Жеремия 32:1—44

32  Жүйүт падышасы Ситкиянын башкаруусунун онунчу жылында+, башкача айтканда, Небухаданасардын башкаруусунун он сегизинчи жылында+ Жахабанын Жеремияга айткан сөзү.  Ошол учурда Бабыл падышасынын аскерлери Иерусалимди курчап турушкан+. Жеремия пайгамбар болсо Жүйүт падышасынын үйүндөгү күзөтчүлөр короосунда камакта отурган+,  анткени Жүйүт падышасы Ситкия аны мындай деп каматып койгон эле+: «Эмне үчүн сен пайгамбарлык кылып+: „Жахаба мындай дейт: “Мен бул шаарды Бабыл падышасынын колуна салып бергени жатам, ал аны басып алат+.  Жүйүт падышасы Ситкия каздимдиктердин колунан качып кутула албайт, ал Бабыл падышасынын колуна салынып берилет, аны менен оозмо-ооз сүйлөшөт, көзмө-көз көрүшөт”“+,  „ал Ситкияны Бабылга алып кетет, мен көңүл бурганга чейин, ал ошол жерде болот+,— дейт Жахаба.— Каздимдиктер менен согушсаңар да, жеңишке жетпейсиңер“,— деп жатасың?»+  Ошондо Жеремия мындай деди: «Мага Жахабадан мындай сөз болду:  „Сага атаңдын бир тууганы Шалумдун уулу Анамел келатат. Ал сага: “Менин Анатоттогу+ талаамды сатып ал, анткени аны кайра сатып алуу укугу сага таандык”+,— деп айтат“».  Көп өтпөй, Жахабанын сөзү боюнча, атамдын бир тууганы Шалумдун уулу Анамел күзөтчүлөр короосуна+ келип, мага: «Суранам сенден, Бенжемин+ жериндеги Анатоттогу+ талаамды сатып ал, анткени мурастоо укугу да, кайра сатып алуу укугу да сага таандык. Аны өзүң сатып ал»,— деди. Ошондо мунун Жахабанын сөзү боюнча болгонун билдим+.  Мен атамдын бир тууганы Шалумдун уулу Анамелдин+ Анатоттогу+ талаасын сатып алыш үчүн акысын: жети шекел* жана он шекел күмүш тартып бердим+. 10  Сатык келишимин жазып+, аны мөөр менен бекиттим да+, күбөлөрдү чакырып+, күмүштү таразага тартып бердим+. 11  Анан осуят менен көрсөтмөлөргө ылайык мөөр менен бекитилген сатык келишимин да+, ачык калтырылган келишимди да алдым. 12  Андан кийин аталаш тууганым Анамелдин, сатык келишимине кол койгон күбөлөрдүн+, күзөтчүлөр короосунда+ отурган бардык жүйүттөрдүн көзүнчө сатык келишимин Махсея уулу, Нерия уулу+ Барухка+ бердим. 13  Ошондо алардын көзүнчө Барухка мындай көрсөтмө бердим: 14  «Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Бул сатык келишимдерин, мөөр менен бекитилгенин да, ачык калтырылганын да алып+, көпкө чейин сакталып турушу үчүн, чопо идишке салып кой“. 15  Анткени Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Бул жердеги үйлөр, талаалар жана жүзүмзарлар кайрадан сатылып алынат“,— дейт»+. 16  Сатык келишимин Нерия уулу+ Барухка бергенден кийин+ Жахабадан тиленип+, мындай дедим: 17  «Оо, Эгедер Теңир Жахаба!+ Сен асман менен жерди зор күчүң, сунулган билегиң+ менен жараткансың+. Сенин колуңан келбеген эч нерсе жок+. 18  Сен миңдегендерге мээримдүүлүк көрсөтөсүң+, ата-бабаларынын кылмышы үчүн тиешесин уулдарынын койнуна салып бересиң+. Сен улуу+, кудуреттүү+, чыныгы Кудайсың; ысмың+ — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+. 19  Сенин ой-ниеттериң улуу+, иштериң сан жеткис+. Ар бир адамга жүргөн жолуна, кылган иштеринин жемишине жараша тиешесин бериш үчүн+, көзүң адам баласынын бардык жолдорун көрүп турат+. 20  Бүгүнкү күндөгүдөй өзүңө ысым жаратыш үчүн+ сен Мисир жеринде, Ысрайылда жана башкалардын арасында ушу күнгө чейин белгилүү болгон жышаандарды, кереметтерди көрсөткөнсүң+. 21  Сен элиң Ысрайылды Мисир жеринен керемет-жышаандарың+, күчтүү колуң, сунулган билегиң, катуу сестентерлик иштериң+ менен алып чыккансың+. 22  Кийинчерээк аларга, өзүң ата-бабаларына ант бергениңдей+, ушул жерди, сүт менен бал аккан жерди, бергенсиң+. 23  Алар келип, бул жерди ээлеп калышкан+, бирок тилиңди алышкан эмес, мыйзамың боюнча жүрүшкөн эмес+, берген буйруктарыңдын бирин да аткарышкан эмес+. Ошондуктан сен алардын башына ушул алааматтын баарын түшүрдүң+. 24  Мына, аскерлер шаарды басып алыш үчүн+ дөбө үйүп жатышат+. Кылычтан+, ачарчылыктан+, жугуштуу оорудан+ жапа чеккен шаар өзүнө каршы салгылашып жаткан каздимдиктердин колуна салынып берилет+. Сенин айткандарың аткарылып жатат. Муну өзүң көрүп турасың+. 25  Бирок сен, оо, Эгедер Теңир Жахаба, шаар каздимдиктердин колуна салынып бериле турган болсо да+, мага: „Күмүш төлөп, талаа сатып ал+, күбөлөрдү чакыр“+,— дедиң». 26  Ошондо Жахаба Жеремияга мындай деди: 27  «Мен Жахабамын, бүт адамзаттын Кудайымын+. Менин колуман келбеген нерсе барбы?+ 28  Ошондуктан Жахаба мындай дейт: „Мен бул шаарды каздимдиктердин колуна, Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна салып бергени жатам, ал аны басып алат+. 29  Бул шаарга каршы салгылашып жаткан каздимдиктер ичине кирип, аны үйлөрү менен кошо өрттөп жиберишет+. Мага акарат кылыш үчүн ал үйлөрдүн үстүндө Баалга арнап курмандык түтүнүн түтөтүшкөн, башка кудайларга арнап суюк тартуулар куюшкан“+. 30  „Ысрайыл уулдары менен Жүйүт уулдары жаш кезинен бери менин көз алдымда жамандык кылып келатышат+. Ысрайыл уулдары мага өздөрүнүн колунан бүткөн нерселери менен акарат кылып жатышат+,— дейт Жахаба.— 31  Бул шаар курулган күнүнөн ушул күнгө чейин ачуумду, каарымды козгоп келатат+, мен аны көз алдыман жок кылам+. 32  Ысрайыл уулдары+ менен Жүйүт уулдарынын+, өздөрү менен кошо падышаларынын+, төрөлөрүнүн+, дин кызматчыларынын+, пайгамбарларынын+, Жүйүт жери менен Иерусалимдин тургундарынын мага акарат кылыш үчүн+ жасаган бүт кыянат иштери үчүн ошентем. 33  Алар мага жүзүн бурбай, сыртын салышты+. Мен аларды үйрөткөм, эрте туруп үйрөткөм, бирок насаатыма эч кимиси кулак каккан эмес+. 34  Алар менин ысмым менен аталган үйдү арамдаш үчүн ага жийиркеничтүү нерселерин киргизип алышкан+. 35  Андан тышкары, Ином уулунун өрөөнүндө+ Баалга арнап бийик жерлерди жасап+, уул-кыздарын Молекке багыштап+ өрттөшкөн+. Мен аларга андай буйрук берген эмесмин+, Жүйүттү күнөөгө батырыш үчүн алардын ошондой жийиркеничтүү ишке барары+ оюма да келген эмес“+. 36  Ошондуктан Ысрайылдын Кудайы Жахаба бул шаар тууралуу, силер: „Кылыч, ачарчылык, жугуштуу оору менен Бабыл падышасынын колуна салынып берилет“+,— деген шаар тууралуу мындай дейт: 37  „Мен аларды ачууланып, каарданып, жаалданып турганымда кайсы жерлерге чачыратып жиберсем+, ошол жерлерден чогултуп, бул жерге алып келем; алар коопсуз жашайт+. 38  Алар менин элим болот+, мен алардын Кудайы болом+. 39  Өздөрү да, өздөрүнөн кийинки балдары да жакшылык көрүшү үчүн, мен аларга дайыма менден коркуп жашагыдай+ бир жүрөк+, бир жол берем. 40  Мен алар менен түбөлүк келишим түзөм да+, алардан баш тартпайм, аларга жакшылык кылам+. Алар менден четтебеши үчүн, жүрөктөрүнө менден коркуу сезимин салам+. 41  Аларга жакшылык кылганыма сүйүнөм+, ишенимдүүлүк көрсөтүп, аларды бул жерге чын жүрөгүмдөн, жан-дилимден тигем“»+. 42  «Жахаба мындай дейт: „Бул элдин башына ушул чоң алааматты түшүргөнүмдөй эле, аларга айткан бүт жакшылыгымды да көрсөтөм+. 43  Силер: “Бул жер — адам да, үй айбанаттары да байыр албаган, каздимдиктерге берилген+ ээн жер”+,— дей турган ушул жерде талаалар сатылып алынат“+. 44  „Бенжемин жеринде+, Иерусалимдин+ айланасында, Жүйүт шаарларында+, тоолуу аймактагы шаарларда, түздүктөгү шаарларда+, түштүктөгү шаарларда+ күмүш төлөп, талааларды сатып алышат, сатык келишимин түзүп+, аны мөөр менен бекитишет, күбөлөрдү чакырышат+. Анткени мен алардын туткундалып кеткендерин кайра алып келем“+,— дейт Жахаба».

Шилтемелер

1 шекел = 11,4 г. Кара: 13-тирк.