Жеремия 46:1—28
46 Жахабанын Жеремия пайгамбарга элдер тууралуу айткан сөзү+.
2 Мисир жөнүндө+, Эфрат дарыясынын жээгиндеги Каркемиште+ турган, Жүйүт падышасы Жошия уулу Жаякимдин+ башкаруусунун төртүнчү жылында Бабыл падышасы Небухаданасар тарабынан талкаланган Мисир падышасынын, Нехо фараондун+, аскерлери жөнүндө:
3 «Кичине калканыңар менен чоң калканыңарды камдап, салгылашка жөнөгүлө+.
4 Атчандар, аттарыңарды токуп, минип чыккыла, туулгаңарды кийип, тизилгиле. Найзаларыңарды курчуткула. Соотуңарды кийгиле+.
5 „Эмне үчүн алардын үрөйү учканын көрүп турам? Алар артка чегинди, күчтүүлөрү кыйратылды, артын карабай качып жөнөштү+. Айлананы коркунуч басты+,— дейт Жахаба.—
6 Күлүк киши качууга, күчтүү киши качып кутулууга аракет кылбасын+. Алар түндүктөн+, Эфрат дарыясынын жээгинен чалынып жыгылышты“+.
7 Нил дарыясындай, суусу албууттанган дарыялардай көтөрүлүп келаткан бул ким?+
8 Мисир Нил дарыясындай көтөрүлүп+, суулар дарыялардай албууттанып жатат+. Ал: „Мен көтөрүлүп, жерди каптайм, шаарды жана анда жашагандарды жок кылам“,— деп жатат+.
9 Аттар, жөнөгүлө! Арабалар, зуулдагыла! Калкан көтөргөн Куш+ менен Пут+, жаа тарткан Лут+, күчтүү жоокерлер чыксын.
10 Ал күн — Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын күнү, душмандарынан өчүн ала турган күнү+. Кылыч жеп-жутат, канга тоёт, моокуму канат, анткени Эгедер Теңир+, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба түндүк жеринде, Эфрат дарыясынын+ жээгинде курмандык чалат+.
11 Мисир кызы+, Гилатка барып, бальзам+ ал. Дары-дармекти көбөйткөнүңдөн пайда жок. Дартыңа даба жок+.
12 Маскара болгонуң элдерге угулду+, өкүрүгүң жер жүзүнө жаңырды+. Алар чалынды, күчтүү киши күчтүү кишиге чалынып+, экөө тең жерге жыгылды».
13 Бабыл падышасы Небухаданасардын Мисир жерин кыйратыш үчүн келери+ тууралуу Жахабанын Жеремия пайгамбарга айткан сөзү.
14 «Мисирде айткыла, Мигдолдо+ жар салгыла, Ноп+ менен Тахпанесте+ жарыялагыла. Мындай дегиле: „Тур, даяр бол+, анткени сени туш тараптан кылыч жеп-жутат+.
15 Эмне үчүн күчтүүлөрүңдү суу агызып кетти?+ Жахаба кууп жибергендиктен, алар туруштук бере алышкан жок+.
16 Көп киши чалынып жыгылып, бири экинчисине: “Тур, каргашалуу кылычтан качып, өз элибизге, туулган жерибизге кайталы”,— деп жатат“.
17 Ал жерде: „Мисир падышасы фараон — жел өпкө+. Ал майрам учурун колдон чыгарып жиберди“,— деп жатышат+.
18 „Мен тирүүмүн,— дейт Падыша, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба деген ысымдын ээси+,— ал тоолор арасындагы Табордой+, деңиз жээгиндеги Кармелдей+ болуп келет.
19 Мисир кызы+, тургуну, туткунга кетүү үчүн жүгүңдү камда+. Анткени Ноп+ үрөй учурарлык абалда калат, өрттөлөт, бир да тургуну калбайт+.
20 Мисир — мыкты кунажын. Бирок аны түндүктөн учуп келген чиркей талайт+.
21 Анын жалданма аскерлери борго байланган торпоктордой+. Бирок баары бирдей артка бурулуп+, качып кетишти, туруштук бере алышкан жок+, анткени алардын алааматка кабылар күнү, жоопко тартылар убагы келди“+.
22 „Анын үнү соймоңдогон жыландын үнүндөй+. Душмандын аскерлери зор күч менен келет, отунчулардай болуп, балта менен кирип келет.
23 Анын токоюн кыйып ташташат+,— дейт Жахаба,— анткени ал — чытырман токой. Алар чегирткеден да көп+, сан жеткис.
24 Мисир кызы+ уят болот. Ал түндүк элинин колуна салынып берилет“+.
25 Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен Нодогу+ Амонду+, фараонду, Мисирди, анын кудайларын+, падышаларын+, фараондун өзүн, ага таянгандардын баарын жазалайм“+.
26 „Мен аларды жанын алгысы келгендердин колуна, Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна, анын кулдарынын колуна салып берем+. Бирок кийин Мисир мурунку убактагыдай элдүү болот“+,— дейт Жахаба.
27 „Кызматчым Жакып, коркпо, Ысрайыл, үрөйүң учпасын+. Мен сени куткарам. Сени алыстан, тукумуңду туткунда жүргөн жеринен кайтарып келем+. Жакып кайра кайтып келип, бейкуттукта, тынч жашайт, аны эч ким коркутпайт+.
28 Кызматчым Жакып, коркпо,— дейт Жахаба.— Анткени мен сени мененмин+. Мен сени кайсы элдердин арасына чачыратып жиберсем, ошол элдердин баарын кырам+, ал эми сени кырбайм+. Бирок чени менен жазалайм+, жазасыз калтырбайм“»+.