Жеремия 35:1—19
35 Жүйүт падышасы Жошия уулу Жаякимдин+ күндөрүндө Жахабанын Жеремияга айткан сөзү:
2 «Рехап уулдарынын+ үйүнө барып, алар менен сүйлөш да, аларды Жахабанын үйүндөгү ашканалардын бирине ээрчитип келип, ичкенге шарап бер».
3 Мен Хабасиния уулу, Жеремия уулу Жазанияны жана анын бир туугандарын, бүт уулдарын, Рехап уулдарынын баарын ээрчитип келип,
4 Жахабанын үйүнө, чыныгы Кудайдын кишиси Игдалия уулу Ханандын уулдарынын ашканасына+ киргиздим. Ал төрөлөрдүн ашканасынын жанында, дарбаза кайтаруучу Шалум+ уулу Маасеянын ашканасынын үстүндө жайгашкан эле.
5 Анан мен Рехап уулдарынын алдына шарап толтурулган чөйчөктөр менен кеселерди коюп: «Ичкиле»,— дедим.
6 Бирок алар мындай дешти: «Биз шарап ичпейбиз. Себеби Рехап+ уулу Жонадап, биздин атабыз, мындай буйрук берген: „Түбөлүккө шарап ичпегиле: өзүңөр да ичпегиле, балдарыңар да ичпесин+.
7 Үй салбагыла, үрөн сеппегиле, жүзүм тикпегиле да, жүзүмзарга ээлик кылбагыла. Келгин болуп жүргөн жериңерде узак жашашыңар үчүн+, өмүр бою чатырларда жашагыла“.
8 Ошон үчүн биз атабыздын, Рехап уулу Жонадаптын, айткандарынын баарына карманабыз+. Өмүр бою шарап ичпейбиз: өзүбүз да ичпейбиз, аялдарыбыз да, уул-кыздарыбыз да ичпейт+.
9 Биз жашаш үчүн үй салбайбыз, жүзүмзарга, айдоо талаасына ээлик кылбайбыз, үрөн сеппейбиз,
10 чатырларда жашайбыз. Атабыз Жонадаптын+ айткандарынын баарына карманабыз, тил алабыз+.
11 Бирок Бабыл падышасы Небухаданасар бул жерге кол салганда+, биз: „Жүргүлө, каздимдиктер менен сириялыктардын аскерлеринен качып, Иерусалимге баралы да, ошол шаарда жашайлы“,— дегенбиз»+.
12 Ошондо Жахаба Жеремияга мындай деди:
13 «Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Жүйүт элине, Иерусалимдин тургундарына барып, мындай де: “Силерди менин сөзүмдү угууга кайра-кайра үндөшкөн эмес беле?+ — дейт Жахаба.—
14 Рехап+ уулу Жонадаптын айтканы эки болгон жок: уулдарына шарап ичпөөнү буйруган эле, алар ушул күнгө чейин шарапты оозуна албайт. Анткени атасынын буйругуна баш ийишет+. Мен да силерге айткам, эрте туруп айткам+, силер болсо тилимди алган эмессиңер+.
15 Мен силерге кызматчыларымды — пайгамбарларды — жиберип тургам+, эрте туруп жиберип тургам. Силерге: “Суранам, ар бириңер жаман жолуңардан кайткыла+, иштериңерди оңдогула+, башка кудайлардын артынан ээрчибегиле, аларга кызмат кылбагыла+, мен силерге, ата-бабаларыңарга берген жерде жашай бергиле”,— дегем+. Бирок силер кулак төшөбөй койгонсуңар, мени укпай койгонсуңар+.
16 Рехап+ уулу Жонадаптын уулдары атасынын берген буйругун аткарышат+. Бул эл болсо мени укпайт”“»+.
17 «Ошондуктан Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мына, мен Жүйүт элине, Иерусалимдин бардык тургундарына айткан алааматтардын баарын каптатам+. Анткени айтканымда, укпай коюшкан, чакырганымда, жооп бербей коюшкан“»+.
18 Анан Жеремия Рехаптын уулдарына мындай деди: «Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Силер атаңар Жонадаптын+ осуятын бузбай, анын осуяттарынын баарын аткарып, бардыгын анын буйругу боюнча кылып келатканыңар үчүн+,
19 Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Рехап уулу Жонадаптын тукуму ар дайым менин алдымда+ турат”“»+.