Жеремия 9:1—26
9 Башым суунун башаты, көзүм жаштын булагы болсо кана!+ Анда элимдин кызынын өлтүрүлгөн уулдарын күн-түн дебей жоктоп ыйлаар элем+.
2 Чөлдө жолоочулар токтогон жайым болсо кана!+ Анда элимди таштап, алыска кетер элем. Анткени баары — ойноштук кылып жүргөндөр+, ишенимсиздердин жыйыны+.
3 Калп айтуу үчүн алар тилин жаадай ийишет+; бул жерде ишенимдүүлүгү менен таанылышкан жок.
«Алар жамандык артынан жамандык кылышты, мени баркка алышкан жок»+,— дейт Жахаба.
4 «Ар бириңер өз жакыныңардан сактангыла+, бир туугандарыңардын эч кимисине ишенбегиле+. Анткени бири экинчисине бут тосуп+, жакынына жалаа жаап жатат+.
5 Ар бири жакынын алдап жатат+, чындыкты айткан эч ким жок. Алар тилин калп айтууга көндүрүшкөн+, жаман иштерди кылып жүрүп чарчашкан+.
6 Сен жалгандыктын так ортосунда отурасың+. Жалгандыгынан улам алардын мени билгиси жок»+,— дейт Жахаба.
7 Ошондуктан асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: «Мен аларды эритем, сынайм+. Элимдин кызына дагы эмне кылмакмын?+
8 Алардын тили — өлтүрө турган жебе+. Сүйлөгөн сөздөрү — жалгандык. Адам оозу менен өзүнүн жакынына досторчо сүйлөйт, бирок жүрөгүндө ага буктурма коёт»+.
9 «Ушунун баары үчүн мен аларды жоопко тартпаймбы? — дейт Жахаба.— Ушундай элден жаным өч албай коёбу?+
10 Тоолорду жоктоп ыйлайм+, ээн талаадагы жайыттарды жоктоп кошок айтам. Анткени алар өрттөнөт+, ал жактан эч ким өтпөй калат, малдын да үнү угулбай калат+. Асман канаттуулары учуп кетет, айбандар качып кетет, бири да калбайт+.
11 Мен Иерусалимди таштардын үймөгүнө+, чөөлөрдүн ийинине+, Жүйүт жериндеги шаарларды эч ким жашабаган ээн жерге айлантам+.
12 Муну түшүнгүдөй ким даанышман, айтып бергидей Жахаба кимге сүйлөгөн?+ Жер эмне үчүн кыйрайт, эмне үчүн чөлдөй күйүп, андан эч ким өтпөй калат?»+
13 Жахаба мындай деди: «Себеби алар мен берген мыйзамды таштап, ага ылайык жашашкан жок, тилимди алышкан жок+.
14 Тескерисинче, жүрөктөрүнүн өжөрлүгү боюнча иш кылып+, ата-бабалары үйрөткөндөй+, Баалдардын артынан жүрүштү+.
15 Ошондуктан Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен аларга, бул элге, эрмен жедирем+, уу кошулган суу ичирем+.
16 Аларды өздөрү да, ата-бабалары да билбеген элдердин арасына чачыратып жиберем+, кырып жок кылмайын алардын артынан кылыч жиберем“+.
17 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Түшүнүү менен иш кылгыла, кошокчуларды чакыргыла+, кыйындарын чакырткыла, келишсин+.
18 Тез келип, бизди жоктоп ыйлашсын. Көзүбүздөн жаш куюлсун, кирпиктерибизден суу аксын+.
19 Сиондон: “Кандай гана талоонго калдык!+ Кандай гана уят болдук! Анткени биз жерибизди таштап кеттик, турак жайларыбыз талкаланды”+,— деген ый угулуп жатат+.
20 Оо, аялдар, Жахабанын сөзүн уккула, анын оозунан чыккан сөзгө кулак төшөгүлө. Кыздарыңарга ыйлаганды+, бири-бириңерге кошок кошконду+ үйрөткүлө.
21 Анткени балдарды көчөдөн, уландарды аянттардан кырыш үчүн терезелерибизден, мунаралуу чебибизден өлүм кирип келди“+.
22 Аларга мындай деп айт: „“Адамдардын өлүктөрү талаадагы кыктай, орокчунун артындагы жаңы орулган эгиндей ташталат, аларды эч ким жыйнабайт”,— дейт Жахаба“»+.
23 Жахаба: «Акылман акылмандыгына+, күчтүү күчүнө+, бай байлыгына мактанбасын»,— дейт+.
24 «Мактана турган адам түшүнүккө ээ экенин, мени билерин+, менин Жахаба экенимди, жер жүзүндө мээримдүүлүк, акыйкаттык, адилдик менен иш кылган Кудай экенимди+ билерин айтып мактансын+, анткени мага ушулар жагат»+,— дейт Жахаба.
25 «Мына, сүннөткө отургузулганы менен, сүннөтсүз жүргөндөрдүн баарын өзүм жоопко тарта турган күндөр келатат,— дейт Жахаба+.—
26 Мен Мисирди+, Жүйүт жерин+, Эдомду+, Амон уулдарын+, Маапты+ жана ээн талаада жашаган, саамай чачын кырктырган ар бир элди жоопко тартам+. Анткени бул элдердин баары сүннөткө отургузулган эмес, бүт Ысрайыл үйү болсо жүрөгүн сүннөттөгөн эмес»+.