Забур 136:1—26

136  Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Кудайлардын Кудайына ыраазычылык билдиргиле+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Теңирлердин Теңирине ыраазычылык билдиргиле+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Ал кереметтүү, улуу иштерди жасайт+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Ал асманды акылмандык менен жараткан+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Жерди суулардын үстүнө жайган+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Чоң чырактарды жараткан+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Күндүз башкарсын деп, күндү жараткан+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Түнкүсүн башкарсын деп, ай менен жылдыздарды жараткан+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 10  Мисирдин тун уулдарын кырган+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 11  Ысрайылды Мисирден алып чыккан+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 12  Сунулган күчтүү колу, билеги менен алып чыккан+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү. 13  Кызыл деңизди экиге бөлгөн+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 14  Ысрайылды ортосунан өткөргөн+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 15  Фараон менен анын аскерлерин Кызыл деңизге чөктүргөн+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 16  Өз элин чөлдө жетектеп жүргөн+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 17  Улуу падышаларды ойрон кылган+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 18  Даңктуу падышаларды өлтүргөн+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 19  Аморлуктардын падышасы Сихонду өлтүргөн+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 20  Башандын падышасы Окту өлтүргөн+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 21  Алардын жерин мураска берген+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 22  Кызматчысы Ысрайылга мураска берген+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 23  Басынтылганыбызда бизди эстеген+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 24  Душмандарыбыздын колунан тартып алып, куткарып турган+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 25  Ал тирүү жандын баарына азык берет+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 26  Асман Кудайына ыраазычылык билдиргиле+:Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.

Шилтемелер