Жеремия 45:1—5
45 Жеремия пайгамбардын Нерия уулу Барухка+ айткан сөзү. Ал бул сөздөрдү Жүйүт падышасы Жошия уулу Жаякимдин башкаруусунун төртүнчү жылында+ Жеремиянын оозунан жазып алган+:
2 «Барух, Ысрайылдын Кудайы Жахаба сен жөнүндө мындай дейт:
3 „Сен: “Шорум катты+, анткени Жахаба дартымдын үстүнө кайгы кошту! Үшкүрүнүп жатып эсим ооду, жаныма жай таппай жатам”,— дедиң“»+.
4 «Ага мындай де: „Жахаба мындай дейт: “Мына, мен курганымды талкалайм, тиккенимди жулуп таштайм. Бул жердин баарын ушинтем+.
5 Сен болсо чоң нерсени көксөп жатасың+. Көксөбө”“+.
“Мен ар бир адамдын башына алаамат түшүрөм+,— дейт Жахаба.— Ал эми сага, кайда барба, жаныңды олжо катары берем”»+.