Забур 132:1—18

Шаарга чыгуу ыры. 132  Оо, Жахаба, Дөөтүнү+,Анын нечен жолу кемсинтилгенин эсте+.  Анын Жахабага кандай ант бергенин+,Жакыптын Кудуреттүү Кудайына+ кандай убада бергенин эсте+.  Ал: «Мен үйүмө кирбейм+,Төшөгүмө жатпайм+.  Көз ирмебейм+,Кирпик какпайм+.  Жахабага жай тапмайын+,Жакыптын Кудуреттүү Кудайына улуу чатыр тапмайын тынч албайм»,— деген+.  Мына, биз ал тууралуу Эфратадан укканбыз+,Аны токойлуу талаалардан тапканбыз+.  Келгиле, анын улуу чатырына кирели+,Таман астында таазим кылалы+.  Оо, Жахаба, ордуңан туруп, жашаган жайыңа кел+,Күчүңдү көрсөткөн+ Сандыгың+ менен кел.  Дин кызматчыларың адилдикти кийсин+,Ишенимдүү кызматчыларың шаттансын+. 10  Кызматчың Дөөтү үчүн+Өз майланганыңдын жүзүн четке какпа+. 11  Жахаба Дөөтүгө ант берген+,Антынан эч качан баш тартпайт+.Ал: «Тукумдарыңдын бирин+Сенин тактыңа отургузам+. 12  Уулдарың келишимимди сактаса+,Үйрөтө турган насааттарыма карманса+,Алардын да уулдары+Сенин тактыңда түбөлүк отурат»,— деген+. 13  Анткени Жахаба Сионду тандап алган+,Аны өзүнүн турак жайы кылууну каалап+, мындай деген: 14  «Бул — менин түбөлүк жашай турган жайым+,Өзүм каалагандыктан ушул жерде жашайм+. 15  Мен анын азыгына батамды берем+,Жакырларын нанга тойгузам+. 16  Дин кызматчыларына куткарылуу кийгизем+,Андагы ишенимдүүлөр шаттанышат. 17  Ошол жактан Дөөтүнүн мүйүзүн өстүрөм+;Майланганыма шам чырак камдап койгом+. 18  Душмандарына маскаралык кийгизем+;Ал эми башындагы таажысы+ жаркырайт»+.

Шилтемелер