Жеремия 30:1—24

30  Жахаба Жеремияга мындай деп айтты:  «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Сага айткан сөздөрүмдүн баарын китепке жазып ал+.  “Мына, мен туткундагы элимди, Ысрайыл менен Жүйүттү, чогулта турган күндөр келатат”+,— дейт Жахаба. “Мен аларды ата-бабаларына берген жерге кайра алып келем, алар аны кайрадан ээлешет”+,— дейт Жахаба“».  Жахабанын Ысрайыл менен Жүйүткө айткан сөздөрү.  Жахаба мындай дейт: «Калтырап-титирегендердин үнү угулуп жатат. Коркунуч басты+, тынчтык жок.  Сураштырып билгилечи, эркек киши төрөйбү? Анда эмне үчүн мен ар бир эркектин төрөп жаткан аялдай белин кармап турганын+, баарынын өңүнүн кубарганын көрүп турам?+  Оо, ал күн улуу+, теңдешсиз күн+, Жакып үчүн оор убак+. Ошентсе да ал андан куткарылат».  «Ошол күнү,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— мойнуңдагы моюнтурукту сындырам, боолорду үзөм+. Ошондон кийин бөтөн жерликтерге кул болбойсуң.  Сен Жахаба Кудайыңа жана үстүңөн коюла турган+ Дөөтү падышаңа кызмат кыласың»+. 10  «Кызматчым Жакып, коркпо,— дейт Жахаба,— Ысрайыл, үрөйүң учпасын+. Анткени мен сени алыскы жерден, тукумуңду туткундалып кеткен жеринен куткарам+. Жакып кайтып келип, бейкапар, тынч жашайт. Аны эч ким коркутпайт»+. 11  «Анткени сени куткарыш үчүн мен сени мененмин+,— дейт Жахаба.— Сени кайсы элдердин арасына чачыратып жиберсем, ошол элдердин баарын кырам+, ал эми сени кырбайм+. Мен сени чени менен оңдоп-түзөйм, бирок жазасыз калтырбайм»+. 12  Жахаба мындай дейт: «Сенин жараатың айыкпайт+. Катуу сокку жегендиктен ооруң басылбайт+. 13  Жараңды сакайтыш үчүн сага эч ким болушпайт+. Дартыңа даба, илдетиңе шыбаа табылбайт+. 14  Сени ойношторуңдун баары унутуп, издебей калышты+. Анткени мен көп сандаган кылмыштарың үчүн+, сан жеткис күнөөлөрүң үчүн+ сага душмандын соккусу менен сокку урдум+, сени мыкаачынын жазасы менен жазаладым+. 15  Жараатыңды айтып эмнеге кыйкырып жатасың?+ Көп сандаган кылмыштарың менен сан жеткис күнөөлөрүңдөн улам ооруң айыккыс+. Мен ушунун баарын башыңа түшүрдүм. 16  Ошон үчүн сени жеп-жуткандардын баары жеп-жутулат+, душмандарыңдын баары туткунга кетет+. Сени талап-тоногондор таланып-тонолот, сени олжо кылгандардын баарын мен олжого берем»+. 17  «Сени болсо сакайтам, жарааттарыңды айыктырам+,— дейт Жахаба.— Анткени сени куулган аял деп аташкан+, „эч ким издебеген Сион — ушул“ дешкен»+. 18  Жахаба мындай дейт: «Мен Жакыптын чатырларына кайтып келип, туткунда жүргөндөрүн чогултам+, анын турак жайларына боор ооруйм. Шаар өз дөңсөөсүнө кайра курулат+, мунаралуу чеби өз ордуна тургузулат+. 19  Ал жерден ыраазычылык угулат, күлгөндөрдүн үнү жаңырат+. Мен аларды көбөйтөм, алар азайбайт+. Аларды сан жеткис кылам, алар кемибейт+. 20  Уулдары мурунку убактагыдай болот, жамааты менин алдымда бекемделет+. Мен аны эзгендердин баарын жазалайм+. 21  Анын арасынан улуу бирөө чыгат+, башчы чыгат+. Мен аны өзүмө жакындатам, ал жаныма келет»+. «Ким мага жакындаш үчүн жүрөгүн күрөөгө коёт?+ — дейт Жахаба.— 22  Силер менин элим болосуңар+, мен силердин Кудайыңар болом»+. 23  Мына, Жахабанын куюну, каары, баарын опуруп-жапырган бороон-чапкын келатат+. Ал ыймансыздардын башына түшөт+. 24  Жахаба жүрөгүндөгү ойлорун ишке ашырмайын, аларды аткармайын, кайнаган каары кайт болбойт+. Силер муну акыркы күндөрдө түшүнөсүңөр+.

Шилтемелер