Жеремия 34:1—22
34 Бабыл падышасы Небухаданасар+, анын бүт аскери+, кол алдындагы+, жер жүзүндөгү бардык падышалыктар, бүт элдер Иерусалимге жана анын тегерегиндеги бардык шаарларга каршы салгылашып жатканда+, Жахаба Жеремияга мындай деди:
2 «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Бар да, Жүйүт падышасы Ситкияга+ айт, ага мындай де: “Жахаба мындай дейт: “Мен бул шаарды Бабыл падышасынын колуна салып бергени жатам+, ал аны өрттөп жиберет+.
3 Сен анын колунан качып кутула албайсың, сөзсүз колго түшөсүң, анын колуна салынып берилесиң+. Бабыл падышасы менен көзмө-көз көрүшөсүң+, оозмо-ооз сүйлөшөсүң, анан Бабылга барасың”.
4 Бирок, Жүйүт падышасы Ситкия+, Жахабанын сөзүн ук: “Жахаба сен жөнүндө мындай дейт: “Сен кылычтан өлбөйсүң,
5 тынч жатып өлөсүң+. Эл ата-бабаларың үчүн, сага чейинки падышалар үчүн жыпар жыттуу зат түтөткөндөй+, сен үчүн да түтөтөт+, сени “эсил кайран мырзам!”+ деп жоктоп ыйлайт+. Анткени муну мен айттым”,— дейт Жахаба””“».
6 Жеремия пайгамбар Жүйүт падышасы Ситкияга Иерусалимде ушул сөздөрдүн баарын айтты+.
7 Ошол учурда Бабыл падышасынын аскерлери Иерусалимге, Жүйүт жериндеги калган бардык шаарларга+, Лакишке+, Азекке+ каршы салгылашып жатты, анткени Жүйүт шаарларынын+ арасынан ушул эле чептүү шаарлар калган болчу+.
8 Ситкия падыша Иерусалимдеги бүт эл менен эркиндик жарыялоо жөнүндө келишим түзгөндөн кийин+ Жахабанын Жеремияга айткан сөзү.
9 Ал келишимде ар бири өзүнүн кулу менен күңүн, еврей+ эркек менен еврей аялды, эркиндикке коё берип, эч кимиси жүйүт бир тууганын кул кылбашы керектиги айтылган+.
10 Ошондуктан төрөлөрдүн баары+, келишимди кабыл алган бүт эл тил алып, ар бири өзүнүн кулу менен күңүн эркиндикке коё берүүгө, мындан ары аларды кул кылбоого макул болду. Баары тил алып, аларды коё беришти+.
11 Бирок көп өтпөй кайра айнып+, эркиндикке коё берген кулдары менен күңдөрүн кайтарып келе башташты, аларды кайрадан кул, күң болууга мажбурлашты+.
12 Ошондо Жахаба Жеремияга кайрылды. Жахаба мындай деди:
13 «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен ата-бабаларыңарды Мисир жеринен, кулчулуктун үйүнөн+, алып чыккан күнү+ алар менен келишим түзүп+:
14 “Жетинчи жылы* ар бириңер өзүңөргө сатылган+, алты жыл кызмат кылган бир тууганыңарды, еврейди+, коё бергиле+, эркиндикке коё бергиле”,— дегем. Бирок ата-бабаларыңар мени угушкан эмес, сөзүмө кулак түрүшкөн эмес+.
15 Силер болсо бүгүнкү күндө кайрылып, ар бириңер жакыныңарга эркиндик жарыялоо менен көз алдымда туура иш кылдыңар, менин ысмым менен аталган үйдө+, менин алдымда келишим түздүңөр+.
16 Бирок кайра айнып+, ысмымды булгадыңар+, анткени ар бириңер кулдарыңар менен күңдөрүңөрдү каалаган жагына коё бергенден кийин кайра кайтарып келип, кул, күң болууга мажбур кылдыңар“+.
17 Ошондуктан Жахаба мындай дейт: „Силер тилимди алган жоксуңар, бириңер да бир тууганыңарга, жакыныңарга эркиндик жарыялаган жоксуңар+. Мына, ошон үчүн силерге мындай эркиндик жарыялайм+,— дейт Жахаба.— Силер кылычтан+, жугуштуу оорудан+, ачарчылыктан өлөсүңөр+. Муну угуп, жер жүзүндөгү бардык падышалыктар титирейт+.
18 Музоону экиге бөлүп+, ортосунан өтүп+, менин алдымда өздөрү түзгөн келишимдин сөздөрүн аткарбай, келишимимди бузгандарды+ душмандын колуна салып берем.
19 Мен музоонун ортосунан өткөн Жүйүт төрөлөрүн, Иерусалим төрөлөрүн+, ак сарай кызматчыларын, дин кызматчыларды жана бүт элди
20 душмандарынын колуна, алардын жанын алгысы келгендердин колуна салып берем+; алардын өлүгү асмандагы куштарга, жердеги айбандарга жем болот+.
21 Жүйүт падышасы Ситкияны+, анын төрөлөрүн душмандарынын колуна, алардын жанын алгысы келгендердин колуна, артка чегинип жаткан+ Бабыл падышасынын аскерлеринин колуна салып берем“+.
22 „Мына, мен буйрук берем,— дейт Жахаба,— аларды бул шаарга кайра алып келем+. Алар салгылашып, шаарды басып алышат да, өрттөп жиберишет+. Мен Жүйүт шаарларын эч ким жашабаган ээн жерге айлантам“»+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Жети жыл аяктаганда».