Жеремия 40:1—16

40  Жан сакчылардын башчысы Небузарадан+ колуна кишен салынган Жеремияны Иерусалим менен Жүйүт жеринен Бабылга туткундалып бараткандардын арасынан алып калып+, Рамадан+ коё бергенден кийин, Жахабанын Жеремияга айткан сөзү.  Жан сакчылардын башчысы Жеремияны алып калып, мындай деди: «Жахаба Кудайың бул жерге ушундай алаамат алып келерин айткан эле+.  Мына, эми Жахаба айткандарын аткарып, сөзүн ишке ашырды, анткени силер Жахабанын тилин албай, ага каршы күнөө кылгансыңар. Ошондуктан башыңарга ушундай мүшкүл түштү+.  Бүгүн колуңдагы кишенди чечип, сени бошоттум. Эгер мени менен Бабылга баргың келсе, жүр, сага көз салып жүрөм+. Эгер мени менен Бабылга баргың келбесе, анда кал. Мына, бүт жер сенин алдыңда. Кайсы жерге барууну туура көрсөң, ылайык тапсаң, ошол жерге бар»+.  Жеремия каякка барарын чече электе, Небузарадан ага: «Бабыл падышасы Жүйүт шаарларына башчы кылып койгон Шапан+ уулу, Ахикам+ уулу Гедалияга+ кайтып бар, аны менен бирге элдин арасында жаша. Болбосо кайсы жерге барууну туура көрсөң, ошол жерге бар»,— деди+. Анан жан сакчылардын башчысы азык-түлүк, белек берип, аны коё берди+.  Жеремия Миспадагы+ Ахикам уулу Гедалияга+ барып, аны менен бирге ал жерде калган элдин арасында жашап калды.  Кийинчерээк ошол жердеги аскер башчыларынын+ баары жана алардын кишилери Бабыл падышасынын Ахикам уулу Гедалияны өлкөгө башчы кылып койгонун, ага Бабылга туткундалып кетпеген кедей-кембагалдарды, эркек-аялдарды, балдарды тапшырганын угушту+.  Анан Миспадагы Гедалияга Нетания уулу Ысмайыл+, Кареахтын уулдары Жоханан+ менен Жонатан, Танхумет уулу Серая, нетопалык+ Эпайдын уулдары, маахаттык+ кишинин уулу Жезания+ өз кишилери+ менен келди.  Шапан+ уулу, Ахикам+ уулу Гедалия+ аларга жана алардын кишилерине сөз берип+, мындай деди: «Каздимдиктерге кызмат кылгандан коркпогула. Бул жерде жашап, Бабыл падышасына кызмат кыла бергиле, ошондо өзүңөргө жакшы болот+. 10  Мен болсо бизге келе турган каздимдиктердин алдында кызыкчылыгыңарды жакташ үчүн Миспада+ жашайм. Силер болсо шарап+, май, жайкы жемиштерди камдап, идиштериңерди толтургула, ээлеген шаарларыңарда жашай бергиле». 11  Ошондой эле Мааптагы, Амон уулдарынын арасындагы, Эдомдогу жана башка жерлердеги жүйүттөрдүн+ баары Бабыл падышасынын Жүйүт жерине элден калдык калтырганын, алардын үстүнөн Шапан уулу, Ахикам уулу Гедалияны башчы кылып койгонун угушту+. 12  Ошондо жүйүттөрдүн баары чачырап кеткен жерлеринен кайтып келе башташты. Алар Жүйүт жерине, Миспадагы+ Гедалияга келип, абдан көп шарап, жайкы жемиштерди камдашты. 13  Кареах+ уулу Жоханан+ менен өлкөдөгү аскер башчыларынын баары+ Миспага, Гедалияга келишти. 14  Алар ага: «Амон уулдарынын+ падышасы Баалистин Нетания+ уулу Ысмайылды+ сени өлтүрүш үчүн жибергенин билбейсиңби?» — дешти. Бирок Ахикам уулу Гедалия аларга ишенген жок+. 15  Кареах уулу Жоханан+ Миспада, жашыруун жайда Гедалияга: «Мен эч кимге билгизбей, азыр эле барып, Нетания уулу Ысмайылды өлтүрүп келейин+. Анын сени өлтүрүшүнө, жаныңа чогулган бардык жүйүттөрдүн чачырап, Жүйүт калдыгынын кырылышына жол бериштин эмне кереги бар?» — деди+. 16  Бирок Ахикам+ уулу Гедалия+ Кареах уулу Жохананга: «Антпе, анткени Ысмайыл+ тууралуу айткандарың калп»,— деди.

Шилтемелер