүнө кулак салбай келдик»+.