Жеремия 43:1—13
43 Жеремия бүт элге алардын Кудайы Жахабанын бардык сөздөрүн, өзү аркылуу Кудайы Жахабанын аларга айттырып жиберген бардык сөздөрүн айтып бүтөрү менен+,
2 Ошая+ уулу Азария, Кареах уулу Жоханан+ жана бардык менменсинген кишилер+ Жеремияга мындай дешти: «Сен калп айтып жатасың+. Жахаба Кудайыбыз сени: „Мисирге барбагыла, ал жерде келгин болуп жашабагыла“,— деп айттырыш үчүн жиберген эмес+.
3 Сени бизге каршы Нерия уулу Барух+ тукуруп жатат. Ал бизди каздимдиктердин колуна салып берип, өлтүрткүсү же Бабылга туткунга айдаткысы бар»+.
4 Кареах уулу Жоханан, бардык аскер башчылары, бүт эл Жүйүт жеринде калбай+, Жахабанын тилин албай коюшту+.
5 Ошентип, Кареах уулу Жоханан, бардык аскер башчылары бүт Жүйүт калдыгын, кайсы элдердин арасына чачырап кетсе, ошол элдердин арасынан Жүйүт жеринде жашап туруш үчүн+ кайтып келген элди:
6 эркектерди, аялдарды, балдарды, падышанын кыздарын+, жан сакчылардын башчысы Небузарадан+ Шапан+ уулу, Ахикам+ уулу Гедалияга калтырган тирүү жандын баарын+, ошондой эле Жеремия пайгамбар менен Нерия уулу Барухту+ алып жөнөштү.
7 Алар Жахабанын тилин албай, Мисир жерине+ келишти, анан Тахпанеске+ жетишти.
8 Тахпанесте Жахаба Жеремияга мындай деди:
9 «Колуңа чоң таштарды ал да, аларды Тахпанесте жүйүттөрдүн көзүнчө фараондун үйүнүн кире беришиндеги кыш төшөлгөн жайдагы ылайга катып кой+.
10 Анан аларга мындай деп айт: „Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Мына, мен кулум+ Бабыл падышасы+ Небухаданасарды чакыртып, анын тактысын өзүм катып койгон ушул таштардын үстүнө коём. Ал ушул таштардын үстүнө чоң чатырын тигет.
11 Ал келип, Мисир жерин талкалайт+. Айыккыс дарттан өлө турган айыккыс дартка чалдыгат, туткунга кете турган туткунга айдалат, кылычтан өлө турган кылычтын мизине алынат+.
12 Мен Мисир кудайларынын үйлөрүнө от коём+. Ал аларды өрттөп, туткунга айдап кетет. Койчу кийимин кийгендей, ал Мисир жерин киет+, анан ал жерден жеңиш менен чыгып кетет.
13 Ал Мисир жериндеги Бет-Шемеш мамыларын талкалап, Мисир кудайларынын үйлөрүн өрттөп жиберет”“».