Забур 142:1—7

Маскил. Дөөтүнүн забуру. Үңкүрдө жүргөндө+. Тиленүү. 142  Үн катып, Жахабаны жардамга чакырдым+,Үн катып, Жахабадан ырайым кылышын сурандым+.  Ага ичимдеги кайгымды төктүм+,Кыйналганымды айтып бердим+,  Ага рухум алсыраганда кайрылдым+.Сен менин жолумду билесиң+.Алар менин баскан жолума+Жашыруун тузак тартышты+.  Оң тарапты карасаң,Мени билгиси келген эч ким жок экенин көрөсүң+.Качып барар жерим калган жок+,Мени сураган да эч ким жок+.  Оо, Жахаба, сени жардамга чакырдым+,«Сен менин баш маанамсың+,Тирүүлөр жашаган жердеги+ энчимсиң»+,— дедим.  Зарлаган үнүмө көңүл бура көр+,Анткени дарманым калган жок+.Мени артыман сая түшкөндөрдөн куткар+,Себеби алар менден күчтүү+.  Ысмыңды даңкташым үчүн+,Жанымды зындандан чыгар+.Мени адил адамдар курчасын+,Анткени сен мага жакшылык кыласың+.

Шилтемелер