Жеремия 47:1—7
47 Фараон Азаны+ талкалай электе Жахабанын Жеремия пайгамбарга пелиштиликтер+ жөнүндө айткан сөзү.
2 Жахаба мындай дейт:
«Мына, түндүктөн+ суулар көтөрүлүп+, ташкын сууга айланып жатат. Ал жерди, андагынын баарын, шаарды, анын тургундарынын баарын каптайт+. Эл өкүрүк салат, жерде жашагандардын баары боздойт+.
3 Айгырлардын туягынын дүбүртүн+, майдан арабалардын калдыраганын+, дөңгөлөктөрдүн жер дүңгүрөткөн үнүн+ уккан аталардын кайраты качып, балдарын кароого жарабай калышат.
4 Анткени пелиштиликтердин баары кырыла турган+, аларга көмөк кылган Тир+ менен Сидондун+ аман калгандары ойрон боло турган күн келатат+. Жахаба пелиштиликтерди+, Каптор+ аралындагы элдин калдыгын кырат.
5 Аза+ таздай такыр болуп калат+, Ашкелондун+ үнү басылат. Оо, өрөөн элинин калдыгы, дене мүчөлөрүңдү дагы качанга чейин кескилейсиң?+
6 Оо, Жахабанын кылычы!+ Качанга чейин тыйылбайсың?+ Кыныңа кир, басыл, тыйыл.
7 Жахаба буйрук бергенде, кылыч кантип тынч турсун?! Ал Ашкелонго, деңиз жээгине багыт алды+. Кылычты ал ошол жакка жиберди».