Жеремия 41:1—18
41 Падыша тукумунан чыккан+, падышанын кол алдындагы башчылардын бири болгон Элишама+ уулу, Нетания уулу Ысмайыл+, аны менен кошо он киши+ жетинчи айда Миспага+, Ахикам уулу Гедалияга келишти. Алар Миспада чогуу нан жешти+.
2 Анан Нетания уулу Ысмайыл, аны менен кошо он киши ордуларынан туруп, Шапан уулу, Ахикам уулу Гедалияны кылыч менен өлтүрүштү+. Ошентип, Ысмайыл Бабыл падышасы өлкөгө башчы кылып койгон+ кишини өлтүрүп салды.
3 Ошондой эле ал Миспада Гедалия менен бирге болгон жүйүттөрдүн баарын, ошол жердеги каздимдиктердин жоокерлерин да өлтүрдү.
4 Гедалия өлтүрүлгөн күндүн эртеси, ал жөнүндө эч ким биле электе+,
5 Шекемден+, Шилодон+ жана Самариядан+ сакалдары алынган+, кийимдери айрылган, дене мүчөлөрүн кескилеген+ сексен киши келди. Алар Жахабанын үйүнө алып барыш үчүн нан курмандыгын, ладан+ көтөрүп келатышкан эле.
6 Нетания уулу Ысмайыл аларды тосуп алыш үчүн Миспадан чыгып, жолдо ыйлап баратты+. Аларга жеткенде: «Жүргүлө, Ахикам уулу Гедалияга баралы»,— деди.
7 Алар шаардын ортосуна кирери менен, Нетания уулу Ысмайыл жана анын жанындагы кишилер аларды өлтүрүп, кудукка салып салышты+.
8 Бирок алардын арасынан он киши чыгып, Ысмайылга: «Бизди өлтүрбө, анткени талаада буудай, арпа, май, бал сакталган жашыруун кампаларыбыз бар»,— дешти+. Ошондо Ысмайыл аларга тийген жок, бир туугандары менен кошо өлтүргөн жок.
9 Ысмайыл өлтүргөн кишилерин салып салган кудук чоң болчу. Аны Аса падыша Ысрайыл падышасы Баашадан+ коркконунан каздырган эле. Нетания уулу Ысмайыл+ ал кудукту өлүккө толтурду.
10 Анан Ысмайыл Миспадагы+ калган бүт элди, падышанын кыздарын+, Миспада калгандардын баарын+ — жан сакчылардын башчысы Небузарадан Ахикам уулу Гедалияга тапшыргандарды+ — туткунга алды. Нетания уулу Ысмайыл аларды туткундап, Амон уулдарынын тарабына өтүү үчүн жолго чыкты+.
11 Көп өтпөй Кареах уулу Жоханан+ менен анын жанындагы аскер башчыларынын баары+ Нетания уулу Ысмайылдын кыянат иштеринин баарын угушту.
12 Ошондо алар баарын чогултуп, Нетания уулу Ысмайыл менен салгылашууга жөнөштү. Аны Гибондогу чоң суунун+ боюнан табышты.
13 Ысмайылдын жанындагы бүт эл Кареах уулу Жоханан менен анын жанындагы аскер башчыларын көргөндө сүйүнүп кетишти.
14 Ошондо Ысмайыл Миспадан+ туткундап алып кеткен элдин баары артка бурулуп, Кареах уулу Жохананды көздөй жөнөштү.
15 Нетания уулу Ысмайыл болсо сегиз кишиси менен бирге Жоханандан качып+, Амон уулдарына кетип калды.
16 Кареах уулу Жоханан+ менен анын жанындагы бүт аскер башчылары калган элдин баарын: Нетания уулу Ысмайыл Ахикам уулу Гедалияны өлтүргөндөн кийин+ Миспадан алып кеткен эркектерди, жоокерлерди, аялдарды, балдарды, ак сарай кызматчыларын анын колунан куткарып, Гибондон кайра алып кетишти.
17 Алар андан ары Мисирге барыш үчүн+ Бетлехемдин+ жанындагы Кимам түнөк жайына келип токтошту.
18 Нетания уулу Ысмайыл Бабыл падышасы өлкөгө башчы кылып койгон+ Ахикам уулу Гедалияны өлтүрүп койгондуктан+, алар каздимдиктерден+ коркуп+, качып баратышкан эле.