Жунус 4:1—11
4 Буга Жунус катуу нааразы болуп+, аябай ачууланды.
2 Ал Жахабага кайрылып: «Оо, Жахаба, мен өз жеримде жүргөндө ушундан корккон эмес белем? Ошондуктан Таршышка качып жөнөгөм+. Анткени сенин ырайымдуу, кайрымдуу+, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү чексиз Кудай экениңди+, алаамат түшүрөм деген оюңдан кайтарыңды билгем+.
3 Эми, Жахаба, суранам сенден, жанымды ал+, анткени жашагандан көрө, өлгөнүм артык»,— деди+.
4 Ошондо Жахаба ага: «Ачууланганың туурабы?» — деди+.
5 Жунус шаардан чыкты да, анын чыгыш тарабына барып, алачык жасап, шаардын эмне болорун+ көрүш үчүн көлөкөдө күтүп отурду+.
6 Ошондо Жахаба Кудай идиш ашкабак өстүрдү, Жунустун башына көлөкө болсун, кыйналбасын деди+. Ашкабакты көрүп, Жунус абдан кубанды.
7 Бирок эртеси таң атары менен чыныгы Кудай курт жиберди+. Курт идиш ашкабакты жегендиктен, ал куурап калды+.
8 Күн чыкканда Кудай ысык чыгыш шамалын жиберди+. Күн ушунчалык ачуу тийгендиктен, Жунус эс-учун жогото баштады+. Ошондо ал: «Жашагандан көрө, өлгөнүм артык»,— деп жанына өлүм тиледи+.
9 Кудай Жунуска: «Идиш ашкабак үчүн ачууланганың туурабы?» — деди+.
Ал: «Ооба, туура. Ачууланганыман өлгүм келип жатат»,— деди.
10 Ошондо Жахаба ага мындай деди: «Сен өзүң мээнет кылып өстүрбөгөн, бир түндө өсүп чыгып, бир түндө жок болгон идиш ашкабак үчүн кайгырып жатасың.
11 Анан мен кантип оң колун сол колунан айырмалай албаган жүз жыйырма миңден ашык кишиси, көп сандаган малы бар+ улуу шаар Нинебини аябайын?»+