Жеремия 8:1—22
8 «Ошол убакта,— дейт Жахаба,— Жүйүт падышаларынын, төрөлөрүнүн, дин кызматчылардын, пайгамбарлардын, Иерусалим тургундарынын сөөктөрүн мүрзөлөрүнөн алып чыгышат+.
2 Аларды күндүн, айдын, асмандагы нерселердин — өзүлөрү жакшы көрүп, кызмат кылып, артынан ээрчип+, издеп, таазим кылып+ жүргөн нерселердин — алдына ыргытып жиберишет. Алар чогултулбайт, көмүлбөйт, жер үстүндөгү кыкка айланат»+.
3 «Бул бузуку тукумдан калгандардын баары, мен аларды кайсы жерлерге чачыратып жиберсем+, ошол жерлерде өмүрдөн өлүмдү артык көрүшөт»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.
4 «Аларга мындай де: „Жыгылгандар кайра турбайбы?+ Бирөөсү кайтып келсе, экинчиси да кайтып келбейби?+ — дейт Жахаба.—
5 Анда эмне үчүн бул эл, Иерусалим, ишенимсиздигинен кайтпай жатат? Алар арамзалыкка жармашып+, кайтып келүүдөн баш тартып жатышат+.
6 Мен көңүл буруп+, кулак төшөдүм+. Бирок алардын оозунан жакшы кеп чыккан жок. “Бул эмне кылганым?” — деп, кылган жамандыгы үчүн өкүнгөн эч ким болгон жок+. Согушка жулунган аттай болуп, баары көнгөн жолуна кайра түшүп жатат+.
7 Асмандагы илегилек өзүнө белгиленген маалды билет+; бактек+, карлыгач, булбул — баары тең учуп келер маалына баш иет. Ал эми менин элим Жахабанын өкүмүн ишке ашырар маалын билбейт“+.
8 „Силер кантип: “Биз акылманбыз, бизде Жахабанын мыйзамы бар”,— деп жатасыңар?+ Катчылардын жалган калеми+ болсо калпты жазып жатат.
9 Акылмандар уят болду+, үрөйлөрү учту. Алар торго түшөт. Жахабанын сөзүн четке кагышкан соң алардын эмнеси акылман?+
10 Ошондуктан мен аялдарын башкаларга, талааларын баскынчыларга берем+. Анткени кичинесинен чоңуна чейин арам оокат издешет+, пайгамбарынан дин кызматчысына чейин анткорлук кылышат+.
11 Тынчтык жок болсо да+: “Тынчтык! Тынчтык!” — деп, элимдин кызынын жараатын айыктырымыш болушат+.
12 Алар жийиркеничтүү иштери үчүн уялышабы?+ Уялмак турсун, уялуу деген эмне экенин да билишпейт+.
“Ошондуктан алар кулагандар менен бирге кулашат. Мен жазалаганда+, чалынып жыгылышат”,— дейт Жахаба+.
13 Эгин оруп-жыйылган маалда мен аларды жок кылам,— дейт Жахаба+.— Жүзүм сабагында, анжир дарагында мөмө калбайт+, жалбырактары куурап калат. Алар мен бергендин баарынан кол жуушат“».
14 «Биз эмнеге кол куушуруп отурабыз? Чогулгула, чептүү шаарларга кирип+, ошол жактан өлөлү. Себеби Жахаба Кудайыбыз бизди өлүмгө өкүм кылды+. Жахабага каршы күнөө кылып келгенибиз үчүн, бизге уу кошулган суу ичирип жатат+.
15 Тынчтыкты күткөн элек, бирок эч жакшылык көргөн жокпуз+, айыгар маалды күткөн элек, бирок коркунуч басты!+
16 Анын аттарынын кошкуругу Дандан+ бери угулуп, айгырларынын азынаганынан бүт жер солкулдап жатат+. Алар жерди, андагынын баарын, шаарды жана анын тургундарын жеп-жутуп келатышат».
17 «Мына, мен силерге арбалгыс жыландарды+, уулуу жылаандарды жиберип жатам+, алар силерди чагат»,— дейт Жахаба.
18 Мени айыккыс дарт басып+, жүрөгүм сыздап жатат.
19 Элимдин кызы алыскы өлкөдөн жардам сурап+: «Сиондо Жахаба жокпу?+ Ал жакта падыша жокпу?»+ — деп кыйкырып жатат.
«Алар мага оюп жасалган буркандары менен, пайдасы жок жат кудайлары менен эмне үчүн акарат кылышты?»+
20 «Оруп-жыюу маалы да, жай да аяктады. Биз болсо куткарыла элекпиз!»+
21 Элимдин кызынын жараатынан+ улам жаным жабыркап+, кайгыга баттым. Айран-таң калдым+.
22 Гилатта+ бальзам жокпу? Ал жерде дарыгер жокпу?+ Анда эмнеге элимдин кызы айыкпай жатат?+