Забур 141:1—10

Дөөтүнүн ыры. 141  Оо, Жахаба, сени чакырам+.Мага келүүгө шашыл+.Сени чакырганымда, үнүмө кулак сал+.  Сенин алдыңда+ тиленүүм даярдалган жыпарзаттай болсун+,Колумду көтөрүп жалынганым кечки нан курмандыгындай болсун+.  Оо, Жахаба, оозума сакчы кой+,Оозумдун каалгасына күзөтчү кой+.  Кыянаттык кылгандар менен бирге+Ыймансыздыкка, бузуку иштерге барбашым үчүн+,Жүрөгүмдүн жамандыкка бурулушуна жол бербе+,Алардын чүйгүн тамактарын жебегидей болоюн+.  Мени адил адамдын урганы — мээримдүүлүк көрсөткөнү+,Ашкерелегени — башыма май сыйпаганы+.Мен аны жерибейм+.Кырсыкка кабылышканда, алар үчүн тиленем+.  Эл соттору жардан кулады+,Ал эми эл мени угуп, айткандарымдын жагымдуу экенин түшүндү+.  Отун жарганда жерге түшкөн чамындылардай болуп,Сөөктөрүбүз көрдүн* оозуна чачылды+.  Бирок мен көзүмдү сенден албайм+, оо, Эгедер Теңир Жахаба+.Мен сени баш маана кылдым+.Жанымды өлүмгө кыя көрбө+.  Мени бут алдыма коюлган капкандын тиштеринен+,Кыянаттык кылгандардын тузагынан сактай көр+. 10  Ыймансыздардын баары өздөрүнүн торуна өздөрү түшөт+,Мен болсо кыя өтүп кетем.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.