Жеремия 33:1—26
33 Жахаба күзөтчүлөр короосунда+ камакта отурган Жеремияга экинчи ирет кайрылып, мындай деди:
2 «Жерди жараткан Жахаба+, аны калыптап+, бекем орноткон Жахаба+, Жахаба деген ысымдын ээси+ мындай дейт:
3 „Мени чакыр, ошондо сага жооп берем+. Сен билбеген улуу, акыл жеткис нерселер тууралуу айтып берем“»+.
4 «Ысрайылдын Кудайы Жахаба дөбө үйгөндөрдөн, кылыч көтөргөндөрдөн коргонуш үчүн бузула турган бул шаардагы үйлөр тууралуу+, Жүйүт падышаларынын үйлөрү тууралуу,
5 каздимдиктер менен салгылашыш үчүн, шаарды өлүккө толтуруш үчүн келаткандар тууралуу мындай дейт (алардын бардык кыянат иштеринен улам мен бул шаардан жүзүмдү жашыргам+, ошон үчүн аларды ачуум менен, каарым менен кырам)+:
6 „Мен шаарды айыктырам, ага ден соолук берем+. Элин сакайтам, аларга мол тынчтык берем, чындыкты ачып берем+.
7 Жүйүт менен Ысрайылдын туткундагы элин кайра алып келем+, аларды баштагыдай кылып калыбына келтирем+.
8 Аларды мага каршы кылган бардык күнөөлөрүнөн тазалайм+, мага каршы кылган бардык кылмыштарын, күнөөлөрүн кечирем+.
9 Жер жүзүнүн бардык элдеринин алдында бул шаардын аты мен үчүн шаттыкка+, даңкка, көрккө айланат+. Элдер ага кылган бардык жакшылыктарым жөнүндө угушат. Ага жакшылык кылганымды, тынчтык бергенимди угуп+ коркушат+, титирешет“»+.
10 «Жахаба мындай дейт: „Силер “адам да, үй айбанаттары да байыр албаган ээн жер” деп атай турган бул жерде, эли да, тургуну да, үй айбанаттары да калбай турган Жүйүт шаарларында+, Иерусалим көчөлөрүндө кайрадан
11 кубаныч менен шаттыктын, күйөө менен колуктунун үнү угулат+. “Асман аскерлеринин Кудайы Жахабаны даңктагыла, анткени Жахаба жакшы+, анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү!”+ — дегендердин да үнү угулат“.
„Алар Жахабанын үйүнө ыраазычылык курмандыгын алып келишет+. Анткени мен бул жердин туткунга кеткен элин кайра алып келем. Бардыгы баштагыдай болот“+,— дейт Жахаба».
12 «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Адамы да, үй айбанаттары да жок бул ээн жерде+, бардык шаарларда кайрадан койчулар оторун жуушата турган жайыттар болот“+.
13 „Тоолуу аймактагы шаарларда, түздүктөгү шаарларда+, түштүктөгү шаарларда+, Бенжемин жеринде+, Иерусалимдин айланасында+, Жүйүт шаарларында+ оторлор кайрадан санакчынын кол алдынан өтөт“+,— дейт Жахаба».
14 «Мына! — дейт Жахаба.— Мен Ысрайыл үйү менен Жүйүт үйү жөнүндө+ айткан убадамды аткара турган+ күндөр келатат+.
15 Ошол күндөрдө, ошол убакта Дөөтүнүн тукумунан адил мураскор* чыгарам+. Ал бул жерде акыйкаттык, адилдик боюнча иш кылат+.
16 Ошол күндөрдө Жүйүт куткарылат+, Иерусалим коопсуз жашайт+. Ал шаарды „Жахаба — адилдигибиз“ деп аташат»+.
17 «Жахаба мындай дейт: „Дөөтүнүн тукуму Ысрайыл үйүнүн тактысында ар дайым отурат+.
18 Ал эми дин кызматчы-лебилер дайыма бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды чалып, нан курмандыгын өрттөп турушат“»+.
19 Жахаба Жеремияга дагы мындай деди:
20 «Жахаба мындай дейт: „Силер күн менен түндү өз маалында алмашпагыдай кылып, күн жөнүндөгү келишимим менен түн жөнүндөгү келишимимди буза алсаңар+,
21 анда кызматчым Дөөтү менен, мага кызмат кылган дин кызматчы-лебилер+ менен түзгөн келишимим да бузулмак+; Дөөтүнүн тактысын ээлеп, падышалык кыла турган уулу болмок эмес+.
22 Асмандагы нерселер менен деңиз куму сан жеткис болгондой эле+, мен кызматчым Дөөтүнүн тукумун да, мага кызмат кылган лебилерди+ да көбөйтөм“».
23 Жахаба Жеремияга дагы мындай деди:
24 «Бул элдин ичинен айрымдардын: „Жахаба тандап алган эки уруусун+ четке кагат“,— деп айтып жүргөнүн уккан жоксуңбу? Алар менин элимди баркка албай+, эл катары эсептебей калышты.
25 Жахаба мындай дейт: „Мен күн менен түн жөнүндөгү келишимимди+, асман менен жердин мыйзамдарын бекитпеген болсом+,
26 анда Жакыптын, кызматчым Дөөтүнүн тукумун четке кагып+, анын тукумунан чыккан башкаруучуларды Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын тукумунун үстүнөн коймок эмесмин. Мен алардын туткундагы элин чогултам+, аларга боор ооруйм“»+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «чырпык».